Буча: көчөдө калган сөөктөр, күйгөн танктар

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Украин бийлиги Киев облусунан орус армиясын сүрүп чыгып, дээрлик өз көзөмөлүнө алганын билдирди. Баскынчылардан бошотулган Буча шаарында ондогон жайкын тургундун сөөктөрү табылды. 3-апрелдин таңында орус армиясы Одесса шаарына ракетадан сокку урду. Ал ортодо Балтика мамлекеттери орус газынан баш тартты.