"Эртең болбой калышы мүмкүн". Украинада баш кошкон түгөйлөр
25 жаштагы украиналык аскер кызматкери Виталий колуктусу менен баш кошуу алдында. Киев, 23-июль.
Орусия Украинага 24-февралда кол салгандан бери үйлөнгөндөрдүн саны көбөйгөн. Акыркы беш айда Киевде 9120 түгөй кол кармашкан. Салыштыруу иретинде карап көрсөк, 2021-жылы Украинада 1110 нике катталган.
Орусия кол салгандан кийин баш кошкон Украинанын Улуттук гвардиянын аскерлери. 8-март, 2022-жыл.
Виталий аттуу жигит AFP агенттигине азыр бар кошуу согуштан улам пайда болгон белгисиздик учурунда - абдан чечкиндүү жана ак ниет кадам экенин айткан. "Мен фронтко күтүүсүз учурда барышым мүмкүн" деген ал.
Михаил жана Анастасия Дьюберри Бучада талкаланган имараттын жанында турат. 26-май.
Бучада жана ага жакын Ирпень шаарындагы үйлөнгөндөрдү каттаган кеңсе орусиялык аскерлер Киевден кеткенден кийин, май айында кайра ачылган.
Киевге жакын Броварыда жаңы үйлөнгөн аскерлер. Бул күндөрү Киевди орусиялык аскерлер курчап турган.
Ысымдарын атабоону суранган түгөйлөр Украинанын чыгышында биринчи жолу 2015-жылы орусиялык жикчилдерге каршылык көрсөтүү маалында таанышкан. Алар 2022-жылы орусиялык аскерлер Украинага бастырып киргенден кийин кокусунан жолугуп, ортодо сүйүү пайда болгон.
Анастасия Грачева жана Антон Соколов Харьковдогу бузулган имараттын жанында сүрөткө түшүүдө. Медайым жана дарыгер элге акысыз жардам көрсөтүп, шаардын тургундары үчүн дарыга акча чогултушууда.
Улуттук гвардиянын аскер кызматкери Игорь жана анын колуктусу Кира жертөлөдөн чыгып, машинени карай кетип баратат. 23-июнь, Харьков.
Никеге туруу аземи көп учурда ракета жана артиллериялык снаряддардан коргонуу максатында жер астында өтөт.
Евгений Левченко жана Надежда Притула Ирпенде никеге туруу үчүн күтүп отурушат. Ал бүткөндөн кийин экөө эки жакка бөлүнгөн. Надя чет мамлекетке окууга кетсе, Евгений эркектердин чыгып кетүүсүнө тыюу салынганына байланыштуу өлкөдө калган.
Украиналык аскер кызматкери «Карп» жана анын колуктусу Анна чиркөөдө. Харьков облусу, 24 июль.
Украинада үйлөнүү тойлору Экинчи дүйнөлүк согуш маалын эске салат. 1942-жылы АКШда 1,8 миллион нике катталып, өлкө тарыхында рекорд койгон.
Леся Иващенко жана Валерий Филимонов, Украинанын аймактык коргонуу күчтөрүнүн аскерлери. Алар баш кошкондон кийин Киевге жакын блокпостто дин кызматкеринин насаатын угуп турган кези. 6-март.
31 жаштагы Дария Стенюкова Винницадагы талкаланган үйүндө үлпөт көйнөгүн кийип турат. 16-июль. Үлпөт тойго бир күн калганда Киевден түштүк-батышындагы бул шаарга ракета менен сокку урулган. Йога инструктору Дария жана ага түгөй болчу жигит 26 кишинин өмүрүн кыйган ракета чабуулуна карабай баш кошууну чечкен. "Менин үйүм бузулду, бирок жашоом эмес", - деген ал AFP агенттигине.
"Украиналыктар күчтүү экенин дүйнөгө көрсөткүм келди. Биз үстүбүздөн ракета учуп жатса да, үйлөнүүгө даярбыз", - деген Дария.