Украина коргонууну күчөтөт, Орусиянын "жанкечти" дрондору

Украина аскерлери. 4-октябрь, 2022-жыл. Лиман.

Соңку бир айда украин армиясы 600дөй калктуу конушту орус күчтөрүнөн бошотту. Херсон облусунун Москва дайындаган бийлиги жергиликтүү тургундарды шашылыш Орусияга көчүрүүдө. Ал арада Москва ондогон украин шаарларына сокку урууну улантып, карапайым тургундардын өмүрү кыйылууда.

Украин армиясы соңку жумаларда Херсон облусунун улам бир айыл-кыштагын орус күчтөрүнөн бошотууда. Алардын улам алдыга карай илгерилеши аймактын орусиячыл бийлигин чочуткандай.

13-октябрда аймактын Москва дайындаган губернатору Владимир Сальдо тургундарды Орусиянын аймактарына чыгып кетүүгө чакырып, Кремлден жардамдашууну өтүндү.

"Мен Орусия Федерациясынын жетекчилигине кайрылам. Херсон облусу сентябрдын соңунда өз тандоосун жасаган. Тургундар референдумда Орусияга кошулуу ниетин билдирген. Биз бул чечимди украин бийлиги тааныбай турганын жана өч алууга барарын билгенбиз. Ушундай эле болду - шаар күнүгө ракеталык сокку кабылууда".

Буга Орусиянын вице-премьер министри Марат Хуснуллин дароо жооп кайтарып, Москва көмөктөшөрүн билдирди.

Дагы караңыз Украина: Лиманда сөөктөр жапырт көмүлгөн жер табылды

Украинанын Херсон, Запорожье, Луганск жана Донецк облустарын Москва күч менен Орусиянун курамына сентябрдын соңунда кошуп алган. Орусиянын агрессивдүү аннексиясын дүйнөдө Түндүк Кореядан башка бир да мамлекет тааныган жок.

Украин армиясы өлкөнүн түндүк-чыгышында Харьков аймагында 502, стратегиялык деп саналган Херсон облусунда 75, Донецк облусунда 43, Луганск облусунда жети калк жашаган жерлерди бошотконун 13-октябрдын кечинде билдирди. Жалпысынан соңку бир айда 600дөн ашуун шаар-кыштак орус күчтөрүнөн тазаланды.

Киев ушу тапта Донецк облусунун Бахмут шаарында айыгышкан салгылашуу жүрүп жатканын билдирди.

Орус армиясы төрт күндөн бери абадан сокку урууну улантууда

Украинанын президенти Владимир Зеленский 14-октябрда билдиргендей, соңку бир суткада орус армиясынын соккусунан он чакты жайкын тургун мерт болуп, ондон ашууну жараат алды. Алардын көбү Николаев шаарынын тургундары. Өлкө түштүгүндөгү бул порт калаа согуш башталгандан бери Орусиянын аткылоосуна кабылып келет.

Украинанын башкы штабы билдиргендей, соңку чабуулда С-300 ракеталары колдонулган. Ал эми Киевдин жака белин Иранда өндүрүлгөн "Шахид" деп аталган жанкечти дрондор менен аткылаган.

Бир катар жарандык инфраструктуралар жана энергетикалык обьектилер жабыркады. Ракеталардын теңин украин күчтөрү абадан атып түшүрүп жатканы менен, бул да жетишсиз болууда. Владимир Зеленский Европа кеңешине кайрылып Киев абадан коргонуу системаларына муктаж экенин дагы бир ирет эске салды.

Дагы караңыз Киевдеги элчилик күчөтүлгөн режимде иштеп жатат

NASAMS жана IRIS-T

Британиянын коргоо министрлиги NASAMS зениттик комплекстерин жөнөтүүнү убада кылды. Ушундай эле үлгүдөгү коргонуу системасын буга чейин Пентагон дагы жиберүүгө сөз берген.

Бул комлексти норвегиялык Kongsberg жана америкалык Raytheon компаниялары биргелешип өндүрөт. Ал кыска жана орто аралыктагы ракеталарды атып түшүрө алат.

Маалыматтарга караганда, жакында эки NASAMS Украинага жеткирилет. Алар дароо 108 обьекти бутага ала алат.

Бул комплексти АКШ жана НАТОго мүчө башка мамлекеттер негизинен өкмөттүк имараттарды коргоодо колдонуп келишет.

NASAMS зениттик-ракеталык комплекси.

Орусиянын соңку аткылоосуна баарынан тез реакцияны Германия жасап, Киевге IRIS-T системасын жөнөттү.

"Украинада абадан коргонуунун жаңы доору башталды. Германия жөнөткөн IRIS-T бизде",-деп жазды Украинанын коргоо министри Алексей Резников.

IRIS-T SLM деп аталган бул система обьектти учак, тик учак, канаттуу ракеталардан жана учкучсуз аппараттардан коргой алат. Ал 40 чакырым алыстыктагы ракетаны атып түшүрө алат.