Украина: митингчилердин тараар түрү жок

Жогорку Рада имаратынын жанында тигилген чатыр. 18-октябрь, 2017-жыл

Украинанын борбору Киевде нааразылык жыйынга чыккандар өлкөдө чыныгы демократиялык реформаларды жүзөгө ашырууну талап кылышты.

Украинада кайрадан митингдер. Шейшембиде парламент алдына чыккандар депутаттардан кол тийбестикти алып салууну, сот жана шайлоо тутумдарына реформа жасоону талап кылышууда. Алардын айрым талаптарын президент да колдоп жатат.

Киевдин борборуна 17-октябрдын кечинде тигилген чатырлар дале алына элек. А тургай музыка жаңырып, шашпай тамак жасап жатышат.

- Азырынча менюбуз бай эмес. Капуста алып келишсе, салат жасайлы деп атабыз. Борщ да кайнатабыз. Элден чогулган жардамдан жасап атабыз, – дейт талаа ашканасынын жанында турган мурутчан киши.

Мында келгендердин түрү олуттуу. Талаптары аткарылмайынча кетпейбиз деп көшөрүшөт.

Алардын бири Богдан Лозутский:

- Биздин негизги талабыбыз - парламент алигиче колдоодон баш тартып келген үч мыйзам долбоорун кабыл алуу. Бул парламент депутаттарын кол тийбестиктен ажыратуу, антикоррупциялык сот түзүү, анан албетте шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү. Ушул мыйзамдарды кабыл алмайынча тарабай тура беребиз. Бир ай керек болсо - бир ай, эки ай зарыл болсо - эки ай.

Саакашвили митингге катышмакка коопсуздук үчүн коюлган алкактан өтүүдө

Аларды баштап чыккандардын бири - Грузиянын экс-президенти, Одессанын экс-губернатору Михаил Саакашвили. Ал президент Петро Порошенконун бийликтен кетишин да талап кылышы керек дейт:

- Өлкөдө эч нерсе жакшы жагына өзгөрбөстүгүн бөркүбүздөй көрүп калдык. Жок дегенде өткөн үч жылда деле түшүнүшүбүз керек эле. Порошенко турганда өнүгүү болбойт. Порошенко турганда жемкорлук менен күрөш да болбойт.

Полициядан коргонгон акция катышуучулары

Адеп чатырларды тигип атканда, демонстранттарга полиция тоскоолдук кылып, ортодогу кагылыштан он чакты адам жабыркаган. Ошондон кийин демонстранттар "убактылуу айылын" курчап, полицияны киргизбөө аракетинде. Бирок андан бери күч түзүмдөрүнүн жетекчилери митингчилерди түшүнөрүн, а тургай сыйларын билдиришип, чатырларды алдырбоо убадасын беришти.

Миңден ашуун киши катышкан демонстрация учурунда коопсуздукту көзөмөлдөөгө 3,5 миңдей тартип сакчысы тартылган. Жагдайга жараша алардын саны өзгөрүүдө.

18-октябрда парламент ичинде талкуу кызуу болду. Ачуусун кармай албаган айрымдар сөгүнүп да жиберишти.

Депутат Олег Ляшко митингчилердин талабын колдой турганын билдирип, бирок аларды ээрчиткендерди катуу сынга алды:

Олег Ляшко

- Тимошенко дагы, Саакашвили дагы, башка дагы саясий маргиналдар эл үчүн күрөшүп жаткан жок. Эгер элдин таламын талашса, айлык акы менен пенсия маселесин көтөрүп чыгышмак. Өздөрү үчүн, бийлик үчүн күрөшүүдө. Жыйынтык чыгаргыла, акмактар.

Рада ошентип кол тийбестик маселесин 19-октябрда карай турган болду. Кол тийбестикти алып салуу сунушун президент Петро Порошенко да колдоду. Бирок ал парламентти демитпөөнү өтүнүүдө:

- Бул үчүн эмне керек? Жогорку Раданын тынч иштөөсү гана жетиштүү. Анткени «матрос Железняктын принциптери» демократиялуу өлкөнүн парламентине өтпөйт. Биз бүгүн бардык демилгелер менен кызматташууга ачыкпыз. Демек, ачык эшикти каккылоо кажет эмес.

Президент Порошенко ошондой эле бардык сот реформалары Европа Кеңеши жана Венеция комиссиясы менен тыгыз кызматташтыкта жүрүп жатканын кошумчалады. Ал ошондой эле бул акциялар тынч өтүшү, атаманчылык менен башаламандыкка жол берилбеши керектигин белгиледи.

Бирок өзүнүн бийликтен кетиши боюнча чакырыктарга ал үн каткан жок.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.