Путин "вагнерчиге" аскердик топ түзүүнү тапшырды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

29-сентябрга караган түнү Украинанын Николаев жана Херсон шаарларына абадан чабуул жасалып, үч жай тургун набыт болгону кабарланды. Ушул эле түнү Орусиянын Калуга жана Курск аймактарында 11 дрон атып түшүрүлгөнү, беш калктуу конуш жарыксыз калганы маалымдалды. Бул арада Орусиянын президенти Владимир Путин “Вагнердин” мурдагы штаб башчысына ыктыярчылар тобун түзүүнү тапшырды. Бейшембиде Киевге барган НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг украин армиясы өз позициясын акырындап бекемдеп жатканын белгиледи.