Украин президенти Петро Порошенко Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсондун Киевге сапарын АКШнын Украинага карата кубаттуу колдоосунун белгиси катары баалады.
Порошенко менен Тиллерсон 9-июлда Киевде жолугушту. Ошол эле күнү уюштурулган маалымат жыйынында Тиллерсон Кошмо Штаттар эки жыл ичинде Украинадагы кризисти жөнгө салуу максатында кабыл алынган Минск келишиминде эч кандай прогресс байкалбаганына тынчсызданып жатканын айтып, бул боюнча күнөөнүн көп бөлүгүн Орусияга оодарды. Ал ошондой эле Украинанын чыгышындагы кризисти чечүү боюнча АКШнын атайын элчиси дайындалганын маалымдады.
- Биз Минск келишиминин алкагында прогресстин болбой жатканына нааразыбыз. Ошол себептен кошумча көңүл буруу үчүн атайын өкүлүбүздү - Курт Фулькерди дайындайбыз. Биз Норман төрттүгүнө кирген мамлекеттер менен биргеликте, ошондой Украина жана Орусия менен өз алдынча прогресске жетүүнүн, тез жетүүнүн башка жолдорун да караштырып көрөбүз.
7-июлда АКШ президенти Дональд Трамп жана Орусиянын лидери Владимир Путин Германияда өткөн "Чоң жыйырманын" саммитинин алкагында жолугуп, бир катар темаларды, анын ичинде Украинанын чыгышындагы кырдаалды да талкуулашканы маалымдалган.
Бир күн мурда Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Твиттердеги баракчасына анын Гамбургда Владимир Путин менен жолугушуусунда санкциялар талкууланбаганын жана Украина менен Сирия маселелери чечилмейинче эч нерсе өзгөрбөй турганын жазды. Трамптын жазгандарын мамлекеттик катчы Тиллерсон дагы Киевде ырастады.
- Биз Орусияны Минск макулдашуусунун алкагында өзүнө алган милдеттенмелерин аткарып, ал көзөмөлдөгөн жикчилдерге таасир этүүгө чакырабыз. Ошондой эле Орусияны өзүнүн ишенимдүү адамдарына кайрылып, Украинанын чыгышында уланып жаткан зомбулукту токтотууга чакырсын деп үндөйбүз.
Тиллерсон Вашингтон Украинанын аймактык бүтүндүгү толук калыбына келмейин Орусияга каршы киргизилген санкцияларды албастыгын кошумчалады. Мамлекеттик катчы Киевди экономикалык жана коррупцияга каршы реформаларды уланта берүүгө чакырды.
Ал эми президент Петро Порошенко Украинадагы согушту Москва баштагандыктан аны өзү жөнгө салышы керектигин билдирди.
- Бул согушту Киев баштаган жок. Орусиянын аймагына украин аскерлери кирген жок. Бул согушту биз ойлоп таап, биз баштаган жокпуз. Жаңжал Орусияда пландалып, ошол жактан башталды. Ошол себептен анын тынч жайгарылышынын ачкычы да Москванын колунда.
Украинанын чыгышындагы өкмөттүк армия менен Орусиянын колдоосуна ээ жикчилдердин согушу 2014-жылдын жазында башталып, андан бери 10 миңдей адамдын өмүрүн алды. Тиллерсон Киевден 9-июлдун кечинде чыгып Түркияга сапар алды. Ал жактан Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен жолукту.