Украинадагы согуш: Запорожье АЭСинде акыркы реактор өчтү

Запорожье атомдук электр станциясы. 24-августта тартылган сүрөт.

Украинанын орус аскерлери басып алган аймактарындагы атышуулардан улам Запорожье атомдук электр станциясындагы (АЭС) акыркы реактор өчүрүлдү. Мындагы өрт үчүн эки тарап бири-бирин айыптады.

Киев абал чыңалса радиациялык катастрофа чыгышы мүмкүндүгүн эскертүүдө. Жалпы согуштук талаада кармаш айыгышкан мүнөздө уланып жатат.

Акыркы алтынчы реактор

Украинанын бийлиги кооптуу жагдайга карабай Орусиянын аскерлери соңку суткада да Запорожье атомдук электр станциясы жайгашкан Энергодар шаарын интенсивдүү түрдө аткылаганын билдирди. Натыйжада өрттөн улам станциядагы иштеп жаткан жалгыз №6 реактор өчүрүлүп, айланадагы электр чубалгылары жана көмөк чордондор да жарактан чыкты.

Украинанын президенти Владимир Зеленский соңку видео кайрылуусунда, "радиациялык катастрофага туш болушуна бир кадам калды" деп эскертти.

Владимир Зеленский

“Дагы аткылашты – бул экинчи чоң коркунуч. Орусиялыктардын чагымынын аркасында Запорожье станциясы радиациялык катастрофага туш болушуна бир кадам калды. Орусия муну МАГАТЭнин адистери корутунду чыгарардын алдында атайылап жасады деп эсептейм. Запорожье АЭСиндеги аткылоо террорчу-мамлекет үчүн МАГАТЭнин эмне деп айтканы маанилүү эместигин көрсөтөт. Орусия кырдаал мындан ары да оорлой беришине гана кызыкдар”.

Украинанын “Энергоатом” мамлекеттик ишканасы күн мурун жасаган билдирүүсүндө эле 5-энергоблок иштен чыкканын, бир гана 6-энергоблок иштеп жатканын маалымдаган. Бул реакторлор Украинанын электр тармактарына ток бергенден сырткары станциянын өзүн да камсыздайт.

Башкача айтканда, соңку реактордун иштен чыгышы менен АЭС да токтоп калышы ыктымал. “Энергоатом” компаниясы станцияда өрт өчүрүлгөн соң гана байланыш калыбына келтирилерин кабарлады.

Аткылоолордон улам 25-августта АЭСтин тарыхында биринчи жолу бир аз убакытка электр энергиясы толук өчүрүлгөн. Анда адистер дизелдик генераторлорду иштетүү менен абалдан чыгышкан. Ошондон кийин Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик – МАГАТЭнин башчысы Рафаэл Гросси жетектеген эксперттер тобу 1-сентябрда Запорожье АЭСине барган.

“Энергоатом” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Петро Котин Орусиянын аскерлери станциядан чыгып кеткенде гана кырдаал турукташарын айтты.

Петро Котин

“Бизге азыр бул миссиянын жыйынтыктары чындап зарыл болуп турат. Анын жыйынтыгында, болбоду дегенде станция деоккупация болушу керек. Кырдаал ошондо гана чечилет. Андай болбосо биз бул миссиядан башка ишке жарай турган бир чечимдерди алышыбыз шарт. Анткени Запорожье АЭСине барып коюу бул кам көргөндүк эмес. Силер Венадагы жылуу кеңсеңерде отуруп алып деле, МАГАТЭ кырдаалга камтамачылык билдирерин айта берсеңер болот. Бул жерде “камтамачылыктан” жогору бир чара керек. Азыр бизге бардык маселеге чекит койгон чечим керек”.

МАГАТЭнин атынан станцияга жалпы 14 эксперт келген. Бир сыйра текшерүүдөн кийин алардын жарымы чыгып кеткен. Дүйшөмбүдө болсо дагы төртөө текшерүү жумуштарын бүтүргөн, ал эми эки адис анда туруктуу иштей турган болгон.

