Украина: Караңгыдан жарык издөө аракети

Киевдеги нааразалык акциядан. 5-февраль, 2014.

Украинадагы кризисти жөнгөрүү үчүн али көп нерсени жасоо талап кылынат. Еврошаракеттин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Кэтрин Эштон бул тууралуу кечээ Киевдеги сүйлөшүүлөрүнөн кийин билдирди. Украин оппозициясы болсо азыркы кырдаалдан чыгуу үчүн Конституцияны өзгөртүүнү сунуш кылууда.
Еврошаркеттин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Кэтрин Эштондун Киевде бийлик жана оппозиция өкүлдөрү менен өз өзүнчө жолугушуулары бийлик менен өкмөткө каршы тирешүүсү уланып жаткан учурда өттү.

Кэтрин Эштон прзеидент Янукович менен учурашууда. Киев, 5-февраль, 2014.

Ал адегенде оппозиция лидерлери, андан кийин президент Виктор Янукович менен жолуккан соң белгилегендей, Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн али “көп иш” талап кылынат.

Кэтрин Эштон айым Киевдеги сүйлөшүүлөрдөн кийинки басма сөз жыйында буларды айтты:

- Зордук-зомбулук маанайы басаңдаганы менен кырдаалга камтамачылык али бир топ. Эң чоң тынчсыздануу жараткан маселе кыянатчылыкка баргандар сот жообуна тартылар-тартылбасы.

Эштон Еврошаркет Украина кокус Конституциясын өзгөртүүгө барса экспертиза жагынан көмөктөшүүгө, экономикалык жактан узак мөөнөттүү өнүгүүсүн колдоого даярдыгын кошумчалады.

Украин оппозициясы болсо учурдагы кризистик кырдаалдан чыгуунун аргасы катары өлкө баш мыйзамын өзгөртүп, президенттин ыйгарым укуктарын чектөөнү талап кылууда. Бирок алардын сунуш-талабы азырынча расмий талкууга түшө элек.

Оппозициядагы УДАР партиясынын лидери Виталий Кличко кечээ парламентте мындай деди:

- Биз кризисти жөнгөргүдөй жол картасын буга чейин эле сунуш кылдык. Биздин максат –бийликти кайра түзүү. Бир адамдын көңүлүнөн эч ким көз каранды болбошу керек. Бийликтин монополиясы эмнеге алып барарына биз күбө болдук.

Украинада бийлик менен оппозициянын Конституция боюнча сүйлөшүүсүнүн маанилүүлүгүн шаршемби күнү Еврошаркеттин кеңейүү маселелери боюнча комиссары Стефан Фүлө да белгиледи:

- Конституция боюнча талкуулар өзгөчө мааниге ээ жана анын маанисин азыркы учур да арттырып турат. Биз бул жараянды тажрыйба бөлүшүү жана кеңеш менен колдоого даярбыз. 2015-жылдагы президенттик шайлоону адилет жана эркин өткөрүү боюнча шарттар, анын ичинде Борбордук шайлоо комиссиясынын курамын, президенттик, парламенттик жана жергиликтүү шайлоолор жөнүндөгү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү боюнча аракеттер башталуусу керек.

Еврошаркеттин жогорку даражалуу өкүлү Стефан Фүлө кризисти жөнгөргүдөй кудуретке ээ болуш үчүн Украинанын жаңы өкмөтү тараптардын баарынын ишенимине арзуусу, ал эми оппозиция өзүн радикал элементтерден обочодо кармоосу зарылдыгын да айтты.

Украин президенти Еврошаркет менен жакындашуу келишимине кол коюдан баш тарткандан кийин тутанган кризиске эки айдан ашып калды.

Бул мезгил аралыгында Орусия Украинага 15 миллард доллардык насыя убада кылган. Бирок соңку күндөрү Москва Киевдин газ боюнча карызы кайра көбөйө баштаганына тынчыздануу билдирүүдө.

Америкалык “Нью-Йорк Таймс” гезитинин жазганына караганда, эгер Украинада жаңы өкмөт куралып, реформага баруу ниетин көргөзсө, АКШ менен Европа да чукул каржылык жардам берүүгө камданып тургандай.