Зеленскийдин жубайы олигархтан үй алган

Аялы Елена менен Владимир Зеленский

Украинанын жаңы шайланган президенти Владимир Зеленскийдин жубайы Еленанын айланасында талкууларга жем таштаган дагы бир маалымат чыкты. Елена Зеленская бизнес-магнат Александр Буряктан өтө кооз батирди базар баасынан эки эсе арзан сатып алганы белгилүү болду.

Буга чейин саясатка аралашпаган куудул жана тележылдыз Зеленский 21-апрелде президенттик шайлоодо жеңип чыккан. Зеленский Украинанын бизнесинде жана саясатында басымдуулук кылган бай элитадан обочодо турган адам катары шайлоо өнөктүгүн жүргүзгөн.

Бирок Кара деңиздин жээгинде жайгашкан “Император” аттуу элиталык турак жайдагы батир Зеленскийдин үй-бүлөсү ошол эле бай элитанын мүчөсү менен пайдалуу келишим түзгөнүн ырастап турат.

“Reuters” агенттиги эмне үчүн батир базар баасынан арзан сатылганын тактай алган жок. Зеленский да, анын жубайы да комментарий берүүдөн баш тартышты.

Мамлекеттик мүлк реестринин документтерине ылайык, батирди саткан бизнесмен Буряк да “Рейтерстин” кабарчылары телефон чалганда жооп бербей, жазуу түрүндөгү суроолорду жоопсуз калтырды.

Дагы караңыз Украина биринчи айымын тандайт

Жаңы президенттин жубайы Елена Зеленская Украинанын жарым аралындагы пентхаустагы үч бөлмөлүү үйдү 2013-жылы апрелде 163 893 долларга сатып алган. Бул тууралуу өзү тапшырган декларацияда көрсөтүлгөн.

Зеленская сатып алган үйдүн ар бир чарчы метри 1263 долларга бааланган. Ал эми 2012-жылы domik.ua аттуу украиналык кыймылсыз мүлк сайтында “Император” комплексиндеги батирдин чарчы метри 3500-4000 доллардын тегерегинде болчу.

Ошентип, Зеленская үйдү Александр Буряктан сатып алганы маалым болду. Украина парламентинин мурдагы депутаты Буряк иниси Сергей менен 2010-жылга чейин “Брокбизнесбанктын” акцияларына ээлик кылышчу. Украинанын баалуу кагаздар жана биржалар боюнча комиссиясынын маалыматына ылайык, бир туугандар 2013-жылдын ортосунда акциялардын контролдук пакетин сатып жиберишкен. “Брокбизнесбанктын” мурдагы жетекчилери “банктан акчаны кымырып алган” деп шектелип, 2012-жылдан бери алардын иши тергөөдө.

Зеленскийдин каршылаштары жаңы шайланган президенттин артында олигарх Игорь Коломойский турат деп эсептешет. Коломойский "Эл кызматчысы" сериалын көрсөткөн "1+1" телеканалынын ээси. Бирок олигарх да, Зеленский өзү да мындай дооматтарды четке кагышууда.

«​Игорь Коломойский экөөбүздү телеканалдагы келишим гана байланыштырып турат. Бул – кадыресе көрүнүш. Бул – бизнес», - деген эле Зеленский.

Шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, Буряк ушул жылы Зеленскийдин шайлоо өнөктүгүнө катышкан. Ал Зеленскийдин кичи мекени болгон Кривой Рог шаарында шайлоо күнү байкоочу болгон.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Экзит-полл: Зеленский Порошенкону утту

«Император» комплекси Крымдын Ялта курортунда токойдун ичинде жайгашкан. Турак жай комплексинин кире беришинде таштан жасалган арстандар турат, маңдайында Кара деңиз чалкып жатат.

Украинанын Кыймылсыз мүлк реестринде Зеленская батирдин ээси катары көрсөтүлгөн. Эми болсо бул батир апрелдин этегинде сатыкка коюлуп, 790 668 долларга бааланганы белгилүү болду. Демек батир 2013-жылдагы баасынан төрт эсе кымбат сатылууда жана чарчы метри 5 195 доллар болот.

Зеленскийдин аялы Елена 41 жашта, кесиби - курулушчу, күйөөсүнүн «95-квартал» чыгармачыл тобуна көмөктөшүп келет. Владимир Елена менен мектепте окуп жүргөндө таанышкан. Экөө 20 жылдан бери бирге, эки баланын ата-энеси. 2017-жылы декларацияда Елена Зеленская Крым менен Киевдеги эки батирин, "Mercedes-Benz" автоунаасын жана кымбат баалуу сааттарын көрсөткөн.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.