Украинанын Запорожье АЭСининин абалын көргөн Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик – МАГАТЭ уюму андагы абал тууралуу баяндамасын жарыялады. Анда мекеме өзөктүк авариянын алдын алуу үчүн “тез арада убактылуу чараларды кабыл алуу өтө зарыл” экенин белгиледи. МАГАТЭ Орусия басып алган станциядагы абал “кабыл алынгыс жана коркунучтуу” деп бааланып, ал жердеги коопсуздукту сактоонун негизги жолу куралдуу жаңжалды азыр токтотуу экени айтылды. Уюм такыр болбосо өзөктүк коопсуздук жана коргонуу зонасын түзүүнү сунуштап, согушкан тараптарды тез арада диалогго жана кеңешүүгө келүүгө чакырды.

Бул арада Орусиянын Коргоо министрлиги Запорожье АЭСиндеги аткылоолор үчүн Украинаны Куралдуу күчтөрүн күнөөлөп жатат. Министрликтин өкүлү Игорь Конашенков 6-сентябрдагы билдирүүсүндө, Киевди чагымчылыкка айыптады.

Игорь Конашенков

“Киев режими техногендик катастрофа чыгаруу үчүн Запорожье атомдук электр станциясында чагымдарын улантып жатат. Соңку суткада Энергодар шаарына жана АЭСтин аймагына Украинанын Куралдуу күчтөрү тараптан 15 жолу артиллериялык аткылоо болду. Украин артиллериясы жалпы 20 дүрмөт чыгарды, анын үчөө атомдук электр станциясынын айымагына тийди. Алардын аракеттери Орусиянын күчтөрүнүн жооп катары аткылоосунан кийин гана басылды. Запорожье АЭСинин айланасында радиациялык кырдаал туруктуу”.

Орусия Запорожье АЭСин Украинага кол салгандан бир нече күндөн кийин, марттын башында басып алган. Анда атышуулардан улам өзөктүк реактор жабыр тарткан болушу мүмкүн деген коркунучтар болгон. Ал тургай өрт дагы чыгып, араң басылган. Бул Чернобыл АЭСиндеги 1986-жылкы кырсыкка окшош чоң аварияга себепчи болуп калышы мүмкүн эле.

Азыр деле ушундай коркунуч бар. Ошол себептүү этият шарт үчүн августтун аягында украин бийлиги Запорожьенин тургундарына радиоактивдүү заттарга каршы дары-дармектерди (йод) тарата баштаган. Расмий Киев МАГАТЭден станциянын абалын текшерип кетүүнү суранган.

Украинанын контрчабуулe жана Орусиянын курал ташуусу

Украинанын Куралдуу күчтөрү өлкөнүн түштүк облустарында Орусиянын күчтөрүн сүрүп чыгаруу боюнча контрчабуулун улантып жатат. Украинанын Коргоо министрлигинин “Түштүк” командачылыгы соңку суткада Херсон облусунда орус тараптын ок-дары сакталган төрт кампасын жок кылганын билдирди. Маалыматка караганда, ал кампалар Берислав, Херсон жана Баштанка райондорунда жайгашкан.

Украина Орусия армиясынын логистикасына жана таяныч пункттарына абадан 18 жолу сокку урганын кабарлады. Бул чабуулдардан Орусия армиясы 86 жоокерин, төрт танкын, 12 чопкутталган автоунаасын, бир катар аскердик техникаларын жана байланыш станциясы менен танкка каршы ракеталык комплексин жоготкону маалымдалды. Орусия тарап бул тууралуу комментарий бере элек.

