Украинанын чыгышында уруш кайра күчөйбү?

Донецктин жикчилдер көзөмөлдөгөн аймагындагы аскерий унаалар. 12-ноябрь, 2014-жыл.

НАТО акыркы эки күндөн бери Украинанын чыгышына орус күчтөрү жана техникасы киргенин ырастоодо. Орусиянын Коргоо министрлиги бул билдирүүнү төгүндөп, ага эч далили жоктугун айтып чыкты.

Ал эми украин тарап күтүүсүз чабуул болушу мүмкүндүгүн билдирүүдө. Ок атышууну токтотуу макулдашуусуна карабай акыркы күндөрү Украинанын чыгышында артиллериялык атышуулар күч алды.

НАТОнун Европадагы бириккен күчтөрүнүн командачысы, генерал Филипп Бридлав кечээ Софияда жүргөн жеринен Украинанын чыгышындагы кырдаал боюнча буларга токтолду:

- Акыркы эки күндө биз да ЕККУ маалымдаган нерселерге күбө болдук. Биринчи кезекте орусиялык техника, танктар, орус артиллериясы, абадан коргонуу системалары, орус аскерлери Украинага киргенин көрдүк. Алардын саны боюнча бизде так маалымат жок, биз бир нече кербенди көрдүк, ЕККУнун маалыматтарына макулбуз.

Алардын кыймылына, турган жерине кылдат байкоо жүргүзүп жатабыз. Албетте биз күтүүсүз аракеттерге даяр турушубуз керек.

НАТОнун алдында ЕККУнун мониторинг миссиясы 11-ноябрда орусиячыл козголоңчулардын колундагы Донецк шаарына замбиректерди, бир нече ракета атуучу системаларды чиркеген аскерий унаалардын кербени киргенин маалымдаган.

ЕККУнун баш катчысы Ламберто Заньер кечээ Брюсселден кабарчыларга буларды айтты:

- Биз жеринде көргөн нерселерден улам тынчсызданып турабыз. Мунун бир нече себеби бар. Максатыбыз башынан эле кырдаалды жөнгөрүүгө көмөктөшүү эле, иш жүзүндө болсо кырдаал курчуп жатат. Биз ок атышууну токтотуу келишими камтыган аймактарга аскерий техника кирип жатканына күбө болуудабыз.

ЕККУнун байкоочу тобу кечээ алардын аралыктан башкарылган учуучу аппараттарынын бир нечеси орусиячыл жикчилдер тарабынан атып түшүрүлгөнүн да маалымдады.

Донецктин чыгышында замбирек сүйрөгөн, белгиси жок аскерий унаа. 11-ноябрь, 2014-жыл.

ЕККУ өкүлдөрүнүн айтымында, алар учуучу аппараттарды ок атышууну токтотуу макулдашуусу кандай сакталып жатканына, жалпы эле Украинанын чыгышындагы коопсуздук кырдаалга көз салуу үчүн 24-октябрдан тарта пайдалана башташкан.

Орусия тараптан жикчилдерге кошумча техника жана күч келгендиктен улам украин тарап алар жикчилдердин ыктымал чабуулуна даярданып жатканын айтууда. Өлкөнүн коргоо министри Степан Полторак кечээ өкмөттүн жыйынында буларды билдирди:

- Алардын кыймылына, турган жерине кылдат байкоо жүргүзүп жатабыз. Албетте биз күтүүсүз аракеттерге даяр турушубуз керек. Мындай күтүүсүз аракеттерге кандай реакция жасашыбыз мүмкүн? Менимче биз жасай ала турган жалгыз иш - согуштук аракеттерди жүргүзүүгө даяр туруу.

Талдоочулардын баамында, Украинанын чыгышында атышуулар күчөшүнүн эки себеби болушу мүмкүн. Биринчиси - жикчилдердин алар жарыялаган “Донецк жана Луганск элдик республикаларынын” турмуш-тиричилигин камсыздоочу жайларды ээлөө аракеттери. Андай жайлар анчалык чоң эмес кубаттуулуктагы жылуулук жана электр станциялары.

Экинчиси - Москванын жикчилдерге кошумча аймак кошуу мүдөөсү. Бул өз кезегинде Орусияга быйыл мартта аннекцияланган Крым менен кургактан байланышууга жол ачышы керек. Азыр Крым менен байланыш аба же Кара жана Азов деңиздери аркылуу гана ишке ашырылууда. Ал эми кургактан байланышуу Орусиянын Крымды жабдуусун кыйла жеңилдетет. Мына ошондой жер порттук Мариуполь шаары. Донецк облусунун аймагындагы Мариуполь азыр өкмөттүк күчтөрдүн көзөмөлүндө.

Украинанын түштүк-чыгышында быйыл апрелде уруш башталгандан бери 4000ден ашуун кишинин өмүрү кыйылды.