Орус армиясы Киевге чабуулун күчөткөнү кабарланууда. Согуштун биринчи күнү эле 137 украин аскери курман болду. Орус күчтөрү кандай жоготууга учураганы так белгисиз. АКШ, Британия, Евробиримдик Москвага жаңы санкцияларды киргизди. Украина бул чаралар жетишсиз экенин эскертүүдө.
25-февралга караган түнү Украинанын баш калаасынын бир нече району артиллериялык аткылоого жана ракета чабуулуна кабылды. Киевдин тургундарынын бир бөлүгү метро станцияларында жана убактылуу баш калкалоочу жайларда таң атырды.
Орусиянын Коргоо министрлиги шаардагы аскердик объекттерди гана бутага алганын билдиргени менен ракеталар жайкын тургундар жашаган көп кабатуу үйгө да тийди. Расмий маалыматка ылайык, бул үйдө 150 тургун эвакуацияланып, сегиз киши жараат алды.
"Катуу добуш угулду, бир нерсе учуп бараткандай сезилди. Туруп, терезени карадым. Эч нерсе көрө алган жокмун. Жарылуу болгондон кийин эки тараптан тең терезенин айнектери күбүлүп түшкөнүн көрдүм", - деди чабуулга кабылган үйдүн тургуну Анатолий Ефименко.
Жума күнү Украинанын Коргоо министрлиги Киевдин бир районунда орус күчтөрү бар экенин ырастады. Шаардын айрым аймактарында атышуу болуп жатканы кабарланды.
Орусия Украинага чабуулун 24-февралдын таңында баштаган. Андан бери Украинанын Беларус менен чектешкен түндүк аймактарында, чыгышында жана түштүктөгү Кара деңиздин жээгиндеги аймактарда куралдуу кагылышуулар уланууда.
Өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Сумы, Харьков жана түштүктөгү Херсон, Одесса шаарлары үчүн айыгышкан кармаш жүрүп жатат.
Бейшембиде украин күчтөрү Киевдин жанындагы Гостомел шаарчасында орус күчтөрүнүн чабуулунун мизин кайтарды. Ошол эле учурда Чернобыл атомдук станциясынын аймагы орус аскерлеринин карамагына өткөн.
Биринчи күнкү кагылышууларда 137 украин аскери жана жараны мерт болуп, 300дөн ашуун киши жараат алганы расмий айтылды. Орусия канча жоготууга учураганын билдире элек.
Украинанын түштүгүндөгү Змеиный аралын коргоп жаткан 13 чек арачы орус күчтөрүнүн чабуулунан курман болду. Президент Владимир Зеленский алардын баарына "Украинанын баатыры" деген наам ыйгарды.
Ал Орусия менен согушта Украина жалгыз калганын, ошентсе да украин күчтөрү татыктуу күрөшүп жатканын айтты.
"Бул таңда, кечээкидей эле, өз өлкөбүздү жалгыз коргоп жатабыз. Дүйнөдөгү эң кубаттуу күчтөр бизге алыстан байкоо салып турат. Кечээки санкциялар Орусияны ооздуктадыбы? Санкциялар жетишсиз экенин биздин асманыбыздагы, жерибиздеги окуялар көрсөтүп жатат", - деди жуманын таңында Зеленский.
Батыштын санкциясы, Орусиянын жүйөөсү
Орусия Украинага кол салгандан кийин АКШ, Улуу Британия жана Евробиримдикке кирген бир катар өлкөлөр Москвага каршы санкцияларды четинен жарыялап жатышат.
24-февралда расмий Лондон Орусиянын беш банкынын, курал-жарак тармагындагы олигархтарынын мүлкүн камакка алууну чечти. Орусиянын "Аэрофлот" аба компаниясынын учактарына британ аймагына конууга тыюу салды.
Еврошаркет Орусиянын финансы, энергетика жана транспорт тармактарын бутага алган жана экспортту чектеген чараларга макулдук берди. Ага ылайык, Орусиянын Евробиримдиктин аймагындагы мүлкү камакка коюлат жана орус банктарынын Европанын финансылык рыногу менен байланышы үзүлөт.
Бейшемби күнү АКШнын президенти Жо Байден Орусиянын активи 1 триллион доллардан ашкан ВТБ банкы Кошмо Штаттардын финансылык системасынан ажыратылганын кабарлады. Мындан сырткары СберБанк, "Газпромбанк", "Открытие", Совкомбанк жана Новикомбанкка дагы санкция салынды. Байден, жаңы чектөөлөр орус олигархтарына жана ал өлкөнүн технологиялык секторуна да терс таасир этерин кошумчалап, Путинди сынга алды.
"Анын дымагы Украина менен чектелбейт. Чынында ал мурдагы Советтер Союзун кайра түзгүсү келет. Мунун баары ушуга байланыштуу. Менимче, анын дымагы калган дүйнөнүн көз карашына карама-каршы келет", - деди АКШ президенти Жо Байден.
Украина менен Балтика өлкөлөрү Орусияны SWIFT аттуу банктар арасындагы акча которууну камсыз кылган глобалдык системадан бөлүп салууга чакырууда. Бирок Батыш өлкөлөрү бул чара боюнча бир пикирге келе элек. Германиянын канцлери Олаф Шольц: "Биз санкцияларды башка учурга да сакташыбыз керек", - деп айтты.
Москва коңшусуна кол салууну "атайын аскердик операция" деп мүнөздөп, Украина НАТОго мүчө болбошу керек деген талап коюуда.
"Болуп жаткан окуялар - аргасыз чара. Бизге башкача кадам таштоого мүмкүнчүлүк беришкен жок. Коопсуздук тармагында ушундай тобокелдик жаратканы үчүн башка жол менен жооп кайтаруу мүмкүн болгон жок", - деп билдирген 24-февралда орус президенти Владимир Путин.
24-февралдан бери дүйнөнүн булуң-бурчунда Украинага тилектештик билдирген жүрүштөр өтүп жатат. Бейшемби күнү Орусиянын бир катар шаарларында жүздөгөн адамдар акцияга чыгып, согушту токтотууну талап кылды. Бирок орус полициясы көчөгө чыккан ондогон адамдарды кармап кетти.
Ал арада орус өкмөтүнүн постсоветтик чөлкөмдөгү дипломатиялык аракеттери активдешкени байкалууда. Орус премьер-министри Михаил Мишустин Нур-Султанга келип, казак президенти Касым-Жомарт Токаев жана Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго жолукту.
Орусиянын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко Дүйшөмбүгө келип, тажик президенти Эмомали Рахмон жана анын уулу, Тажикстандын парламентинин жогорку палатасынын төрагасы, президенттин уулу Рустам Эмомали менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.