Украинадагы уруштун нугу: Си Цзинпин Москвада

Си Цзинпиндин учагы жергиликтүү убакыт менен саат 13:00 чамасында Москванын Внуково аэропортуна конду. 20-март, 2023-жыл.

Кытайдын төрагасы, Коммунисттик партиянын лидери Си Цзинпин орус президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен 20-мартта Москвага барды. Бул Кытай лидеринин Орусия Украинага согуш ачкандан берки биринчи сапары.

Синин учагы жергиликтүү убакыт менен саат 13:00 чамасында Внуково аэропортуна конду. Анын алдында башка лайнерде Кытайдын расмий делегациясы Москвага барган.

Сапардын алдында Кытайдын "Жэньминь жибао" гезитине орус президенти Владимир Путиндин "Орусия менен Кытай – келечекке багытталган өнөктөштүк" деп аталган макаласы жарыяланды. Анын орус тилиндегиси Кремлдин сайтына чыкты. Анда Путин алдыдагы жолугушуудан "көп нерсе күтүп жатканын" белгилеген. "Ошондой эле мен үчүн бул эски досум менен көрүшүү мүмкүнчүлүгү. Биз үчүн чыныгы дос – бир тууган сыяктуу", – деп жазган Путин.

Си Цзинпиндин сапары 22-мартка чейин созулат. Мурдараак орус президентинин жардамчысы Юрий Ушаков жолугушууда өлкөлөр ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтык маселелери талкууланарын билдирген.

Кытайдын лидери Бээжин Украинадагы согушту токтотуу үчүн өзүнүн тынчтык планын сунуштап жаткан мезгилде Орусияга барды. Кытайдын бул сунушун Батыш четке какканы менен Москва кубаттаган.

Украинадагы согуш чечүүчү баскычка келип калган чакта аскердик көйгөйлөр пайда болууда. Дал ушул жагдайда Кытайдын лидери Си Цзинпин Москвага келди. Ал Украинанын президенти Владимир Зеленский менен да телефон аркылуу сүйлөшүүсү ыктымал деген кабар айтылууда.

2013-жылы 22-мартта Кытайдын лидери Си Цзинпин Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуу үчүн Москвага биринчи чет өлкөлүк сапары менен барган эле. Бул ирет Кытайдын мамлекет башчысы Бээжин менен Москва ортосундагы мамилелердин мааниси өсүп жатканын баса белгилеп, Батышка каршы геосаясий күч пайда болгонун Вашингтонго ишарат кылган болчу.

Ушул орчундуу сапардын алкагында лидерлер бири-бирине ыкластуулугун билдиришкен: Путин эки тарап өзгөчө мамиле түзүп жаткандыгын айтып, ал эми Си Цзинпин Орусиянын лидерин “жакшы досум” деп, экөөнүн “окшош инсандар” экенин белгилеген эле.

Андан бери он жыл өткөн соң, быйыл 20-мартта Си Цзинпиндин Москвага үч күндүк сапары учурунда эки жетекчинин өзгөчө мамилесинин жана бул өлкөлөрдүн алаканы чыңдоого умтулуусунун акыбети көрсөтүлөт. Бул анын Путин менен 40-ирет жекече жолугушуусу болуп калат.

Акыркы айларда, айрыкча орус аскерлери Украинанын согуш майданында жеңиле баштаган кезде, Си Цзинпин Орусиядан алыстоого аракет кылды. Wall Street Journal кабарлагандай, Си Кытайдын тынчтыкты орнотууга арачылык кыларына ишарат катары согуш башталгандан бери Украинанын президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу алгачкы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даяр. Киев телефон чалынарын ырастаган жок, ал эми Украинанын Тышкы иштер министрлиги “Азаттыкка” комментарий берүүдөн баш тартты.

Бирок Кытайдын дипломатиялык жактан ортомчу болушунан жана Синин дүйнөлүк деңгээлдеги мамлекеттик ишмер деген кадыр-баркын бекемдөөнү эле көздөбөйт. Эксперттердин айтымында, Кытай лидеринин Москвага иш сапары АКШга каршы Орусиянын супердержава катары атаандаш болушуна Кытайдын өнөктөш колдоосун эки эсе күчөтөрүн билдирет.

