Президенттик администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайыр Орунбеков 13-октябрда бир топтун эркин медианын жабылышын талап кылган акциясынан кийин "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.
- 13-октябрда "Азаттыктын" кеңсесинин алдында 40тай адам митинг өткөрүп, андагы кызматкерлердин коопсуздугуна коркунуч жараткан чакырыктар да жасалды. Мындай окуяга кандай укуктук баа берилиши керек?
- Укуктук мамлекетте “өрттөйм” деген коркутуулар жана башка деструктивдүү аракеттер кабыл алынбайт. Ошол митингге чыккандар да, тилекке каршы, өлкөбүздөгү сөз эркиндигинин көрсөткүчү. Ошондуктан дагы бир жолу кайталайм – сөз эркиндиги бул оюңа келгенди айтып, башкалардын укугун тебелөө эмес. Бул коом алдындагы чоң жоопкерчилик.
- Жарандык активисттер Адилет Балтабай, Ырыс Жекшеналиевге иш козголгону, Next TV каналынын жетекчисине каршы соттук процесстер өлкөдөгү сөз эркиндигине коркунуч жаралганын көрсөтөт деген кооптонууга кандай баа бересиз?
- Мен аларга карата козголгон иштер тууралуу үстүртөн билем, ички деталдарынан толук кабарым жок, бирок сот адилеттүү чечим чыгарат деген үмүттөмүн. Болот Темировдун ишин эске сала кетсек, сот аны актаган. Соцсетте мурда активдүүлүгү менен айырмаланган жаран катары, азыр мамлекеттик кызматчы катары бир гана нерсеге өзгөчө токтолгум келет- ар бир адам айткан сөзү үчүн жеке жоопкерчилигин толук аңдап, түшүнө билиши керек. Кээде чиновникти сындаганда, анын артында эртеден кечке чейин дем алышсыз талыкпай иштеген чоң жамаат турганын түшүнбөйбүз, алардын да жалаадан коргонууга укуктары бар экенин элес албайбыз. Эч ойлонбой эле жалаа жаап койгондор бар.
Адилетсиз сөздөрдүн жыйынтыгы менен катардагы кызматкерлердин (алар да биздин жарандар) эмгеги жокко чыгып калат. Мен да бир кезде “башка” тарапта болчумун, бийликке сын айтып келгем. Ошол тажрыйбамдан алып караганда да айтаар кеңешим – жеке автордун соцтармактагы популярдуулугуна караганда мамлекеттин бүтүндүгү, коомдун ынтымагы баарынан жогору турат. Ошондуктан өлкөбүз үчүн чогуу аракеттенип, бир пикирге келип, биримдикте болушубуз керек.
Сөз эркиндиги - мамлекеттин ички коопсуздугуна, тышкы саясатына, улуттар аралык биримдикке терс таасирин тийгизбеши абзел. Башаламандыкка үндөө, бийликти басып алууга чакырык кылуу, эл аралык мамилеге жарака кетирүү аракеттерин дагы сөз эркиндиги менен адаштырбоо керек. Мамлекетибиздеги сөз эркиндигин коргойбуз, абдан жогору баалайбыз. Жогоруда айтканда биздин өлкөдө сөз эркиндигин күч менен кысуу мүмкүн эмес. Бул бардык кыргызстандыктардын, баарыбыздын байлыгыбыз.
- Бийликке сынчыл пикир айткан блогерлер жана жарандык коом өкүлдөрү басым-кысымга кабылып жатканына кандай карайсыз?
- Биздин өлкөдө сөз эркиндигин муунтуу мүмкүн эмес. Эгемендик жылдарындагы жетишкендигибиз да ушул сөз эркиндиги, ачык жарандык коомдун күчтүүлүгү. Ошону менен бирге эле сөз эркиндигинин мүмкүнчүлүктөрүн ашыкча пайдаланып, ушак, каралоо, жалаа, жоопкерчиликсиз пикирлер айтылган учурлар дагы болууда. Аны сөз эркиндиги менен байланыштырбоо керек деп эсептейм.
