Украина: Порошенкону күтүп турган сыноолор

Украинанын президенти Петро Порошенко.

Петро Порошенко 7-июнда болчу президенттик инаугурациядан кийин Украинанын чыгышындагы Донецк чөлкөмүнө барат.
Донецк менен коңшулаш Луганск облусунда орусиячыл жикчилдер Киевден көз карандысыз “Элдик Республика” түзүлгөнүн жарыя кылган.

Украин армиясы бул аймакта өкмөт айткандай - “террорчуларга каршы” операция жүргүзүүдө. Донецктин Славянск шаарына чукул жерде жикчилдер 29-майда аскердик тик учарды атып түшүрүп, 12 аскер курман болгону маалымдалды. Порошенко аймакка барганда ага кандай талаптар айтылат жана кандай жооп берилет?

Киевдеги Pew изилдөө борбору жүргүзгөн сурамжылоодо чыгыш украиналыктардын 70 проценти, анын ичинде орус тилдүүлөрдүн 58 проценти өлкөнүн бүтүндүгүн жактаганын көргөзгөн.

Анткен менен Чыгыш Украинанын көпчүлүк эли москвачыл жикчилдердин куралдуу зордук-зомбулуктарына “лам деп ооз ачпай” жымжырт. Бирок алар азыркы абалына нааразы жана жергиликтүү бийлик өз маселесин Киевсиз эле өзү чечишин каалайт дешет серепчилер.

Лондондогу Chatham House борборунун эксперти Урисия Луцквич чыгыш украиналыктар бар бийлик Киевде топтолгонуна өлкөнүн башка бөлүгүндө жашаган адамдардай эле кокодон тоюшкан дейт:

- Донбасстагы мындай таарынычтар жалпы Украинадагыга абдан эле окшош. Эл сабатсыз башкаруудан, жемсөөлүктөн жана экономикалык мүмкүнчүлүктүн жок экенинен кыйналууда.

Донецкинин эл аралык аэропорту Украин армиясы менен орусиячыл согушчандар ортосундагы уруш кезде. Шаардык көрүстөн тараптан тартылган сүрөт. 26-май, 2014

Азыр бардык салыктар Киевде чогултулуп, анан региондорго бөлүштүрүлөт. Ошого Донецк менен Лугансктын эли Украинаны совет заманындагыдай "бизди аймакта жайгашкан көмүр кендери, металлургиялык заводдор, коргонуу өнөр жайынын ишканалары багат" деп эсептешет. Ошон үчүн Москва түрткөн “федерализация” идеясын жикчилдердин башчылары шып илип алышты.

Лондондогу Украинаны изилдөө институтунун директору Анди Хюндердин айтышынча, Киевде Орусия кийлигишип турган шартта - өлкөнү Германия же АКШдагы тейде федералдаштыруу украин өкмөтүн алсыз кылат деп чочушат:

- Ырасында эле, федерализация Кремлдин оюнунун планы болчу. Ал Киевдеги өкмөттүн өлкөнү Европа менен интеграциялануу боюнча ар кандай аракетине же ар кандай аскердик блокко же альянска кошулуу мүмкүнчүлүгүнө жол бербейт же ишке ашыртпайт.

Ушундай жүйөлөрдөн улам Украинанын утурумдук жетекчилиги жикчилдерди Киевде өткөрүлгөн тегерек столго чакырган эмес. Порошенко болсо шайлоо өнөктүгү кезде козголоңчуларга каршы операция улантыларын эскертип, ошол эле учурда абалды тынч жөнгө салууга умтуларын айткан. Бирок Орусия Киевди жикчилдерге каршы операцияны токтотууга жана алар менен саясий диалогго барууга чакырып жатканда Порошенко кандай кадам жасары белгисиз.

"Анан да орус маалымат булактарында көбүртүп-жабыртылып "Украинанын чыгышы өлкөнү багат" деп айтылып жаткан сөз чындыкка дал келбейт. Ошондуктан эки облустагы жолугушууларда президент Порошенко бул картаны бетке тутат", - дейт Анди Хюндер:

- Донбасс чынында чоң субсидия алат. Алар Донбасс бүтүндөй Украина үчүн иштеп жатат деген пикир жаратууга аракет жасашууда. Иш жүзүндө андай эмес да. Алар отуруп алып, жакшылып карашса, региондун тоо кен жана башка өнөр жайы чоң субсидия алганын көрүшөт.


Расмий маалымат боюнча, 2013-жылдын биринчи жарымында Донецк облусунун казынадан алган субсидиясы регион улуттук бюджетке төккөн салыктардан 762 млн. долларга, Луганск облусунуку 418 млн. долларга көп.

Орус тилинин экинчи расмий тил деген макамын Виктор Янукович февралда президенттен кетирилгенден кийин бийликке келген өкмөт алып салган. Бул арийне Чыгыштын орус тилдүү элине жакпай, жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу Александр Турчинов кол койбой койгон. Ошондон кийин премьер-министр Арсений Яценюк “эч ким орус тилин чектебесин” айтып, "Шаар-кыштакта кайсы бир эл 10 проценттен көп болсо, өз тилин экинчи тил деп жарыялай алары жөнүндө мыйзам күчүндө калтырылат" деп убада кылган. Ушундан улам серепчилердин айтымында, Порошенко өлкө чыгышына барганда тил маселеси анын “башын оорутпайт”.