Апта башында баш прокурордун кызматынан алынган Рашитжон Кадыров бийликтин эң жогорку тепкичинде узак отурган саналуу адамдардын бири эле.
Ал президент Ислам Каримов марттын соңунда кайра шайлангандан кийин алгачкылардан болуп кызматтан алынышы айрым бир суроолорду жаратпай койгон жок.
Борбор Азияга адистешкен орусиялык журналист, Москвада чыгуучу “Независимая газетанын” баяндамачысы Виктория Панфилова “Азаттык” менен маегинде өзбек президентинин башкы прокурорду алмаштыруу чечимин режимдин ичинен болсо да команданы жаңылоо аргасы катары сыпаттады:
- Каримов эми эле шайланып, жаңы эле кызматка киришти, жаңы команда келип жатат деп айтуу мүмкүн эмес да. Ошентсе да команданын ичин алмаштыруу зарылчылыгы бышып жетилгендей. Анткени бийликтин транзити жөнүндө ойлонуу керек. Өкмөттө, бийлик структураларынын биринчи тепкичтеринде келечекти көздөй чогуу барууга боло турган жаңы жүздөр талап кылынгандай. Бирок таяна турган, алмаштыра турган адам аз эле болгондуктан эски карталарды эле орун которуштуруу жүрүүдө.
Жери боюнча анжияндык, 63 жаштагы Рашитжон Кадыров Өзбекстандын башкы прокурору кызматын 2000-жылдан бери аркалап келаткан.
Учурда Кошмо Штаттарда жашаган өзбекстандык саясат таануучу жана мурдагы дипломат Ташпулат Юлдашев “Азаттык” менен менен маегинде Рашитжон Кадыров Өзбекстандын эң бай адамдарынын бири экенин да эске салды:
- Аны Конституциялык соттун мүчөсү кылып жөнөтүштү. Бул Өзбекстанда эч кандай ролу жок эле орган. Мындан ары эмне болору белгисиз. Кадыров Өзбекстандагы доллардык милллиардерлердин катарында бар. Үй-бүлөсү он чакты мамлекетте кыймылсыз мүлккө ээлик кылары айтылып жүрөт. Абдан бай адам. Кызматтан түшкөндөн кийин бизнесин тартып алып коюшкан жогорку чиновниктердин тагдырын кайталайбы-жокпу, азырынча айтыш кыйын. Негизи Өзбекстандын практикасында атайын кызматтан чыккан генералдар менен полковниктердин бизнесине тийишишпейт.
Башкы прокурорлук кызматтан алынган Рашитжон Кадыров 1990-жылдары Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматында төрага орун басары болгон. Анын ордуна башы прокурор болуп буга чейин президенттин мамлекеттик кеңешчиси кызматын аркалаган Ихтиёр Абдуллаев дайындалды.
49 жаштагы Ихтиёр Абдуллаев, интернет сайттарда жарыяланган өмүр баянына ишенсек, Өзбекстандын эң кубаттуу мекемеси - атайын кызматтын системасында иштеген эмес.
Баш прокурордун алмашуусунан улам Өзбекстандын өзүндө президент Каримовдун үй камагында отурат делген кызы Гүлнараны кайра актоо жараяны башталбайбы деген суроолор жаралды?
Учурда Лондондо жашаган өзбекстандык саясат таануучу Алишер Илхомов мындай дейт:
- Эгер алар (өзбек бийликтери) Гүлнараны актап коюшса, ал өлкөдөн чыгууга укук алат. Ошол эле учурда четте Гүлнаранын сотко бери дегенде күбө же кылмышка шектүү катары тартылышына жол ачылмакчы. Бул президент Каримов үчүн ыңгайсыз абал. Учурда Европа өлкөлөрүндө жүрүп жаткан, жакында АКШда башталган тергөө аягына чыгып, бир жаңсыл болмоюнча Гүлнаранын Өзбекстандагы иши азыркыдай эле арсар абалда узак убакытка чейин тура берсе керек. Гүлнаранын кандайдыр бир жол менен четке чыгып кетиши, Өзбекстандагы саясий режим өтө чоң тобокелчилик катары карайт. Андыктан үй камагы деген формула азыркы шарт үчүн абдан оптималдуу болуп турат. Өзбекстандын өзүндө Гүлнарага айып коюлган эмес, сот баштала элек. Менимче, маселе ушундай эле абалда создуктурула берет.
Гүлнара Каримованын өзү Өзбекстандын Башкы прокуратурасы тарабынан былтыр сентябрда кылмышка шектүү катары аталган. Буга чейин анын Өзбекстанда бир нече кызматташтары, бизнес өнөктөштөрү соттолгону кабарланган.
Гүлнара Каримованы аны менен байланышы бар адамдар соттолгонун, Европада тергөө иштери жүрүп жатканын эске алганда Өзбекстандын өзүндө актап, күнөөсүз деп жарыялоо тез эле мүмкүн эместигин "Азаттык" менен маегинде орусиялык журналист Виктория Панфилова да белгиледи.