Украинадагы согуш: Эрдогандын кызыкчылыгы

Режеп Эрдоган Киевде Владимир Зеленскийдин мейманы – Орусия бастырып кирерден үч апта мурун. 2022-жыл, 3-февраль.

Орусиянын Украина менен согушу кайрадан күч алды. Ондогон мамлекеттер мурдагыдай эле Орусиянын баскынчылыгын кескин айыптап, Москвага каршы жаңы санкцияларды киргизүүдө. Азыр Кремлдин эл аралык майданда түздөн түз колдогон шериктеши дээрлик калбады. Бирок азырынча эч кайсы тарапты жактабаган өлкөлөр бар. Анкара эмне үчүн дал ушундай турумду тандады? Бул согушта Түркиянын президенти Режеп Эрдогандын жеке кызыкчылыгы кандай? Балким, ал Владимир Путинге ичинен боор тартып тургандыр?

Анкара 24-февралдан кийин дээрлик дароо эле Орусиянын бастырып кирүүсүн сөз жүзүндө айыптады, бирок Орусияга каршы эч кайсы санкцияларга кошулган жок. Бирок башынан эле Москва менен Киевдин ортосунда сүйлөшүүлөрдү уюштуруу үчүн арачылык кылууга аракеттенди. Ошол эле учурда, азырынча эч майнап чыкпаса да, өзү мүчөсү болгон НАТОнун иш-аракеттерин сындап келет. Бул аптада Түркиянын президенти Режеп Эрдоган да, тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу да орус-украин чырын дипломатиялык жол менен чечүү мүмкүн деп айтып чыгышты.

“НАТОго кирген кээ бир өлкөлөр Орусияны алсыратуу үчүн тынчтык болушун каалабай турат, ал эми Украинага алар кайдыгер. Украина боюнча биздин жол картабыздан бир мисал келтирейин: орусиялык аскерлерди этап-этабы менен чыгарып, муну менен катар санкцияны да жумшарта берүү керек”,-деди Чавушоглу. Ал 24-февралда согуш башталгандан бери Түркия украин жергесинен өзүнүн 17 миң жаранын чыгарып кетти деп кошумчалады.

Албетте, Анкара бул жагдайга көп себептерден улам тынчсызданууда. Дагы бир цитата келтирели: “Биз жаңы доорго, кансыз согушка келип калдык. Биз анын азык-түлүк, энергетика, киберкоопсуздук жана көптөгөн башка маселелерге байланышкан кесепеттерине даяр турушубуз керек”.

Бул Түркиянын президентинин басма сөз катчысы Ибрагим Калыңдын жакында айткан сөзү.

Эгер орус-украин согушу башталганга чейин, атүгүл коронавирус пандемиясына чейин түрктөрдүн экономикасы катуу начарлап калган болсо, азыр ого бетер оор каатчылыкка тушукту. Режеп Тайип Эрдоган өзүнүн бийлик жүргүзүү доорундагы эң катаал мезгилди баштан кечирип жаткандай. Бул өлкөдө саясий-социалдык чыңалуу келип чыкты. Жыл башында Түркиядагы жылдык инфляция жыйырма жылдан берки эң чоң көрсөткүчкө жетти, жумушсуздук деңгээли 15-20 пайызга жогорулады, товарлар менен тейлөө кызматтарынын баасы 30-50 пайызга өстү, ал эми түрк лирасынын куну эки эсе төмөндөдү. 2023-жылы июнда боло турган парламенттик шайлоону утурлай жүргүзүлгөн сурамжылоолор көрсөткөндөй, бийликтин Режеп Тайип Эрдоган жетектеген Адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясы (АӨП) кадыр-барктан ажырап баратат.

Режеп Эрдоган Стамбулдагы тынчтык сүйлөшүүлөр алдында украин жана орус делегацияларына кайрылууда. 2022-жыл, 29-март.

БУУ жана башка эл аралык уюмдар, мунун ичинен укук коргоо уюмдары да эскерткендей, Орусиянын Украинага бастырып кириши дүйнө жүзүндө азык-түлүктүн жетишсиздигине, ал турсун кадимки ачарчылыкка алып келип, кеминде жүз миңдеген адамдарды азапка салышы ыктымал.

