Кыйраган учактын калдыктары иликтене элек

Учактын калдыктары жаткан украин талаасында кылмышты иликтөөдө активдүүлүк байкалбайт.

Дүйнө коомчулугунун көңүлү кыйраган учактын курмандыктарын узатууга бөлүнүп турган маалда учак кыйрап түшкөн жерге көңүл бурулбай, изилдөөчүлөргө кирүүгө толук мүмкүнчүлүк берилбей жатат. Бул учактын кулашынын себебин толук билүүгө тоскоол болууда.

"Малайзия эйрлайнс" компаниясынын “Боинг-777” учагында курман болгондордун миңдей туугандары 23-июлда Эйнховен шаарына сөөк тосуп алууга чогулушту. Бул кайгылуу окуяга Голландиянын бийлик өкүлдөрү жана башка учакта өз жакынын жоготкон бардык адамдар катышты.

Көз жашын төгүп, күйүткө чөгүп тургандар күнөөлүүлөрдү табуу керектигин дагы кайталашты. Ураинанын чыгышынан чогултулган сөөктөрдүн калганы жакынкы күндөрү алынып келет деп кабарланды.

Ошол эле маалда учактын калдыктары жаткан украин талаасында кылмышты иликтөөдө активдүүлүк байкалбайт. Учактагы 298 адамдын сөөгү дагы толук табыла элек.

Батыш тарап учакты орусиячыл жикчилдер атып түшүрдү десе, жикчилдер мындай дооматтарды четке кагып, Украинанын аскерлерин күнөлөөдө. Учак кыйраган жерге бир аптадан бери эл аралык изилдөөчүлөр толук кире албай жатканынан улам, далилдердин изи өчүп, учактын кыйрашынын анык себеби ачылбай калат деген кооптонуу жаралды.

Австралиянын премьер-министри Тони Эбборт журналисттерге "учак кулаган жерде ушул күнгө чейин бир дагы профессионалдуу, толук иликтөө болгон жок" деп кооптонуп турганын айтты.

Эбборт Лондонго 50 полиция кызматкерин жибергенин, бирок алар орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөгөн аймакка кире алышы азырынча белгисиздигин кошумчалады.

БУУнун Коопсуздук кеңешине кырсык болгон жерди толук изилдөө үчүн эл аралык комиссия түзүү сунушталды.

Айрым аналитиктер “Боингдин" 10 миң метр бийикте кыйрашынын толук себебин аныктап, кийин сотто далилдеп берүү үчүн так процедуралардын жардамы менен атайын иликтөөлөр жүргүзүлүшү зарылдыгын айтышууда. Азыркы башаламан шарттар андай кылдат иштерди жасоого жол бербейт.

Авиация боюнча англиялык аналитик Крис Жейтс "кырсык болгон жерден учактын калдыктарынын туш келди которулушу так иликтөөгө жолтоо болот" деп билдиргенин айтат.

17-июлда малайзиялык учак кулаган жерге жакын айылдардын жашоочулары барып, калдыктарды ары-бери аралап, сөөктөрдү өз алдынча эвакуациялоону башташкан. Жикчилдер болсо ЕККУнун байкоочулары менен бирге бир нече украин, малайзиялык жана голландиялык изилдөөчүлөргө гана ал жерге өтүүгө уруксат берди.

Ал арада жикчилдер эч кимди апаат болгон жерге киргизбей, айрым далилдерди атайын жок кылууда деген да сөздөр чыгып кетти.

ЕККУнун маалымат катчысы Михаил Бочурский Би-Би-Си менен болгон маегинде эл аралык байкоочулар алгач көргөндөн бери көп нерселер өзгөрүп кеткенин, маселен, учактын айрым калдыктары бөлүнүп калганын айтты.

Жейтстин айтканына караганда, бул далилдерди атайын жоготуу үчүн жасалган деп айтуу кыйын, бирок кыйрап жаткан учактын калдыктарын тиешесиз бирөөлөрдүн аралай басып жүргөнү иликтөөнү татаалдаштырат.

Ошол эле маалда "иликтөөчүлөргө сүрөт тартып, ары-бери басканга уруксат берүү жетиштүү эмес, ал жерде көп иш жасалышы керек. Маселен ракетанын ичиндеги затты анализдөө керек" деген

Жейтс "ал зат аркылуу адистер ракета кайсы өлкөдөн чыгарылганын аныктай алышарын" белгилейт. Сыныктар аркылуу жардыруу учактын сыртында же ичинде болгонун аныктаса болот.

Адатта мындай авиакырсыктарда учак түшкөн жер дароо көзөмөлгө алынып, тиешелүү адистер иштей башташат.

Жейтс мындай кырдаалда кырсыктын себептерин иликтөө өтө кыйын экенин айтса, учакты жардырган тарап эл аралык сотто жазага тартылсын деп чыккандар бар. Малайзиянын премьер-министри Нажиб Раззак “Боинг 777” кулаган күнү эле "биз күнөөлүүлөр аныкталып, тиешелүү жазасын алуусун талап кылабыз" деп айткан.