Украина Каримовдун кайнисин калкалап калды

Абдуллаев Киевдеги сотто

Украина Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримовдун кайнисине башпаанек берди. Абдуллаев эгер аны Өзбекстанга кое беришсе аман калбасын айткан болчу. Расмий Ташкенттин аны өткөрүп алуу далалаты ири суммадагы акча гана эмес, маалыматка байланыштырылууда.

Акбаралы Абдуллаевге Украинанын Миграция кызматы 14-июнда качкын макамын берип, натыйжада ал камактан бошотулду. Бул тууралуу "Азаттыктын" өзбек кызматына Киев прокуратурасынын басма сөз катчысы Надежда Максимец билдирди:

- Биз ал чечимге макул болууга аргасызбыз жана Украина мыйзамдарында каралгандай, качкын макамын алган адамды экстрадициялык камактан бошотобуз. Эми Украина аны экстрадициялоону өтүнгөн тараптын талабын четке кага алат.

Абдуллаев мекенинде аны кыйноолор жана өлүм күтүп жатканын айтып, март айында качкын макамын сураган эле. Украин миграция кызматы кандай негиздерге таянып ага кыска убакытта башпаанек беришкенин билдирүүдөн баш тартты.

Абдуллаев быйыл январда Киевдеги аэропортто кармалган. Жанында Өзбекстан менен Доминикан Республикасынын паспорттору болгон.

Акбарали Абдуллаев маркум өзбек президентинин жесири Татьяна Каримованын иниси. Ал 2013-жылы эле экономикалык кылмыштарга айыпталып, жездеси Ислам Каримовдун буйругу менен кармалган болчу. 2014-жылы 15 жылга кесилип, кийин жаза мөөнөтү 6,5 жылга азайтылган.

"Акбарали баарын билген, үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнө карата көрсөтмө бере ала турган адам"

Абдуллаев камалгандан эки жарым жылдан кийин мунапыс менен үй камагына бошотулган. Коомчулук мындан кабарсыз калган. Ошентип, тунгуч президенттин өлүмүнөн көп өтпөй Абдуллаев мыйзамсыз негизде өлкөдөн чыгып кеткен.

Ушундан соң Өзбекстан прокуратурасы миллиондогон суммада акча кымырган, чет өлкөлүк валютаны жашырган, кылмыш менен табылган акчаны адалдаган, кызматтынан кыянат пайдаланган деп айыптап, эл аралык издөөгө салган.

«Азаттыктын» өзбек кызматынын жетекчиси Алишер Сиддик 33 жаштагы жигиттин айланасында эмне үчүн мынча дуу болуп, өзбек бийлиги ага эмнеге кызыгып жатканын мындайча чечмеледи:

- Акбарали Абдуллаевдин иши эгемен Өзбекстандын тарыхындагы эң чоң иш да болушу мүмкүн. Сөз кеминде 800 млн доллар жөнүндө болуп жатат. Бул прокуратура ишке тиркеген эле сумма. Акбарали Фергана өрөөнүн, же эң чоң өндүрүштү - мунайды, кварцты кайра иштетүүчү ишканаларды жана башкаларды көзөмөлдөп турган. Ал эми тапкан акчаны, өзбек сумун чет элдик валюталарга которуп турушкан. Кантип? Өзбекстанда сыртка акча которуу боюнча каржы системасы жок. Ошондуктан акча жүк ташуучу машинелерге жүктөлүп чыгарылып турган. Прокуратуранын ишинде ал акча сакталган жашыруун кампалар болгону да айтылат. Ошентип бул иштин фигуранты Өзбекстандан жоголуп кетет. Кеп бул жерде акчада эле эмес, маалыматта. Башкача айтканда, Акбарали баарын билген, үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнө карата көрсөтмө бере ала турган адам.

Украина менен Өзбекстан 1993-жылкы Минск келишимине ылайык, бири- бирине укуктук жардам берүүгө милдеттүү.

Ошол эле учурда Украина Европарламенттин мүчөсү. Адам укуктары боюнча Европа конвенциясындагы милдеттенмесине ылайык, кайсы бир адамды кыйноо же адамгерчиликсиз мамиле күтүп турган өлкөгө өткөрүп бербейт.

Улуттар Уюмунун Кыйноолор боюнча комитети Өзбекстандын тергөө изоляторлорунда жана абактарында кыйноолор кеңири жана такай колдонуларын эскертип келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.