Анкара үчүн азыр айрыкча чоң коркунуч бар. Жакынкы Чыгыштын бардык өлкөлөрүндө, Түркиядан тартып, Мароккого чейин соңку эки ай ичинде ун, буудай акшагы жана башка азыктар тартыш болуп, баасы өсүп кетти. Ислам мамлекеттеринин көбүндө орус-украин согушу жапырт башаламандыкка жана социалдык жарылууга алып келиши мүмкүн деп чочулап жатышат. Анткени, дал ушул азык-түлүктүн кымбаттап кетиши бул региондогу төңкөрүштөргө себеп болуп, акыры “Араб жазына” алып келген болчу.

Дагы караңыз Украина: кан күйгөн эки ай

Түркия азык-түлүктү Орусиядан да, Украинадан да өтө көп алып келген. 2021-жылы Түркия сырттан ташып керектеген буудайдын дээрлик 65 пайызын Орусия берип турган, Украина 13 пайыздан ашуун бөлүгүн камсыздаган эле. Буудайдын баасы быйыл мартта эле кескин өсүп кеткендиктен, Түркия аны чет өлкөлөрдөн сатып алууну 30 пайызга азайтабыз деп билдирди. Анкара үчүн Орусиянын энергия булактары да чоң мааниге ээ. Соңку кезге чейин Орусия бул жакка газ импортунун теңинен көбүн, мунайдын 17 пайызын жана бензиндин дээрлик 40 пайызын камдап турган.

Москва жана Анкара акыркы жылдары көптөгөн соода-экономикалык келишимдерди түзгөн. Булардын эң орчундууларынын бири – “Росатомдун” жардамы менен түрктөрдүн "Аккую" атом электростанциясынын курулушу. Бул наркы 20 млрд. долларды түзгөн долбоорду Режеп Эрдоган кандай гана болбосун аягына чыгарууну көздөй турганын бир нече ирет айткан.

Түркиянын мамлекеттик бюджети четтен келүүчү туризмге да кыйла көз каранды. Бул өлкөдө өргүгөн чет өлкөлүктөрдүн көбү Орусиядан: былтыр эле 4,5 миллиондой орусиялык турист келген эле. Бир нече күн мурун түрк бийлигиндегилер ири ишкерлер менен биргеликте жалаң гана орусиялыктар үчүн иштей турган курортторго киши ташуучу атайын жаңы Southwind авиакомпаниясын да ачышты. Жаңы авиа мекемеси Анадолуда жайгашат, анын алгачкы рейстери майын аягына мерчемделген.

Дагы караңыз ЕАЭБдеги буудай тартыштыгы: камылга жана тобокелдик

Бирок Украина деле акыркы мезгилде Түркия үчүн эң орчундуу өнөктөш болуп калган эле. Былтыр Түркия Украинага 4 миллиард 500 миллион долларлык инвестиция жасап, бул өлкөдөгү эң ири чет элдик инвесторго айланган болчу. Быйыл 3-февралда, согушка аз эле убакыт калганда, Режеп Эрдоган жана Владимир Зеленский Киевде жылдык соода көлөмүн 10 миллиард долларга жеткирүү максатында келишимге кол коюшту. Анкара көптөн бери Киевге курал-жаракты, атап айтканда, мыктылыгы менен таанылган согуштук "Байрактар ТВ2ни" камдап берип келген. Киев менен Анкаранын ортосунда аскер кемелери жана пилотсуз учактар үчүн мотор жана башка деталдарды камдап берүү жөнүндө да келишимдер түзүлгөн.

"Байрактар ТВ2".

Ушундай жагдайда 18-апрелде түнкүсүн түрк армиясы Ирактын түндүгүндө Анкара террордук топ деп санаган, жетекчилери менен катуу касташкан Ирактын Күрдистанында базалары бар Күрдистан жумушчу партиясынын отряддарына каршы "Тырмак" деп аталган кеңири согуштук операциясын баштады.

Түркиянын орус-украин согушуна болгон мамилесин кандай баалоо керектиги, бүгүн Режеп Эрдогандын көздөгөнү эмне экендиги жөнүндө “Азаттык” үналгысына саясат таануучу Иван Преображенский маек курду.

Иван Преображенский.