“Жаңылышып калбаңыз, – деп Twitter баракчасына Эл аралык тынчтык үчүн Карнеги фондунун улук илимий кызматкери Александр Габуев жазды. – Бул сапар тынчтыкты орнотуу үчүн чындап ортомчулук кылуу максатында эмес, Бээжиндин кызыкчылыгы үчүн [Орусия] менен байланышты тереңдетүүгө багытталат”.

Си Цзинпиндин кийинки кадамы

Бээжиндин Москва менен стратегиялык алакасына тынчсызданса да, АКШ жана Европанын расмий өкүлдөрү Си Цзинпинди Зеленский менен байланышып, Киев менен түздөн-түз иштешүүгө этияттык менен чакырды.

“Ошентсе жакшы болмок, анткени ал [Бээжиндин] мамилесин тең салмактуу кылып, келечегин кеңейтмек, – деп АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан 13-мартта журналисттерге билдирди. – Бул алардын Орусияга өзгөчө жардам берүүдөн этият болушуна мүмкүндүк түзөт деп үмүттөнөбүз. Бул жөнүндө биз ачык эле [аларга] эскерткенбиз”.

Украинага кол салган орус аскерлери жөнүндө жаңылыктарды карап турган аял. Гонконг, 2022-жыл, 24-февраль.

Акыркы он жыл ичинде кытай-орус алакасы кыйла бекемделип келген эле. Бирок бул мамиле 2022-жылы февралда Москванын Украинага басып киришинен бир нече жума мурун Си Цзинпин менен Владимир Путин эки тараптуу мамилелердин жаңы доорун жар салып, “чексиз өнөктөштүк” жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюшканда гана күчөдү.

Кытай Украинада орус аскерлеринин жөнү жок басып кирүүсүн айыптаган жок. Батыштын кысымына карабастан, Москва үчүн саясий жана экономикалык тирек бойдон кала берди. Мисалы, эки тараптуу соода-сатыкты улантты. Бирок ошол эле учурда ал Орусияга каршы киргизилген санкцияларга кылдаттык менен мамиле кылды.

Февраль айынын аягында Бээжин согушту токтотуу үчүн ок атууну токтотууга жана тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүгө чакырып, чын ыкластуу ортомчулук кылууга умтулуп көрдү. Кытай Орусияга каршы бир тараптуу санкцияларды токтотууга чакырган 12 пункттан турган сунушту киргизип, Москвага өзөктүк курал колдонуу менен чыр-чатакты ырбатпоо керектигин эскертти. Москва кытай документин оң кабыл алды, бирок аны Батыштын көпчүлүк расмий өкүлдөрү четке кагышты. Киев бул жакшы жышаан экендигин айтты, бирок бул сунушта орус аскерлеринин оккупацияланган аймактан чыгарылышы жөнүндө сөз жок экенин белгиледи.

“Си Москвага барып Путин менен кездешкенде ал аз сүйлөп, көп тыӊшайт. Эгер Зеленский менен байланыш түзүү жөнүндө өтүнүч айтылса, Си буга жан дили менен макулдугун билдирет деп ойлойм, – дейт АКШнын Улуттук Коопсуздук Кеңешинин Кытайдын мурдагы директору Деннис Уайлдер. – Экинчи жагынан, эгер Путин Сиге кошумча колдоосуз жеңишке жете албай тургандыгын айтса, Си ага жардам берүүгө милдеттүү экенин сезет деп ойлойм”.

Көмөк көрсөтүлөбү же жокпу?

Си Цзинпин менен Путиндин жолугушуусу кандай өтөөрү белгисиз. Бирок АКШ Кытай Орусияга өзгөчө аскердик жардам жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн караштырууда деген сөз тараптардын көӊүлүндө болот.

АКШнын расмий өкүлдөрүнүн айтымында, Кытай Орусияга ок-дары жана артиллерия жеткирүүнү караштырып жатат. Бул өзгөчө мааниге ээ болушу мүмкүн, анткени согуш башталганына бир жылдан ашып кетти, а согуш майданында артиллериялык салгылашуулар катуу жүрүшү мүмкүн.

Бээжин бул билдирүүлөргө байланыштуу АКШны “маалыматты бурмалап жатат” деп айыптап, Вашингтон Кытайдын Орусия менен болгон алакасына кийлигишпеши керек деди.

Кытай артиллериясы машыгууда.

Жоржтаун университетинин илимий кызматкери Деннис Уайлдер белгилегендей, Кытайдын Орусияны камсыз кылууга мүмкүнчүлүгү жетиштүү.