Defense Express басылмасынын аскердик эксперти Валерий Рябых “Эркин Европа/Азаттык радиосу” корпорациясынын долбоору –“Настоящее Время” телеканалына берген интервьюсунда контрчабуулду мындайча комментарийледи:

Валерий Рябых

“Согуш талаасында колдонулуп жаткан "Байрактар" дрондорунун жаңы чыккан видеолору Украинанын түштүк жагында, биринчи кезекте Днепрдин оң жээгинде тараптардын күчтөрү кыйла айырмаланып калганын көрсөтөт. Башкача айтканда, Украинанын Куралдуу күчтөрү каршылаштардын ал жердеги абадан коргонуусун бир топ талкалап салды. Мындан сырткары алардын логистикалык жолдоруна жана чоң техникаларына катуу сокку урду. Агрессор-мамлекеттин Куралдуу күчтөрү учурда буктурмага кабылып калды. Иш жүзүндө аларга курал-жарак жеткирилбей калды. Курал-жаракты, күйүүчү майларды жеткирүүнү уюштуруу алар үчүн азыр кыйынга турууда. Албетте, жарадарларды эвакуациялоо, азык-түлүк менен камсыздоо жана башка нерселерди чечүү да татаалдашты”.

Орус армиясы чыгышта Донецк жана Луганск облустарынын көпчүлүк бөлүгүн жана Харьков облусунун азыраак бөлүгүн ээлеп турат. Түштүктө Запорожье, Херсон облустарынын көпчүлүк бөлүгүн жана Николаев облусунун азыраак бөлүгүн басып алган. Ошол себептүү шарттуу түрдө чыгыш жана түштүк фронт деп каралып жатат.

Орусиянын күчтөрү басып алган украин жерлери кызыл түс менен белгиленген. 5-сентябрга карата карта.

Иш жүзүндө украиндер контрчабуул менен Херсондун Днепрге чейинки бөлүгүн кайтарып алганы турушат. Бул ишке ашса, Николаев облусунун чакан бөлүгү да бошомок. Ар кайсы булактар Днепрдин оң тарабындагы орус аскерлери артка жылып жатканын жазууда. Бирок линия дээрлик өзгөрбөгөн абалда болчу. Ошондон улам кээ бир талдоочулар контрчабуул “жемишин бербей жатат” деп жатышкан.

Аскердик талдоочу Валерий Рябых контрчабуулдун кечеңдеп жаткан себептерин мындайча түшүндүрдү:

“Сүрүп чыгаруу операциясы түпкүлүгүндө коргонуу операциясына караганда татаал болот. Ийгиликтүү контрчабуул үчүн техника, жоокерлер жана абадан сокку уруучу күчтөр душман тарапка салыштырмалуу артыкчылыкка ээ болушу керек. Биз азыр контрчабуулдар чектелген каражаттар менен гана ишке ашып жатканын көрүп турабыз. Албетте, ал азыр Экинчи дүйнөлүк согушта биз күбө болгон аскерлердин жоон тобу чогуусу менен чуркап жүрүш жасаган ыкма менен ишке ашырылбайт”.

Бул арада The New York Times басылмасы АКШнын чалгын кызматтарына таянуу менен Орусия Түндүк Кореядан миллиондогон артиллериялык дүрмөттөрдү жана ракеталарды сатып алып жатканын жазды. Сайт муну Батыштын Орусиянын аскердик өндүрүшүнө салган санкцияларынын жемиши катары баалады.

Мурдараак Орусиянын Коргоо министрлиги Ирандан учкучсуз учактарды алып келе баштаган. Орус аскерлери Тегеранга барып, бул боюнча машыгуудан да өтүп келишкен.

Орусиянын аскерлери 2022-жылдын 24-февралында Украинага басып кирген. Бул аралыкта Киев 9 миңдей жоокерин жоготконун тактады. Орусия мартта 1351 аскери өлгөнүн расмий билдиргенден бери маалыматтарды жаңылай элек. Украиндер орус армиясынын 50 миңден ашык аскери өлдү деп кабарлап жатышат.