Сөз эркиндигинин чоң жоопкерчилиги бар. Бир жарандын укугу башкалардын укугу башталган жерде бүтөт деген учкул сөздү эске сала кетейин. Айтылган сындар даректүү болсо, саясий, мамлекеттик жооптуу кызматта тургандар терикпеши керек, бул тескерисинче коомдук диалогду жакшыртат. Бул мамлекет үчүн утуш гана болот.
- Жарандык активист Атай Бейшенбектин сиз менен жазышкан катын жарыялаганы коомчулукта талкууга айланды. "Президенттин маалымат саясатын жүргүзгөн адамдын мындай аракети кооптуу. Альтернативдүү пикир айткандарды коркутуу, каралоо саясатын жүргүзүп, фейк фермаларды пайдаланат" деген кооптонуу айтылууда. Бул сындарга кандай жооп бересиз?
- Активист Атай Бейшенбек менен жеке купуялуулук сактала турган, өз ара жазышкан каттын чыгып кетиши боюнча Фейсбук баракчам аркылуу түшүндүрмө бердим. Сөз эркиндиги бар өлкөбүз, Атайы болобу, башкасы болобу токтотуу, тыюу салуу, коркутуу мүмкүн эмес. Альтернативдүү сунуш менен чагымчылдык, манипуляциянын чоң айырмасы бар. Атай болгону маалымат айдыңында манипуляция кылууну мыкты өздөштүрүптүр. Белгилеп кетейин, ага өзү сунуштап жаткан мүмкүнчүлүктөрүн, активдүүлүгүн чогуу мамлекет үчүн буралы деген ой тилек менен кызматташууга чакырдым. Бирок ал жигиттин максаттары - азыр биз менен кызматташууну каалабайт экен. Бул анын тандоосу албетте.
- Сизди "фейк фермалар менен кызматташат" деген сын да көп айтылды. Бул чынбы?
- Бул кызматка келгенге чейин соцтармакта тиги же бул маселеде, деги эле жашоо турмуштагы окуялар боюнча активдүү пикир жазып келгем. Албетте менин активдүү жактоочуларым болгон. Алар фейк эмей эле жүзү ачык, өз пикирлерин ачык билдирген жарандар, кесиптештерим, пикирлештерим. “Фейк фермалар” боюнча сөздөр болбогон кеп. Мындай сөздөр буга чейин, азыр деле соцтармакта активдүү болгондугум менен гана деп түшүндүрө алам. Учурдан пайдаланып ушундай куру доомат, жалаа жапкысы келгендерди жалаадан алыс болууга чакырат элем. Анын үстүнө мен эч качан пикиримди жымсалдап, жашынган эмесмин. Тигил же бул саясатчыны, ишмерди колдосом да, сындасам да ачык пикиримди эч кандайы фейки жок эле өз атымдан ачык билдирип келгем.
- Президенттин маалымат саясаты ачык-айкын жүрүүдө деп айта аласызбы?
- Кайсыл бир маалыматтардын кечеңдеши менен алардын ордун ар кыл жоромол, ушак айыңдар ээлеп кетүү тобокелдиги жогору экенин жакшы түшүнөбүз. Ошондуктан негизги максат - өлкөнүн маалыматтык талаасында вакуум-боштуктарды болтурбоо. Бул максатта өлкөнүн жогорку жетекчилигинин ишмердүүлүгүн коомчулукка ыкчам, жеткиликтүү жеткирүү, коомчулуктун суроо-талаптарына ыкчам реакция кылуу – биринчи кезектеги милдетибиз. Бийлик эч нерсени жашырбайт, баары ачык. Мамлекеттик маалыматтык саясат да ачык. Президентибиз дагы өзү соцтармак аркылуу коомчулук тарабынан топтолуп калган суроолорго жооп берип келет. Башка бийлик бутактарына да, маалымат саясатын жүргүзгөн бизге да ошондой талап коет.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.