Бир бөлүгү Орусияда чыгарылган эски артиллерия жана ок-дарылар оңой колдонулушу мүмкүн, алар “жашыруун түрдө” түз же буга чейин Москвага курал-жарак берип турган Түндүк Корея сыяктуу үчүнчү жак аркылуу жеткирилиши ыктымал.

“Заводдон коюлуучу белгини снаряддардан өчүрүп, башка өлкөнүн белгисине алмаштыруу оңой, ал эми кытайлардын мындай иш-аракетин далилдөө [АКШ үчүн] өтө кыйын болот”, – дейт Уайлдер.

Коммерциялык өндүрүүчүлөрдөн алынган Кытайдын жарандык жаӊы дрондорун Орусия да, Украина да согушта колдонгон болчу. Кээ бир отчёттордо Кытай кыйла заманбап аскердик дрондорду жардам катары бериши ыктымал деп да айтылып келген. Уайлдер белгилегендей, дрондордон айырмаланып, артиллериянын берилиши бар – ал Бээжиндин жардам көрсөтүп жатканын танууга мүмкүндүк берет.

Бирок Кытай кандай колдоо көрсөтсө да, мунун кооптуу жагы бар дейт Recorded Future жеке чалгындоо компаниясынын улук талдоочусу Девин Торн.

Си Цзинпин жана Владимир Путин (солдон оңго ) Русский аралындагы Ыраакы Чыгыш федералдык университетинин аймагында "Ыраакы Чыгыш көчөсү" көргөзмөсүнө барганда. Владивосток, 2018-жыл, 11-сентябрь.

Бээжин Москванын согушта кептелип калган туюктан чыга алат деп ынангысы келет, бирок ошол эле учурда Кытай өзүнүн ири соода өнөктөштөрүнүн бири болгон Европа Бирлиги менен мамиле түзүүгө аракет кылып жатат. Евробиримдиктин расмий адамдары жана Европа лидерлери Кытайдын Орусияга аскердик жардамы “кызыл чийин” болуп, аны менен болуучу алаканы бузушу ыктымал деп айтышты.

“Европанын лидерлерин Кытайга көбүрөөк тартуу [үчүн] себеп [бар], ошондуктан Бээжин дагы эле Европа менен мамилесин жакшыртууну каалайт, – деп билдирди “Азаттыкка” Торн. Ал жакында Кытайдын Орусияга өзгөчө жардамын берүү ыктымалдыгы “аз” деген эле.

Киевдин көз карашы

Си Цзинпин менен Зеленскийдин ортосундагы түз сүйлөшүү Кытайдын дипломатиялык ишиндеги олуттуу жетишкендик болуп, Бээжиндин бийлигин бекемдөөгө жардам бериши мүмкүн. Буга чейин эле 10-мартта Кытайдын жардамы менен Иран жана Сауд Аравиясы жакындашуу жөнүндө келишимин түзүүгө жетишкен эле.

Цзинпин менен Зеленский акыркы жолу Орусия басып кирерден бир нече апта мурун сүйлөшкөн эле. Андан кийин Украинанын президенти былтыр Си менен телефон аркылуу сүйлөшүүгө аракет кылган, бирок Бээжин болбой койгон эле. Согушка чейин Киев менен Бээжиндин ортосундагы мамилелер өнүгүп, тереңдеп, Кытай Украинанын негизги соода өнөктөшү катары карап келген эле.

Киевдеги Армияны, конверсия жана куралсызданууну изилдөө борборунун украин-кытай мамилелери боюнча эксперти Юрий Пойтанын айтымында, Украина кытайдын ортомчулук кыларына анча деле үмүттөнбөйт, анткени Киевдин көз алдында Кытайдын аброю акыркы бир жыл ичинде төмөндөп кетти.

Ошентсе да Киев Си Цзинпин менен виртуалдык баарлашууга макул болмок.

“Согуштан коро телефон аркылуу болсо да сүйлөшкөн артык, ошондуктан Киев муну дипломатиялык жеңиштин бир түрү катары кабыл алат, – дейт Пойта “Азаттыкка”. – Бул сүйлөшүү Кытайдын Орусияга көбүрөөк колдоо көрсөтпөй же курал-жарак бербей калаарына дагы бир далил болушу мүмкүн”.