Украин оппозициясынын эскертүүсү
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Киевдин негизги аянтында миңдеген адамдардын катышуусунда оппозициянын ири митинги өтүүдө. 7 жылга кесилен мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенко оппозицияны бийлик менен сүйлөшүүгө барбоого үндөдү. Анын кайрылуусун кызы окуп берди. Анда президент Виктор Янукович мыйзамдуулугун жоготконун жана оппозициянын максаты - аны кызматтан кетирүү экендиги жазылат. Оппозиция эки күндүн ичинде кызматтан кетпесе, президенттин резиденциясына кеткен жолдор бууларын эскертүүдө.