Украина: Зеленский эми сыналат

Владимир Зеленский

Украина президенттик шайлоонун экинчи айлампасына даярданууда. Анда куудул Владимир Зеленский менен президент Петр Порошенко күч сынашат. Экинчи айлампа 21-апрелде өтүшү керек.

Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясы добуштарды дээрлик эсептеп бүттү. Чет өлкөлөрдөгү добуштар саналгандан кийин, 10-апрелге чейин расмий жыйынтык жарыяланары кабарланды.

Алдын ала эсеп боюнча куудул Владимир Зеленскийдин алган добушу 30% кем болбоду. Президент Петр Порошенко 16 пайызга жакын добуш алып, экинчи орунда турат.

Депутат Юлия Тимошенкого шайлоочулардын 13 пайыздан көбүрөөгү ишеним арткан. Бирок Тимошенко үчүнчү болуп калганын моюнга ала элек. 31-марттын кечинде анын штабы добуштары Порошенконун пайдасына “бурмаланып” кеткенин, өздөрүнүн эсебинде Тимошенко экинчи орунду алганын айтып чыккан.

Бирок Евробиримдиктен барган байкоочулар алдын ала отчетунда Украинадагы шайлоонун биринчи туру жыйынтыкка таасир эте турган мыйзам бузууларсыз өткөнүн билдиришти. Ошол эле маалда “добуш сатып алуу жана мамлекеттик ресурстарды кыянат пайдалануу” фактылары көз жаздымда калган жок.

Экинчи айлампадагы эрегиш

Ушул тапта негизги көңүл экинчи айлампага бөлүнүп турат. Айрым украиналык саясат талдоочуларга кайрылып, жеңишке жеткирчү, же тескерисинче жеңилүүгө алып келчү факторлорду сурадык. “Пента” саясий изилдөөлөр борборунун жетекчиси Владимир Фесенконун жообу мындай:

"Эгер добушканага шайлоочулардын 55 пайыздан көбү келе турган болсо Зеленский чоң айырма менен утат. Эгер 55тен аз болсо, анда Порошенкодо мүмкүнчүлүк бар. Эмнеге мындай дейм? Анткени Порошенко Зеленскийдин жана оппозициянын тарапташтарын шайлоого катыштыргысы келбейт. “Порошенкого добуш бербесеңер, анда Зеленскийге да бербегиле” деп ынандырууга аракет кылышат. Анткени бизде экинчи турда кайсы бир талапкерге каршы болгон үчүн башкасына добуш берүү көрүнүшү бар. Бул, демек, жаманынан жакшыраагын тандоо. Бул деген экинчи турда оппозициялык талапкерлердин жактоочуларынын көбү президент Порошенкого каршы добуш берет дегенди билдирет.

Дагы караңыз Украина: Зеленский алдыга чыкты

Тимошенко жана андан кийинки орундагы Юрий Бойко биринчи турдан соң дароо Порошенконун дарегине кескин сын айтышты. Ал эми бешинчи келген Анатолий Гриценко “экинчи турда кандай гана шарт болбосун Порошенкону колдобой турганын” шайлоо күнү эле жарыялап жиберген. Бирок булар тарапкерлерин Зеленскийди колдоого да чакырыша элек. Мунун себебин саясат таануучу Евгений Магда мындайча чечмелеп жатат:

- Күзүндө бизде парламенттик шайлоо өтөт. Менимче, финалга чыкпаган президенттикке талапкерлер үчүн тарапкерлерин же Зеленскийге, же Порошенкого добуш берүүгө чакыруу пайдалуу эмес. Андай болсо эле тарапташтарынын алдында уникалдуу, кайталангыс лидер сыпатын жоготот. Ал эми финалга өткөн экөө жеңиш мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу үчүн өзүнүн эмес, биринчи кезекте башка талапкерлердин шайлоочуларын таң калтырышы керек.

“Азаттык” пикирин сураган талдоочулар биринчи турдун жыйынтыгы эл “эски саясатчылардан” тажаганын көрсөттү деп баса белгилешүүдө. Ушундай учурда мурда кийин саясатка аралашпаган, “Элдин кулу” телесериалынын башкы каарманы – “элдик президентти” ойногон Владимир Зеленский купулга толуп турган чагы. Бирок ал утулуп да калышы мүмкүн.

Евгений Магда экинчи айлампада эл баштагыдай 39 эмес, эки талапкердин бирин тандагандыктан баарын кайрадан таразалайт деп болжолдоодо. Ошондой шартта Порошенконун программасы, шайлоочулар алдына тартынбай чыгышы тараза ташын оодарып кетиши ыктымалдыгын кошумчалайт.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Украинада куудул, Анкарада оппозиция алдыда

Ал эми Зеленский буга чейин шайлоо кампаниясын негизинен концерт түрүндө өткөрүп келди. Өз программасын коргоп дебаттарга катышкан жок, журналисттердин бир топ курч суроолору жоопсуз турат. Дагы бир белгисиз жагдай бар.

"Ал конкреттүүлүктү көрсөтүш керек. Мисалы, командасынын бир бөлүгүн, кимди кайда дайындарын билдириши зарыл", - дейт Магда.

Буга чейин куудул талапкер украин миллиардери Игорь Коломойский менен байланышта деп айыпталып келди. Атүгүл Порошенко аны "Коломойскийдин куурчагы" деп атап жиберди. Зеленский ал айыптоолорду, Орусия менен байланышы бар деген күмөн саноолорду четке кагып, өзүн көз карандысыз талапкер катары таанытып келет. Командасындагы беш кишини экинчи айлампанын алдында ачык айтууну убада кылды. Саясат талдоочу Александр Сушко маселе ошол адамдарда дейт:

- Анткени анын (Зеленскийдин) чечимдеринин маңызы жана сапаты керек учурда жанында жүргөн адамдарынан көз каранды. Алар кимдер болот? Белгисиз. Анын тандоо критерийлерин байкап туруу өтө маанилүү. Кайра эле эски система, эски кишилердин туткуну болуп калбас бекен?..

Украинага кызыккан кыргызстандыктар

Украинадагы шайлоого кыргызстандыктар да кызыгуу менен көз салып, талкуулоодо. Саясат талдоочу Сейтек Качкынбай бул өлкөдөгү административдик ресурсу колунда турган талапкердин артта калышын элдик тандоонун натыйжасы катары сыпаттады.

"Бул бийлик элдин өз колунда, шайлоо аркылуу өз мүдөөсүн ишке ашырса болот, жаңыга умтулабыз деген позитивдүү сигнал келүүдө. Бирок биздин электорат ошондон сабак алып, жыйынтык чыгарбай жатат. Жакында эле “азыркы абалыңа ыраазысыңбы” деп иликтөө болгондо биздеги электораттын 60 пайызы жакырлыгына карабастан “ыраазымын” деп айткан".

Качкынбай постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен акыркы жылы анык демократия үлгүсүн көрсөттү деп Арменияны дагы баса көрсөтүүдө.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.