Украинада шайлоо шааниси байкалбайт

Президенттикке талапкер Юлия Тимошенко. 22-апрель, 2014-жыл.

25-майда Украинада президенттик шайлоо болууга тийиш. Бирок Украинанын борбору Киевде шайлоого даярдык солгун.
"Азаттыктын" кабарчысы Том Балмфорттун билдиришинче, мамлекеттеги эң жогорку кызматка ат салышкан 28 талапкердин ичинен көпчүлүккө анча белгисиз, орусиячыл Михаил Добкиндин плакаттарын гана көрүүгө болот. Өлкөнүн чыгыш чек арасында Орусиянын 40 миңдей аскери турганда масс-медиадагы башкы тема согуш коркунучу. Мындай маанай жалпы элге да мүнөздүү. Ошон үчүн талапкерлер эл кыдырып, үгүт жүргүзгөнгө көп убакыт бөлбөй жатат.

Мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенко апрелдин башында өзү жетектеген “Батъкивщина” партиясын Орусиянын басып кирүүсүнө каршылык көрсөтүү кыймылынын очогуна айлантарын жарыялап, саясий өнөктүктү кеңири масштабда жүргүзүүнү токтоткон.

Президенттикти жеңет деп жоромолдонуп жаткан миллиардер Петр Порошенко шайлоого байланыштуу телерекламасында өзү көрүнбөдү. Шайлоо өнөктүгү кызуу жүрбөй жатканын Киевдеги Reiting социологиялык группасынын социологу Петр Тищенко Украина согуш абалында экендиги жана элдин психологиялык маанайы менен түшүндүрөт:

- Сыягы биринчи жолу Украинанын тарыхында өнөктүк кең масштабда өткөрүлбөй жатат. Биринчиден, ал согуш фонунда жүрүүдө. Экинчиден, талапкерлер иш жүзүндө өнөктүктү өткөрбөй жатат.

Президенттикке талапкер Петр Порошенко. 25-апрель, 2014-жыл.

Орусия мартта Крымды аннексиялап алгандан кийин Украинанын чыгышында орусиячыл жикчилер активдешип, азыр ондон ашык шаарда бийликти басып алган. Украинанын өкмөтү жикчилдерге каршы операцияны чек арадагы орусиялык аскерлер өткөрүп жаткан маневрдан кооптонуп токтотуп койгон.

Мындай жагдайда Тимошенко менен Порошенко ортосундагы атаандаштык курчуп кетсе, элдин ыркы качып, өнөктүк бузулат деген да чочулоо күчтүү. "Талапкерлер арасындагы катуу күрөш өнөктүккө зыян кылышы ыктымал. Мына ушу нерсе кооптуу”- деди Киевде бизнес кылган чернобылдык Василий Золотоверх.

Тимошенко менен Порошенко 2005-2009-жылдары Виктор Ющенко президент кезде премьер-министрликти талашып, Тимошенко күчтүү чыккан.
Киевдин "SOCIS” институту жетектеген төрт агенттик 23-апрелде өткөргөн сурамжылоо боюнча, Порошенкону шайлоочулардын 32,9 проценти, Тимошенкону 9,5 проценти колдойт.

"Порошенконун популярдуулугу элдин тынч турмушту каалаганы менен байланыштуу",- деди Демократиялык демилге фондунун директору, көрүнүктүү социолог Ирина Бекешкина:

- Майдандан жана бардык болгон окуялардан кийин коом радикализмди эмес, кандай да болсо стабилдүүлүктү каалайт. Бул жагынан алганда Порошенко компромисттүү фигура.

Топ жиречү талапкер жана дымагы күчтүү мушкер-саясатчы, УДАР партиясынын лидери Виталий Кличко 29-мартта президенттик жарыштан баш тартып, Порошенкону колдогон.

Юлия Тимошенко Киевдин аянтындагы митингде сүйлөп жатат. 29-март, 2014-жыл.

Бирок, акыркы күндөрү Орусиянын дарегине "Украинадагы шайлоону өткөртпөөгө аракет кылууда" деген айыптоолор көп айтыла баштады. Украинанын премьер-министри Арсений Яценюк 25-апрелдеги өкмөттүк жыйында:

- Орусиянын максаты айкын: Биринчиден, Украинадагы шайлоону үзгүлтүккө учуратуу. Ошондо Украинада эл шайлаган президент болбойт. Экинчиден, батышчыл жана Украиначыл өкмөттү кулатуу. Үчүнчүдөн, Украинаны аскерий жана саясий жактан басып алуу,
- деди.

Эгер Ураинанын чыгышындагы жикчилдер куралдарын таштап, өкмөттүк имараттарды бошотпосо, ал жакта шайлоо болору күмөн. Батыш ошондуктан, 17-апрелде Женевада жетишилген макулдашуунун алкагында Орусиянын жикчилерге таасирин пайдаланып, аларды сөзгө ынандырууга үндөөдө. Ал жөнүндө президент Путинге айтканын Германия канцлери Ангела Меркел 25-апрелде билдирди:

- Мен бүгүн эртең менен Орусия президенти менен сүйлөшкөндө түз айттым: бир жактан, Украина Женева келишимин аткаруу үчүн бир топ кадамдарды жасады, экинчи жактан, Орусиядан бул макулдашууну көрбөдүм. Бул албетте, Украинадагы жикчилерге таасир этерин ачык айттым.


Меркел Украинада 25-майда шайлоону өткөрүү үчүн олуттуу даярдык зарыл, бирок ал үчүн азыр кепилдик жок экенин да баса белгиледи.