– Анкаранын орус-украин сүйлөшүүлөрүн уюштуруу аракети, Москвага каршы санкцияларга кошулбай, бирок, "Байрактар" учкучсуз дрондорун айтпаганда да, Киевге кезектеги ар түрдүү өлтүрүүчү эмес курал-жарактарды жана мина тазалоочу техниканы камдап берип жатат. Ушунун баары өзүнүн курортторуна Орусиядан туристтердин келишин абдан ынтызарлык менен күтүп, “Росатомду” көкөлөтө мактап жатышы ж.б. менен кандай айкалышат?

– Анкара башкалардын чырынан өзү үчүн мүмкүн болушунча көбүрөөк пайда табууга аракет кылууда. Орусия менен Украинанын мурдагы алакалары Түркиянын Евразиянын бул чөлкөмүндөгү чоң саясатка өзү абдан каалагандай аралашуу мүмкүнчүлүгүн өтө чектеп турган эле. Тарыхта эзелтен эле Түркия Украинанын бүтүндөй түштүгүнө таасир этип келген. Менин үй-бүлөлүк баянымдан бир мисал: чоң атамдын атасы Крымда жашап, белгилүү чыгармада айтылгандай, Осмон дөөлөтүнүн букарасы болуптур. Башкача айтканда, кечээ жакынга чейин эле Украинанын эмес, атүгүл СССРдин эмес, Орусия империясынын түштүгүндө жашаган экен. А Орусия империясы үчүн ага ээлик кылуу пайдалуу болгон, анткени түктөрдүн таасири сакталып турган. Түрктөр, айрыкча Эрдогандын тушунда муну көп эскеришет. Себеби, ал ички саясатта пантүркизм менен исламизмдин кызыктай аралашмасына улам барган сайын көбүрөөк таяна баштады.

Дагы караңыз Орусиялык компаниялар Түркияга кете баштады

Ошондуктан Түркия орусиялык туристтердин да акчасын алып, Украинага курал-жарак, Орусияга жашылча-жемиш сатуудан да пайда көрүүгө умтулууда. Путиндин Эрдоган менен мамилеси салкындай түшсө эле Орусияга түрктөрдүн помидорун киргизүүгө тыюу салып келгени эсибизде эмеспи. Ошол эле учурда Түркия сүйлөшүүлөрдө арачылык кылып, данакер тарап катары өзүнүн саясий таасирин арттырууга аракеттенет. Буга байланыштуу ал НАТОнун түрткүсүнө карабастан Украинага орустардын айрым курал-жарактарын сатпай турат.

– Кайсы орус курал-жарагын?

– Анкарада орусиялык ЗРК С-400 бар эмеспи, бир нече жыл мурун аларды сатып алганда, НАТОдогу өнөктөштөрү, айрыкча АКШ менен катуу чырдашып калган болчу. Түркия мунун айынан өз аймагында америкалык заманбап кыйраткычтарды сатып алуу, өндүрүү мүмкүнчүлүгүнөн кол жууган. Вашингтон менен мамилесинин бузулушуна көбүнчө ушул себеп болгон. Орусия Украинага бастырып киргенден эки жумадай кийин НАТО Украинага аларды Киевге камдап тур да, ордуна ЗРК "Пэтриотту" ал деп Эрдоганды кыйла эле кыстап сунуштай баштады. Бирок Режеп Эрдоган буга көнбөй койду. Биринчиден, ал НАТОдогу шериктерине, айрыкча АКШга анча ишене бербейт, ойдогудай кенемте алаарына көзү жетпейт, экинчиден, дал ушул орусиялык абага каршы коргонуу тутумдун барлыгы Түркиянын НАТОдогу башка өлкөлөрдөн көз карандысыздыгын азыраак болсо да камсыздап турат деп ойлойм.

Мурдагы советтик мейкиндикте чыр-чатактар канчалык көп болсо, Түркиянын ага тийгизер таасири да ошончолук күчтүү болот.

Түркия региондогу лидердей карманууда, Орусияга да, Украинага да карата Түркия “кайраштыр да, бийлей бер” деген байыркы эреже менен мамиле жасашка аракет кылууда. Мурдагы советтик мейкиндикте, анын ар бир аймагында чыр-чатактар канчалык көп болсо, Түркиянын ага тийгизер таасири да ошончолук күчтүү болот. Бул Орусия менен Украинага эле эмес, бүтүндөй Түндүк Кавказга жана Борбор Азияга да тиешелүү.

Режеп Эрдоган бардык жерде Орусиянын чабалдыгынан пайдаланып, өз таасирин арттырууга умтулуп жатат. Тагыраагы, азыркы түрк бийлиги өзүнүн түшүнүгү боюнча XIX кылымда – ХХ кылымдын башында кол жууган таасир күчүн кайтарып алууга аракет кылууда.

– Бүткүл Түркия үчүн эмес, Режеп Эрдогандын өзү үчүн, анын жеке кызыкчылыктары үчүн Украинадагы согуш канчалык маанилүү? Анын кандайдыр бир атайын максаттары болушу мүмкүнбү?

– Албетте, Эрдогандын көптөгөн жекече максаттары бар, алар Түркия мамлекетинин максаттарына туура келбейт, бул өлкөнүн мүдөөлөрүнө тикелей каршы келет. Владимир Путин сыяктуу эле, Режеп Эрдоган – өтө өкүмчүл лидер, дээрлик диктатор. Ал соңку жылдары колуна эбегейсиз чоң бийликти топтоп алды, партиясындагы ички карама-каршылыктардын баарын, партия ичиндеги оппозицияны толугу менен жоюуга жетишти, оппозициялык маанайдагы башка партияларды да кыйла алсыратты.

2016-жылдагы аскердик төңкөрүш жасоо аракети деп аталган окуяда чыныгы төңкөрүшчү ким болуп, ал эмнени төңкөрдү деген суроону көптөгөн эксперттер талкуулап келишет. Ошол окуядан кийин Эрдоган түрк армиясынын мурдатан бийликке тийгизип келген чечүүчү таасирин жокко чыгарууга жетишти. Азыр Түркия президенттик-парламенттик республикага айланды, бул түзүмгө таянып Эрдоган өз бийлигин мүмкүн болушунча узак мезгилге чейин колдон чыгарбай, кеңейте берүүнү каалайт.

Ушул ыңгайдан алганда, Украинанын аймагындагы согуштук чыр-чатак, бир жагынан, анын салгылашып жаткан тараптардын ортосунда арачылык кылууга жарагыдай бар күчтүү өлкөнүн лидери катары чыгуусуна, экинчи жагынан, бир кезде Александр Лукашенко аракет кылгандай, Эрдогандын өзүнүн күнөөсү менен, Европа шериктештигиндеги жана жалпы Батыштагы дипломатиялык жарым-жартылай обочолонуудан чыгуу мүмкүнчүлүгү жаралат.

Мындан тышкары, түрктөрдүн экономикасы оор каатчылыкка кептелди. Эгер Эрдоган бул абалдан тезирээк чыгып кете албай калса, өзүнүн кадыр-баркын башка бир жол менен көтөрүүгө аракет кылышы мүмкүн. Эрдоган менен партиясы кезектеги шайлоого камданышы керек. Өлкө ичиндеги оппозиция баш көтөрүүдө, ошондуктан жеңүүчү болбосо да бул ирет тынчтык орнотуучу катары атын чыгарууга ал муктаж.

– Дегеле Эрдогандын тушунда соңку жылдары Түркия, Путиндин доорундагы Орусиядай эле, “чөгөлөгөн абалдан туруп кетти” эле. Бирок бул ийгиликке экөө эки башка жол менен жетти. Сиздин оюңузча, айырмачылыктар көппү же окшоштуктарбы?

Сырткы айырмачылыктар көп, албетте. Бирок, эгер натыйжасын эске алсак, окшоштуктары көбүрөөк болуп чыгат. Түркия, бир жагынан, региондо экономикалык лидер болууга аракет кылып көрдү, чындыгында бир топ мезгил аралыгында ушул турумду ээлеп келди. Бирок Эрдогандын өкүмчүл саясаты, Батыш менен болгон мамиленин начарлашы, Түркиянын сырткы соода теңдеминин бузулушу, эл аралык экономикалык алакалардын үзгүлтүккө учурашы жана ал жол берген башка көптөгөн катачылыктар өлкөнү экономикалык жактан кыйла алсыратты, эми ал бүтүндөй чоң региондун лидери болбой калды. Орусиядан деле, азыраак даражада болсо да, ушундай көрүнүштү байкоого болот.

Режеп Эрдоган Сочиде Владимир Путиндин мейманы болду. 2021-жыл, 29-сентябрь.

Владимир Путиндей эле, Режеп Эрдоган да сырткы саясатты, айрыкча аскердик жактан, толугу менен өз алдынча жүргүзүп келди. Айырмасы – Түркия НАТОнун мүчөсү бойдон калып, өзүнүн шериктештери менен кызматташып келди, атүгүл НАТОнун ичиндеги шериктерине карата, айрыкча Жер Ортолук деңизде да өз алдынча, агрессиялуу кадамдарды жасап жатты. Түркия ушул убакыт аралыгында геосаясий чоң дымак менен, бирок аша чаппастан, региондогу дагы бир Орусия сыяктуу таасирге ээ болуп турду. Бул жагынан Режеп Эрдоган менен Владимир Путиндин отосундагы айырма чоң.

Бизге байкалбай жатышы ыктымал болгон окшоштук эмнеде? Эрдогандын Путин сыяктуу эле жеке өкүмчүл лидерге айланганында. Ошондуктан Анкарада бардык чечимдерди эл тааныбаган кишилер тар чөйрөдө кандайдыр бир бейформал жол-жоболор менен кабыл алууда. Мунун баары соңку айларда Орусия Федерациясында болгондой окуяларга алып келиши ыктымал – Орусиянын азыркы согушка камынганын расмий бийлик өкүлдөрү, атүгүл президенттин администрациясындагылар да билбей калды го (көптөгөн ЖМК ушундай деп жатат).

– Эрдоганга Владимир Путиндин өзү, башкаруу ыгы, жүрүм-туруму канчалык жагат? Алар психологиялык жактан окшош эмеспи? Балким, башка батыш саясатчыларына салыштырмалуу өз ара оңой эле тил табышып кетишер?

– Мен да ошондой деп ойлойм. Эрдоган Путинге абдан окшош. Бирок орчундуу айырмачылыгы бар – ал кыйла өжөр, өктөм киши. Ал түрмөдө да отуруп чыккан, өзү туу туткан дегидей идеалдары үчүн күрөшкөн. Экөө тең жеке бийликтүү адамдар болсо да, Режеп Эрдоган бийликке жетүү үчүн Владимир Путинге салыштырмалуу алда канча чоң тоскоолдуктардан өтө алган. Азыркыга чейин анын мүмкүнчүлүгү кыйла катуу чектелип келген эле. Түрктөрдүн аракеттеги конституциялык түзүмү жана Орусиядагыдан айырмаланып, азыр деле иштеп жаткан оппозициясы бар экендиги да тизгинин тартып турат.

Бирок алардын көксөөсү, турмуштук көз карашы жалпысынан өтө окшош. Экөө тең эскиче катаал башкарган, каяша сөздү жактырбай эрдемсиген өкүмдарлар экени даана байкалып турат. Айтмакчы, экөө тең өздөрүнүн саясий максаттары үчүн динди болушунча пайдаланып жатат. Өздөрү түзүп, жайылтып жаткан “мекенчил” баалуулуктарга да таянышат. Эң башкысы, ички жана тышкы саясатта тикелей зомбулукка жол берүүгө даяр. Ушул жагынан булар азыркы башка бардык батыш лидерлеринен айырмаланат. Владимир Путин үчүн да, Режеп Эрдоган үчүн да бул табигый нерсе. Алар зордук-зомбулукту ички оппозицияга да, тышкы “душмандарга” да каршы колдоно бериши ыктымал.

Түриянын танкалары Ирактын Күрдистанына чектеш жерде. 2022-жыл, апрель.

– Режеп Эрдоган азыр өзүнүн көп согуштарынын кезектегисин баштады го. Ал соңку жылдары тышкы саясатта баскынчылыкка көп барууда. Түрк аскерлери Сирия, Ливия жана башка өлкөлөрдөгү согуштарга катышып жатат. Эми эки күндөй мурун Күрдистан жумушчу партиясынын отряддарына каршы Ирактагы Күрдистанда кезектеги аскердик операцияны баштоо жөнүндө буйрук берди. Эмне үчүн ал дал ушул кезде мындай чечимге келди?

– Мында бир нече жагдай айкалышып калды. Эң башкысы – бүтүндөй региондогу кырдаалдын өзгөрүшү, буга Орусия менен Украинанын ортосундагы согуштун таасири бүтүндөй Евразияга тарап жатканы да себеп болду. Белгилүү болгондой, Европа Шериктештиги Орусия Федерациясынан көз каранды болбош үчүн энергия ташыгычтарды каалагандай булактардан мүмкүн болушунча көп өлчөмдө алууга умтулуп жатат. Бул процесс Ирактын көмүр-суутекке бай чакан бөлүгү болгон Күрдистанга да таасир этүүдө.

Кызыгы, Күрдистандын башчысы Масуд Барзани өзүнө караштуу аймактан газды Түркияга да, Европа Шериктештигине да сатуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө сүйлөшүүлөрдү түрк аскерлери Ирактын чегине бастырып кирерден эки эле күн мурун баштаган болчу. Түрк аскерлери азыр Күрдистан жумушчу партиясынын Барзаниге баш ийбеген, ага байланышпаган согушкерлерине каршы салгылашып жатат. Ал Анкарага барып, Эрдоган менен кездешти. Көптөгөн ЖМК болжолдогондой, бул согуштук операцияны колдоп макулдугун берди окшойт.

Масуд Барзани андан ары Европага, мисалы, Улуу Британияга барууга жетишти. Бул чоң сапардын алкагында Барзани газ жана, балким, мунай куурларын Ирактагы Күрдистанды ЕШ аркылуу Түркияга туташтыруу жөнүндө талкуулап жаткан сыяктанат. Ошондо ЕШ Орусия Федерациясына анча көз каранды болбой калышы ыктымал. Бул чоң жараянга Ирактагы Күрдистан да, Багдаддын расмий бийлиги да аралашкан. Буга жакында, март айында Ирактагы Күрдистанды алгач ирет аткылаган Иран да таасир этүүгө аракеттенип жатат окшойт. Демек, бул чөлкөмдө көмүр-суутек үчүн чоң атаандашуу, тирешүү бар экени көрүнүп турат. Бул Эрдоганга таасир этүүчү биринчи жагдай.

Ирактын Күрдистанындагы Эрбил шаарына жакын жайгашкан айыл, ирандык аскерлердин аткылоосуна кабылган. 2022-жыл, 13-март.

Экинчи жагдай – бул кайра эле бүгүн бардык жаңылык булактарынан айтылып жаткан орус-украин согушу жана жалпы туруксуздук. Мындай шартта азыр Түркиянын Ирактагы Күрдистанда эмне кылып жатканына эч ким анча көңүл бурбайт эмеспи. Азырынча Түркиянын Күрдистан жумушчу партиясынын согушкерлерине каршы чабуулуна эл аралык деңгээлдеги реакция – бир гана Түркиянын элчисинин Ирактын ТИМине чакыртылышы жана ага расмий каршылык билдириши гана болду. Бул да салт катары ырымга эле жасалган ишарат, түрк аскерлери муну көзгө илбей чегарадан далай жолу өтүп жүрүшкөн.

Мындан тышкары, Эрдоган үчүн өтө маанилүү ички саясий маселе да бар. Анткени, жогоруда айтылгандай, ал тез арада кандайдыр бир ийгиликке жетиши, тышкы саясатта болбосо да, күрддөргө каршы күрөш жагынан өзүн көрсөтүшү зарыл. Күрдистан жумушчу партиясы ирактык деп саналганы менен, Иракта өзүнүн базасынан туруп Түркиянын өзүнүн чегиндеги өтө чоң күчтөр менен да жашыруун иштешет. Чындыгында Түркияда күрддөрдүн өтө ар түрдүү топтору бар, айрымдары жарым-жартылай көмүскө да, ачык да иш жүргүзөт. Бирок дал ушул Күд жумушчу партиясы – кезинде Советтер Союзунун колдоосуна таянган мурдагы даана марксисттик топ Анкарага олуттуу залака тийгизүүгө аракет кылууда. (Айтмакчы, бул саясий уюм Орусия Федерациясында азыр деле бар).

Түрктөрдүн бул “атайын операциясы” башталгандан кийин Стамбулда жардыруу болгонун, андан эч ким жабыр тартпаганын да айта кетели. Бул да авторитардык өлкөлөрдөгү көптөгөн башка “терактыларга” окшоп кетет – мындай окуялар согуштук иш-аракеттерди баштоого шылтоо болуп, кайсы бир кошуна өлкөлөргө же күчтөргө каршы курал колдонуу үчүн көбүнчө аны бийлик өзү уюштурат.

– Биз Түркия НАТОнун мүчөсү деп бир нече ирет айттык. Бул уюмдун алкагында ал аскеринин саны боюнча экинчи орунду ээлейт. НАТОго мүчө мамлекеттердин ичинен Түркия менен Грекиянын ортосундагыдай эзелтен бери сакталган тирешүү, каршылаштык өтө күчтүү экенин да эске алуу керек. Жер ортолук деңиздин чыгышындагы кызыкчылыктар кагылышуусу жөнүндө да айттыңыз. Түрк-грек мамилеси НАТОнун Орусия менен Украина ортосундагы согушка карата бирдиктүү турумуна кандай таасир этет? Мисалы, Киевди жакшы колдобой жатат деп Грекияны да кыйла жемелешти го. Түркия менен бул жагдайдын байланышы барбы?

– Албетте, тикелей байланышы бар. Афина аскердик жактан Киевге анча-мынча жардам бердик, эми дагы уланта берсек, өзүбүздүн коопсуздукка зыяны тиет деп ачык эле айтып жатат. Грекия кимден коргонушу мүмкүн? Түркиядан башка анын каршылашы жок. Украин саясатчыларынын көбү грек өкмөтүн Орусияга ыктап турат деп айыптап жатышат, бирок бул азыркы учурда анча мааниге ээ эмес. Ырас, Грекияда Орусияны жактаган бир топ күчтөр бар. Бирок азыр Грекия өзүнүн коопсуздугун ойлогон үчүн гана Украинага курал-жарак бербей калды.

Жер ортолук деңиздин чыгышында соңку жылдары деңиз тайыз жерлериндеги эң бай газ кендери үчүн тирешүү башталды. Бул гректердин көптөгөн аралдарына да, иш жүзүндө Афинага караштуу Кипр аралына да тиешелүү. Бул күрөшкө Израил да катышууда. Түркия абдан катуу аралашып жатат. Болгондо да Анкара өтө чогоолдук менен, ачыктан ачык эле курал колдоном деп опузалап турат!

Бул келечектеги дагы бир чырдын очогу болчудай. Мында Түркия дүйнөдө башка эч ким тааныбай жаткан Түндүк Кипр аралынын басып алынган бөлүгүндөгү Түрк республикасы деп аталган түзүмдү колдоп жатканын да эске алуу керек. Түркия бул жакта дайыма өз кызыкчылыгын көздөп келген, ал эми Режеп Эрдогандын тушунда Украинага карата Орусиянын мамилесиндей саясат байкала баштады. Анкара кайсы бир учурда дагы бир “атайын операцияны” баштап ийбейби – айрыкча эл аралык кырдаал курчуп турган чакта муну эч ким айта албайт. Түркияга көңүл бурганга эч кимдин чамасы келбей турган кезде ушундай окуянын ыктымалдыгы чоңоюп кетти.

Владимир Путин жана Режеп Эрдоган «Түрк агымы» газ куурун ачуу аземинде. Стамбул, 2020-жыл, 8-январь.

– Эрдоганды мындан ары Орусияга карата мамилеси кандай болушу мүмкүн? Же Путин менен дагы бир ирет жакындашабы? Же, тескерисинче, Москва менен Анкаранын ортосунда сакталып кала берген каршылаштык талаштуу чөлкөмдөрдө – Сирияда, Борбор Азияда же Түштүк Кавказда кайрадан күч алабы? Буга байланыштуу дайыма кайрадан согуша кетчүдөй болуп турган Армения менен Азербайжан эске түшөт. Мындагы Түркиянын ролу канчалык? Бул окуялар, мисалы, Түштүк Кавказдагы жаңжалдар Эрдогандын кызыкчылыгына канчалык туура келет?

– Түркия илгертен бери эле, айрыкча азыр Орусиянын шериктеши эмес. Путин да, Эрдоган да жекече сопсонун сүйлөшөт, экөө тең бандит экенин өздөрү жакшы билет, тегерегинлеги аймактарды бөлүшүп алууга аракет кылышат. Экөө “бирдей тилде” сүйлөшөт, “каралардай” тил табыша алышат. Бирок алар шериктеш эмес, каршылаштар. Андыктан каалагандай учурда, Орусия алсырай баштаса, Түркия кысымын күчөтөт.

Орусия Украинага бастырып киргенден кийин жакында Тоолуу Карабахта азербайжан аскерлери кайрадан күчүн көрсөтө баштаганда да ушундай болгон. Армяндардын бир нече үйдөн турган чакан айылын ээлеп, андан ары да кирип бара алаарын көрсөтүштү. Анткени, колдо бар маалыматтарга ылайык, орусиялык “тынчтык орнотуучулардын” көбү Украинага тарапка которулгандыктан, азербайжан күчтөрүн токтоткудай эч ким жок эле. Бул кадамын Баку Анкара менен макулдашкандан кийин жасаганы көрүнүп турат. Ал жакта чын эле согуш аяктай элек окшойт деп чочулайм. Эгер жакын арада армян тараптын эсебинен бир кыйла аймакты берүү менен Армения жана Азербайжандын ортосунда кандайдыр бир жаңы келишимге кол коюлбаса, Түркия бул маселени күч менен чечүүгө киришүүсү мүмкүн.

Түркия таасирин арттырып, Орусия бара-бара чегине турган дагы бир регион – бул Борбор Азия. Бул жакта Түркия Кытай менен атаандашат. Тышкы саясатта КЭРдеги мусулман азчылыктарына карата репрессиячыл саясатты айыптоо жагынан Вашингтондон кийин эле Пекиндин башкы каршылашы болуп турат. Түркия мурда Кытай менен Орусия атаандашып келген чөлкөмгө кирип жатканын жакшы билет, эми аны менен өзү тирешип көрмөкчү. Борбор Азияга Түркиянын таасири күчөп, а Орусиянын таасири начарлай берет.

Түркия, мисалы, жарым-жартылай болсо деле мусулман деп эсептелген гагауз азчылыгы бар Молдовага жана башка көп региондорго да байланышкан кызыкчылыгы пайда болду. Бир кызыктай тарыхый жоромолдорду жакшы көрүп калган Орусия Федерациясы эми азыркы Украинанын түштүк аймагы, анын ичинен Крым боюнча осмон дөөлөтү менен түзүлгөн байыркы келишимдер жөнүндө эскере баштады.

– XVIII кылымды айтып жатасызбы?

– Ооба, Яссыдагы тынчтык келишими жөнүндө. Андан ары Кремль Орусия менен Осмон дөөлөтүнүн ортосунда өз ара таасир бөлүштүрүүгө тиешелүү көптөгөн келишимдерди ачыкка чыгарды. Аларда эгер кайсы бир жерлер Орусияга таандык болбосо, аларды осмон мамлекети ээлегенге толук укуктуу деп белгиленген дешет. Муну Украинаны опузалагысы келген орусиялык расмий “геосаясатчылар” улам кайталап эскерип турушат.

Эрдогандын тушунда Орусиядагыдай эле улутчулдар менен диний радикалдар жуурулушуп кетти

Чындыгында бул жөнү жок эле кеп-сөз эмес, анткени Түркиянын өзүндө жаңы пантүркчүлөрдүн таасири күчөп баратат. Айрыкча Эрдогандын тушунда Орусиядагыдай эле улутчулдар менен диний радикалдар жуурулушуп кетти. Империядан кийинки маанай азыр Орусиянын эле эмес, Түркиянын да башкаруу чөйрөсүндө үстөмдүк кылууда. Ушул шартта Түркиянын тышкы саясатында исламчыл да, улутчул да багыттарды айкалыштырган жаңы стратегия даярдалып жаткансыйт. Ошондуктан Түркиядан кошуна өлкөлөргө тийгизер кооптуу таасири артып баратат.

Андыктан Москва менен Анкара Сириядагы тирешпей калбайт. Сириянын көп бөлүгүн Түркия өзүнүн мурдагы чет жакасы деп эсептейт. Москва Сириянын аракеттеги президенти деп санаган Башар Асадды Анкара эч качан толук тааныбайт. Орусия Майдандан кийин Украинага кысым көрсөткөндөй, Түркия да Сириянын азыркы бийлигин мыйзамсыз дей берет да, Орусия алсырап, бул чөлкөмдөн кетер замат Сириянын саясатына кайрадан кийлигише баштайт.

Александр Гостевдин макаласын орус тилинде бул жерден окуй аласыз.