Түндө Киевде полициянын атайын күчтөрү нааразылык акциясы өтүп жаткан Төбөлсүздүк аянтын курчоого алды.
“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчылары жана бир нече жергиликтүү маалымат булактарынын кабарлашынча, полиция аянттагы баррикадаларды бузууга аракет кылып, бирок андан майнап чыккан жок.
Ал ортодо Украинадагы абалды жөнгө салуу үчүн өлкө президенти Виктор Янукович өлкөнүн мурдагы президенттери менен, ал эми оппозиция лидерлери АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Виктория Нуланд менен сүйлөшүү жүргүздү. Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук боюнча комиссары Кэтрин Эштон дагы Киевге эки күндүк визит менен келди.
Виктор Янукович кечээ өлкөнүн экс-президенттери Леонид Кравчук, Леонид Кучма жана Виктор Ющенко менен саясий кырдаалды талкуулады. Янукович жолугушуунун теледен көрсөтүлгөн бөлүгүндө:Жакынкы күндөрү бийлик,оппозиция жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышкан тегерек үстөл болору күтүлүүдө. Янукович шаршемби күнү Евробиримдик менен ассоциациялык келишимге кол коюу боюнча сүйлөшүүлөр башталышы мүмкүн экенин жарыялады.
Ал ортодо Жогорку Раданын өкүлдөрү аткаруучу бийликтин өкүлдөрү менен саясий туңгуюктан чыгуу жолдорун талкуулашты. Оппозиция аталган талкууга катышкан жок.
Ошол эле учурда АКШнын мамкатчысынын орун басары Виктория Нуланд Киевде европачыл оппозициянын лидерлери Виктор Яценюк, Виталий Кличко жана Олег Тягнибок менен жолугушту.
Сүйлөшүүдөн соң ал кабарчыларга:
«Батькивщина» оппозициялык парламенттик фракциясынын жетекчиси Арсений Яценюк "Евробиримдиктин жетекчилерин украин оппозициясы менен бийлик ортосундагы сүйлөшүүгө ортомчу катары чакыруу керек",- деген пикирин билдирди.
Ошентип, украин делегациясы шаршемби күнү Брюсселге барат. Ал арада Киевде евроинтеграциянын жактоочуларынын митинги уланууда. Орусиянын парламенти чет өлкөлүк саясатчылар Украинанын ичи ишине кийлигишпөөсү керек деген таризде билдирүү жасады.