Жума башында немис канцлери Ангела Меркел менен жолуккан украин президенти Петро Порошенко Орусияны да, НАТОну да ойлонткон билдирүү менен чыкты. Ал Түндүк-атлантикалык альянска мүчө болуу маселеси боюнча Украинада референдум өткөрүүнү көздөп жатканын Германиядагы Funke Mediengruppe гезитине айтты. Порошенко төрт жыл мурда НАТОну украин калкынын 16 пайызы гана колдосо, азыр бул сан 54 пайызды түзөөрүн белгиледи.
“Президент катары мен элимдин көз карашына ылайык иш алып барам. НАТОго мүчөлүк боюнча референдум өткөрөм”,-деди Порошенко.
Ал украин эли Түндүк-атлантикалык аскердик-саясий блокко кошулууну чечсе, өлкөнүн армиясы 2020-жылга чейин уюмдун стандарттарына шайкеш келип калаарын кошумчалады.
Орусия колдогон жикчилдер менен кармашып келе жаткан өлкөнүн президенти НАТО Украина үчүн маанилүү экенин өткөн айдагы Давостогу жыйында да белгилеген эле:
“Мындай шартта дүйнөдө коопсуздукту камсыз кылууда бир гана натыйжалуу инструмент калды. Ал – НАТО. Менимче, мыкты кызматташтык, анын ичинде коопсуздук жана коргонуу жаатындагы кызматташтык Украина үчүн жана дүйнөлүк коопсуздук үчүн өтө маанилүү”.
Петро Порошенконун НАТО боюнча референдум өткөрүү демилгеси Украинанын чыгышындагы Авдеевка шаарчасында жикчилдер менен кармаш күчөгөн учурга туш келди. Соңку беш күндөгү атышуулардан ондон ашык украин аскери мерт болду. Кармашты баштады деп украин өкмөтү менен Орусия колдогон жикчилдер бири-бирин айыптап жатышат.
Чатак токтой элек өлкөдөгү НАТО тууралуу пикирлердин күңгөй-тескейин украиналык политолог Валентин Войтков “112” агенттигине түшүндүрүп берди:
“Мындай билдирүү эмне үчүн чыкканын түшүнүп турам. Петро Порошенко референдумдун жыйынтыгын жүйө кылып эл аралык өнөктөштөргө кысымды күчөткүсү келет. Чындыгында сурамжылоолор элдин басымдуу бөлүгү НАТОго кошулууну колдоорун көрсөтүп жатат. Ошол эле учурда үчтөн бири бул маселени колдобойт. Натыйжада бул суроо коомдогу ажырымга жол ачат. Бул позиция терс кесепеттерге алып келиши мүмкүн. НАТО баштаган эл аралык өнөктөштөргө маневр жасоого мүмкүнчүлүк бербейт”.
Үч жыл мурдагы “Евромайдан” окуяларынан кийин бийликке келген украин жетекчилери Крымдын аннексиясынан бери Европа Биримдиги жана НАТОго жакындоо аракетин көрүп келет.
Президент Порошенко соңку маегинде Европа Биримдигине кошулуу маселесинде Украина жылыш жасап жатканын, ал үчүн бюджет тартыштыгын азайтып, коррупцияны тизгиндегенин айтты. Деген менен Украинанын Евробиримдик менен сүйлөшүүлөрү азырынча визасыз каттамды талкуулоо менен гана чектелип жатат.
Мындан тышкары АКШ президенти Дональд Трамптын Орусия менен алаканы жакшыртуу чакырыктары украин өкмөтүн тынчсыздантпай койгон жок. Политолог Валентин Войтков Трамптын бийликке келиши менен НАТО уюмунун өзүндө өзгөрүүлөр болушу мүмкүндүгүн айтат:
“НАТО азыр эч бир шартта Украинаны кабыл албайт. Украинанын НАТОдогу мүчөлүгү алдыдагы 10-20 жылдын маселеси. Мындан тышкары азыр альянстын өзүндө маселе бар. АКШнын жаңы администрациясы бул уюм эскирди деп, аны каржылоону азайткысы келет. Америка уюмду Европа көбүрөөк каржыласын деп жатат. Андыктан 10-15-жылдан кийин НАТО кандай өзгөрөөрүн эч ким билбейт. Бүгүн уюм Орусия менен мамиленин курчуп кетишин каалабайт”.
Украинада 2013-жылдын аягы жана 2014-жылдын башындагы “Евромайдан” окуяларынан кийин президент Виктор Янукович өлкөдөн качкан. Көп өтпөй Орусия референдум өткөнүн жүйө кылып, Крымды аннексиялап алган. 2014-жылдын апрель айында Украинанын чыгыш облустарында Орусия колдогон жикчилдер менен өкмөттүк күчтөрдүн ортосунда жаңжал тутанып, аягы урушка айланып, андан бери баш-аягы он миңге чукул адамдын өмүрү кыйылды.