Украина: Ок атышуу токтошу Орусияга көз карандыбы?

Украина -- Президент Порошенко Святогорск шаарына жакын жердеги аскер лагеринде., 20-июнь, 2014.

Президент Порошенконун тынчтык планына ылайык, Украинанын чыгышында ок атышуу токтогону жарыяланганына үчүнчү күнгө аяк басууда. Орусия бул планды колдогону менен ок атышуунун токтошу ультиматум эмес, сүйлөшүү жана саясий жараян менен коштолуусу керектигин айтып чыкты. Мындан улам Киевдин тынчтык планынын келечеги кандай болот деген да суроолор чыгууда.
Украин президенти Петро Порошенконун жарыясына караганда, өлкөнүн коопсуздук күчтөрү түштүк-чыгыш аймактарындагы антитеррордук операцияны, башкача айтканда ок атышууну бир тараптуу түрдө 20-июнь, жергиликтүү убакыт боюнча саат 22:00дөн тарта токтотту. Порошенконун ырастоосунда, бул кадам армия мамлекеттик чек аранын Донецк жана Луганск облустарындагы бөлүгүнө толугу менен көзөмөл орноткондон кийин жасалууда.

Бери дегенде 27-июнга чейин созулуучу бул чаранын максаты тууралуу Петро Порошенко ишемби күнү кечинде калкка жасаган кайрылуусунда буларды белгиледи:

- Азыр бизде мыйзамсыз куралдуу топторго каршы чечкиндүү сокку ургудай жетиштүү күч да, саясий эрк да бар. Бирок экинчи жагынан биз Украинанын аскер күчтөрү менен Донбасстын жайкын тургундары арасындагы ыктымал жоготуунун масштабын акыл-эстүүлүк менен эске алып жатабыз. Алар (жөн-жай тургундар) иш жүзүндө куралчандардын колунда барымтада турушат. Мен тынчтык планын мына ушундан улам сунуш кылдым. Орусиялык жалданмалар мекенине чегинип кетүүсү үчүн аларга коридор ачылат. Бирок бир шарт менен. Пулеметтер, танктар, БТРлер, ракета атуучу “Град” системалары бул жерде калат. Украин чек арасында он чакырымдык буфердик зона түзүлөт. Бул Украинаны жалданмалар менен куралдын киришинен коргоо үчүн жасалат.

Украин президенти телекайрылуусунда бийликти борбордон ажыратууну, салыктарды кайра бөлүштүрүүнү, Еврошаркеттин жардамы менен жумушчу орундарын түзүүнү, орус тилин мамлекеттик тил менен катар колдонуу укугун камсыздоону, бийликтин мыйзамдуу талаптарына баш ийген жикчилерге кечирим берүүнү да убада кылды:

- Жакынкы күндөрү Жогорку Радага мыйзам сунуш кылынат. Адамдарды жана украин аскерлерин өлтүрбөгөндөр, талап кылынган мөөнөттө куралсыздангандар кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат. Куралды мыйзамсыз алып жүргөндөрдүн баары мына ушуну жасоосу керек. Барымтадагылардын баары: эл аралык байкоочулардан тартып, украин мугалимдери, дарыгерлер, журналисттер, укук коргоо органдарынын кызматкерлери бошотулуусу абзел.

Петро Порошенко эгер ок атышууну бир тараптуу түрдө токтотуу менен башталган план ишке ашпай калса, бийликте буга альтернатива бардыгын да кошумчалады.

Анткен менен украин президентинин сөздөрүн өзүн чыгыштагы жикчилердин лидерлеринин бири, “губернатор” атаган Павел Губарев орус телеканалындагы маегинде жокко чыгарды. Анын ырастоосунда, ок атышуу токтободу, украин күчтөрү президенттин буйругун аткарган жок.

Украин чек ара кызматынын маалыматына караганда, 21-июнга караган түнү согушкерлер Донецк облусунун аймагында, эки чек ара бекетине жана бир аскерий базага кол салышкан. Андан тогуз чек арачы жаракат алышты.

Бул аралыкта Кремль Порошенконун тынчтык планын колдогондой түр көргөзгөнү менен ал “ультиматум” эмес, сүйлөшүүлөр менен коштолуусу керектигин каңкуулады.

Президент Владимир Путин өзү кечээ Москвада кабарчылар менен маектешип жатып буларды айтты:

- Акыр аягында эң башкысы - саясий жараян. Бул элдешүүнүн негизинде каршылашкан тараптар ортосунда диалог жүргөнү маанилүү. Баары кабыл алгыдай мунаса табылуусу керек. Украинанын түштүк-чыгышында жашаган калк өлкөнүн ажырагыс бөлүгү, жарандык укуктардын барына ээ экендигин жана ал укуктары кепилденээрин сезүүсү абзел.

Президент Порошенко өлкө чыгышындагы аймактык лидерлер менен жолуккан, бирок жикчилдердин лидерлери менен түз диалогго баруудан баш тартып, телекайрылуусунда Украинанын аймактык бүтүндүгү талкуулангыс маселе экенин белгилеген.

Бул аралыкта Украинанын мурдагы үч президенти: Леонид Кравчук, Леонид Кучма жана Виктор Юшенко Путинге ачык кат жолдошуп, аны Украинга каршы “агрессиясын” токтотууга чакырышты.