Расмий Москва соңку билдирүүгө реакция жасаган жок, бирок мурдараак мындай айыптоолорду куру сөз катары мүнөздөгөн. Бул аралыкта орус жана украин бийликтери өз милдеттенмелерин аткарбаганы үчүн бири-бирин күнөөлөшүүдө.
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг кечээ Брюсселде буларды айтты:
- Биз мурдагыдай эле Орусия Украинаны дестабилдештирип жатканын, аскерлердин, жабдуулардын, танктардын, артиллериянын, абадан коргонуу боюнча заманбап системалардын кыймылын көрүп жатабыз. Биз Орусияны өз күчтөрүн Чыгыш Украинадан алып кетүүгө жана Минск келишимин урматтоого чакырабыз.
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Орусия үчүн Украина боюнча алдыда эки жол барын кошумчалады. Биринчиси - чечимге тынчтык жолу менен алып баруучу сүйлөшүүлөргө аралашуу. Экинчиси - изоляцияда калган багытты улантуу.
НАТОнун баш катчысына чейин орус армиясынын күчтөрү жана техникасы Украинанын жикчилдер карамагындагы аймагына кирип жатканын Түндүк атлантикалык альянстын Европадагы күчтөрүнүн командачысы, генерал Филипп Бридлав да айтып чыккан болчу. Жикчилдер карамагындагы аймактарда оголе көп санда орус аскерлери жүргөнүн кечээ украин премьер-министри Арсений Яценюк да белгиледи.
Орусиянын дарегине багытталган бул соңку айыптар президент Владимир Путин "Чоң жыйырманын" Австралиядагы саммитинде Украинадагы жикчилдерди тикелей колдоодон баш тартканы үчүн басымга кабылган тушта чыгууда.
Орус бийликтери артиллерияны, абадан коргонуу системаларын чиркеген номурсуз аскерий унаалар, Украинада курман болгон орус жоокерлери жөнүндөгү маалыматтарга карабай, алардын коңшу мамлекеттеги аскерий ролу тууралуу ырастоолорду такай төгүндөп келишет. Бирок президент Путин Германиянын ARD телеканалына курган маегинде жикчилдер өкмөттүк күчтөрдүн чабуулуна кабылуу коркунучу астында турганын, эгер зарыл болсо Орусия аларга жардам берерин ачык эле ишара кылды.
Бул аралыкта Москва жана Киев буга чейинки милдеттенмелер аткарылбаганы, Украинанын түштүк-чыгышында түзүлгөн кырдаал үчүн кайрадан бири-бирин күнөөлөштү. Украин өкмөт башчысы Арсений Яценюк эгер Донецк менен Лугансктын жикчилдер көзөмөлдөгөн райондору гуманитардык катастрофага кабылса, жоопкерчилик Москвага жүктөлөрүн эскертти.
Ал райондорго Киевден барган гумжардам киргизилбей жатат деп ырастаган Яценюк ок атышууну токтотуу боюнча 5-сентябрда жетишилген Минск келишиминин негизги шарттары аткарылбай калганына көңүл бурду:
- Минск келишиминин негизги жобосу – орус-украин чек арасында көзөмөлдү калыбына келтирүү, Орусиядан Украинанын аймагына курал келишин токтотуу, орус армиясын, орус террорчуларын Украинадан чыгаруу иши аткарылган жок. Бизде Минсктен башка келишим болбогондуктан Орусия бүткүл дүйнөгө берген убадаларын, кол койгондорун аткарышы абзел.
Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров, тескерисинче, расмий Киевди социалдык төлөмдөрдү жибербөө, мамлекетик институттарды жабуу менен жикчилдер көзөмөлүндөгү аймактарды муунтууну көздөп жатканы үчүн айыптады. Ал кечээ оболу Киевде, андан соң Москвада болгон немис тышкы иштер министри Франк Вальтер Штайнмайер менен кездешкенден кийин буларды айтты:
- Азыр башкы максат - түштүк-чыгыштагы куралдуу тирешти токтотуу эки тарапты ажыратып, оор техниканы алып кетүү. Буга толук макулмун. Бирок узак мөөнөттүү стабилдүүлүктү ойлогондо, улуттук биримдик, улуттук элдешүү максаттарын унутта калтыруу жарабайт. Ошол эле учурда конституциялык реформаны эстен чыгарбоо керек. Мунун зарылдыгына Украина өзү Женевада 17-апрелде кол коюп берген.
Украин тараптын кечээги билдирүүсүнө караганда, акыркы бир сутка ичиндеги атышуулардан алар кеминде беш аскерин жоготкон. Расмий эсепте, уруш башталган апрель айынан бери Украинанын чыгышында 4100дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылды.