Украина: Лисичанск шаары тынымсыз бомбаланууда

Луганск облусундагы Лисичанск шаары.

Орусиянын күчтөрү Украинанын Лисичанск шаарын тынымсыз бомбалап жатат. Украин күчтөрү Орусия тарап көзөмөлдөп келген деңиздеги мунай бургулоочу платформаларга сокку урганы кабарланууда.

Украинанын чыгышындагы Харьков облусунда артиллериянын кармашы жүрүп жатат. Изюм шаарынын жанында жүргөн украин аскерлеринин тобу чакан дрондун жардамы менен орус тараптын позицияларын аныктап, андан соң каршы тарапка "Град" системасы менен сокку урууда.

"Настоящее время" телеканалынын кабарчысы күбө болгондой, мындай соккудан кийин аталган система орусиялык күчтөрдүн көзүнө илинип калбаш үчүн ордун өзгөртүшү керек. Аскерлер да коргонгонду билиши зарыл. Андыктан алар тыныгуу маалында окоп казышат.

"Коопсуз болушу үчүн тереңирээк казганга аракет кылабыз. Биз артиллерия менен согушуп жатабыз. Эң кичине дегенде 120 миллиметрлик ракеталар түшөт. Туруктуу түрдө "Граддан", танктардан аткылашат. Танктар көп", - деп айтты согуш тилкесинде жүргөн украин аскери.

Учурда бул өңдүү салгылашуулар жана аба соккулары Украинанын түштүгү менен чыгышындагы башка аймактарда, айрыкча Луганск жана Донецк облустарында да тынымсыз уланууда.

Украин армиясы билдиргендей, 20-июнда орусиялык күчтөр Кара деңиздеги Одесса портундагы тамак-аш кампасына сокку урду. Бул портту Орусиянын аскердик флоту бөгөттөп турат.

Донбасста абал оор

Северодонецктеги украин аскери. 8-июнь, 2022-жыл.

Соңку бир күн ичинде орус күчтөрү Лугансктагы Северодонецк жана Лисичанск шаарларын дагы бомбалады.

Лугансктын губернатору Сергей Гайдай аймакта "өтө оор абал" түзүлгөнүн, Орусиянын аба соккулары Лисичанскта чоң кыйроого алып келгенин билдирди. Анын айтымында, орус күчтөрү Северодонецк шаарынын "Азот" химиялык заводунан башка дээрлик көпчүлүк бөлүгүнө көзөмөлүн орнотту.

Президент Владимир Зеленский украин күчтөрү Северодонецк жана Лисичанск шаарларды коргоону улантып жатканын белгилеп, Украина Евробиримдикке талапкер деген макам алар алдында орус күчтөрү чабуулдарын күчөтүп жатканын айтты.

"Биздин аракеттер Орусиянын өтө тынчын алып жатат. Харьковду, Одессаны кайрадан аткылашты. Донбасста кайрадан катаал чабуулдарын күчөтүүгө аракет кылууда. Мындай кастыкты согуш талаасында гана токтотууга болот", - деп билдирди 20-июнда Зеленский.

Орусия 24-февралда басып киргенден көп өтпөй Украина Европа Биримдигине мүчө болуу тууралуу арызын Брюсселге жолдогон. Аны улай Молдова менен Грузия да Еврошаркетке ушундай эле кайрылуусун жөнөткөн. Европа Биримдигине мүчө 27 мамлекеттин лидерлери үч өлкөнүн арызын 23-24-июндагы саммитинде караганы жатат.

Дагы караңыз Кыргыз жарандарын украин согушуна ким азгырган?

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын спикери Вячеслав Володин Украина Евробиримдикке мүчө болсо, Брюсселге көз каранды болуп калат деп айтты.

21-июнда президент Владимир Путин аскердик окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуусунда орус күчтөрү "Донбассты коргоп жатканын" айтып, Орусия "коркунучтарды жана тобокелчиликтерди эске алуу менен" өз армиясын күчтөндүрүүнү, аскерлерди жаңы курал-жарак системалары менен жабдуу аракетин уланта турганын белгиледи.

"Согуш тилкесинде сыноодон өткөн жаңы куралдардан тышкары аскердик күчтөр дүйнөдө теңдеши жок C-500 абадан жана ракетадан коргонуу системаларын ала баштады. Континенттер аралык "Сармат" ракеталык системасы да ийгиликтүү сыноодон өттү. Планга ылайык, быйыл жылдын соңунда мындай комлекс аскердик күзөткө чыга баштайт", - деди Путин.

Украин тарап чабуулга өттүбү?

Кара деңиздеги мунай бургулоочу платформалар.

Орусия негизги күчүн Донбасс аймагына багыттап жатканда Украина Батыштан алган курал-жарактарын колдоно баштады. Британиянын чалгын кызматынын 21-июндагы маалыматына ылайык, өткөн аптада Украина кемелерге каршы "Гарпун" ракеталарын биринчи жолу ийгиликтүү сынады.

"Чабуулдун бутасы Кара деңиздин түндүк-батышындагы Змеиный аралына курал-жарак жана аскерлерди жеткирип бараткан "Спасатель Василий Бех" кемеси болгон", - деп айтылат британ тараптын маалыматында.

Мындан тышкары украин күчтөрү Крым жарым аралынын жанындагы "Черноморнефтегаз" ишканасынын мунай бургулоочу платформаларына сокку урганы кабарланууда.

Москва аннексиялаган Крымдын лидери Сергей Аксенов шейшемби күнү айткандай, мунай платформаларына урулган соккудан үч киши жаракат алып, дагы жетөө жарадар болду. Көз карандысыз булактар бул маалыматты ырастай элек. Украин тарап да мындай чабуулдар тууралуу комментарий берген жок.

Айрым маалымат каражаттары жазгандай, Кара деңизде жайгашкан платформаларга ракеталык соккулар 21-июнга караган түнү болгон. Жергиликтүү бийлик өрт күндүз деле уланып жатканын кабарлады.

Орусия 2014-жылы Крым жарым аралын аннексиялап алган. Ошол учурда жарым аралдан 150 чакырым алыстыкта жайгашкан, Кара деңиздеги мунай бургулоочу платформаларды кошо басып алган. Мурда Украинага караган "Черноморнефтегаз" ишканасын Крымдын жетекчилиги улутташтырып алган. Киев бул боюнча кылмыш ишин козгосо, Евробиримдик менен АКШ аталган компанияга каршы санкция салган.

Орусия Украинага 24-февралда басып кирген. Москва коңшу өлкөгө кол салганын "атайын аскердик операция" деп атап, ал Украинанын "денацификациясын" жана "демилитаризациясын" көздөй турганын билдирген. Бирок эл аралык коомчулук, Батыш өлкөлөрү Орусиянын кадамын "баскынчылык жана агрессия" деп атап келет.

Москва менен Вильнюстун араздашуусу

Ал арада Украинадагы согушка байланыштуу Литва менен Орусиянын ортосунда дипломатиялык араздашуу жаралды. Литва 20-июндан тартып Орусиянын Калининград эксклавына темир жол аркылуу жүк ташууга бөгөт койгон.

Расмий Вильнюс өз чечимин Москванын Украинага кол салуусуна байланыштуу Европа Биримдигинин жана башка өлкөлөрдүн Орусияга каршы санкцияларын аткаруу аракети катары мүнөздөгөн.

Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев Калининграддагы жыйында жүктөрдү өткөрбөй жатканы үчүн Литвага каршылык билдирип, алар дагы "жооп чараларга" кабыларын эскертти.

Патрушев тиешелүү чаралар даярдалып жатканын, ал жакын арада киргизилсе, Литванын калкына олуттуу кедергисин тийгизерин "Интерфакс" маалымат агенттигине билдирди. Катчы Литванын бийлигинин аракеттерин “Батыш өлкөлөрүнүн буйрутмасы менен жасалып жаткан камоол (блокада)” деп атады.

Бул арада Орусиянын Тышкы иштер министрлиги да Евробиримдиктин Москвадагы элчисин чакыртып, Литванын Калининград эксклавына жүктөрдү өткөрбөй жатканы үчүн нааразылыгын билдирди.

Калининград облусу Литва менен Польшанын ортосунда турат жана иш жүзүндө Орусиянын негизги аймагы менен туташпаган эксклавы болуп саналат.

Литванын премьер-министри Ингрида Шимоните 21-июндагы билдирүүсүндө бул камоол эмес экенин айтты.

“Мен дагы бир жолу белгилеп коёюн, Калининградды эч ким камоолго алып жаткан жок. Болгону айрым товарларга карата санкциялар ушул дем алыш күндөрүнөн баштап күчүнө кирди. Өзгөчө кара металлдарды ташууга тыюу салынат. Азык-түлүк, дары-дармек жана башка гуманитардык багыттагы товарларга эч кандай чектөө жок”, - деди Ингрида Шимоните.

Быйыл Орусия украин жергесине басып киргенден кийин Москвага карата санкциялар кескин күчөдү. Кремль Батыштын "санкциялык блицкригинен" майнап чыкпаганын айтып жатат. Бирок адистер экономикалык жана финансылык чаралардын кесепети жылдын экинчи жарымында дагы аныгыраак сезилерин эскертип келишет.