Улут саламаттыгын талкалаган инсульт

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстанда жылына 13-15 миңдей адам инсульт болот, анын дээрлик жарымы убагында сапаттуу жардам бере албай көз жумса, калганы сапаттуу калыбына келтирүү борборлору жок, жарым жан жашоого аргасыз. Өлкө инсульттан көз жумгандар, ага чалдыккандар боюнча Чыгыш Европа жана КМШ мамлекеттеринин арасында биринчи орунда. 29-октябрь инсультка каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү.