Украина F-16 учагын алды. Ал согушка кандай таасир этет?

4-августта Украина биринчи жолу аба күчтөрүнүн курамындагы америкалык F-16 кыргын салуучу учагын көрсөттү.

Август айынын башында Украинанын армиясы F-16 үлгүсүндөгү кыргын салуучу учактарды “көп эмес санда” алганын Bloomberg агенттиги булактарына таянып жазган.

Көп өтпөй, 4-августта Украина биринчи жолу аба күчтөрүнүн курамындагы америкалык F-16 кыргын салуучу учагын көрсөттү.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Аскер-аба күчтөрүнүн майрамында сүйлөгөн президент Владимир Зеленский бул окуяны улуттук аскердик авиацияны өнүктүрүүнүн жаңы этабы деп атаган.

Ал Киевдин өнөктөштөрүнө, тагыраак айтканда, Нидерланд менен АКШга Украинага F-16ларды берүүдөгү жардамы үчүн ыраазычылык билдирген.

Зеленский учурда Украинанын канча F-16 учагы бар экенин тактаган жок, бирок аба күчтөрү "аларды өлкө үчүн колдоно баштаганын" айткан.

"Биздин биринчи F-16 учактары кандай тапшырмаларды аткара турганын же буга чейин аткарганын азырынча толук айта албайм.... Азырынча Украинада бир катар учкучтар даярдалган, бирок бул жетишсиз", - деген Зеленский.

Иш-чара коопсуздук максатында белгисиз жерде өткөрүлгөн.

Орусия басып киргенден бери украин бийликтери Батыштан заманбап F-16 согуштук учактарын берүүнү суранып келген. 2023-жылы бир нече өлкө АКШнын макулдугу менен мындай учактарды Киевге өткөрүп берүүгө макул болгон.

F-16 учагынын тарыхы

F-16лар Вьетнам согушунан кийин АКШда иштелип чыккан. Жаӊжал убагындагы аба салгылашууларында америкалык оор, жай учкан учактарды Советтер Союзу Вьетнамга берген ийкемдүү учактар оӊой эле атып түшүрүп турган.

“Кырылгыс мафия” деген ат менен белгилүү америкалык конструкторлор тобу F-16ны түзүү үчүн ошол кездеги философияга бурулуш жасаган. Натыйжада кубаттуу жана татаал учактар пайда болгон.

Иштеп чыгуучулар кубаттуулукту арттыруу үчүн кыймылдаткычтын көлөмүн чоӊойткон эмес. Алар F-16нын баштапкы үлгүсү болгон учактын салмагын жеӊилдеткен. Алар ошондой эле учуу аралыгын көбөйтүү май багын да четке кагып, реактивдүү учактын көлөмүн кичирейткен жана каршылыкты азайтышкан.

Конструкторлордун бири авионика боюнча адистердин учакка оор жана татаал жабдууларды шыкап жатканына тынчсызданып, кийинчерээк мындай деп эскерген: “Биз учакты ушунчалык тыгыздап койгондуктан, анда бок-сактын баарына орун калбаган эле”.

F-16 эң ийгиликтүү согуштук учак деп аталды. Анын баштапкы үлгүсү алгач ирет 50 жыл илгери абага көтөрүлгөн. Ошондон бери дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүнүн куралдуу күчтөрү үчүн 4600дөн ашык F-16 жасап чыгарылган.

Флоридадагы МакКинли климаттык лабораториясында F-16ны төмөнкү температуралуу сынактан өткөрүү учуру, 1982-жыл

Расмий түрдө “Текөөрү курч шумкар” деп аталган, бирок адатта “Уу жылан” деп таанылган бул учакты Украина алды.

F-16 менен учуп салгылашкан тажрыйбасы жөнүндө китеп жазган Розенкранц украин учкучтарынын абалы адегенде заманбап кыргынчылар менен учкан орусиялыктарга салыштырмалуу начар болорун айтат.

Розенкранц “мындай учакта учууда көп жылдык тажрыйбасы жок украиналык учкучтар үчүн өз улутун коргоо боюнча согуштук тапшырмаларды аткаруу өтө кыйын болот” деп эсептейт.

Америкалык учкуч машыгуу учагында бир жылдан ашык убакыт бою, 1200 сааттан көп учуп, согуштук эмес тапшырмаларды аткарып, F-16 менен эми согуштук миссияларды аткарууга киришти. Анын айтымында, узак мезгил бою даярданганына карабастан, анын биринчи согуштук учуулары “өтө коркунучтуу” болгон.

“Орусияда [S-400 зениттик системалары] сыяктуу эффективдүү абадан коргонуу системалары бар. Алардын тажрыйбалуу кыргынчы учкучтары бул учактарда аз учкан [украин] F-16 учкучтарына караганда күчтүүлүк кылат. Буга чейин айтканымдай, машыгуу миссиялары менен чыныгы согуштук миссиялар ортосунда чоң айырма бар”, – деп түшүндүрдү америкалык адис.

Розенкранц белгилегендей, украиналык учкучтар бир жылга жакын учкандан кийин F-16 учагында өздөрүн ыңгайлуу сезишкен.

“Ошондо деле алар орус армиясына үстөмдүк кыларына көзүм жетпейт”, – дейт ал.

F-16 жана F-15 учактары (кош куйруктуулугу менен айырмаланат) 1991-жылы Перс булуңундагы согуш мезгилинде Ирактагы күйүп жаткан мунай кендеринин үстүнөн учуп баратат.

F-16 алгач башка учактарды алдап кетүү жана атып түшүрүү үчүн иштелип чыккан, анын секундасына 100 ок чыгарууга жөндөмдүү 20 мм сайлуу айланма замбиреги бар.

Бирок бүгүнкү күндө төртүнчү муундагы кыргынчыларда колдонулуучу күчтүү радарлар жана ракеталык системалар бар экенин эске алганда, украиндер башкарган F-16лар мурдагыдай аба салгылашууларына чыгышы күмөн.

Дэвид Керн – миңдеген сааттар бою учкан тажрыйбасы бар мурдагы F-16 учкучу. Ал АКШнын аба күчтөрү колдонгон төртүнчү муундагы кыргынчылар менен учкан. Керн “Азаттыкка” Украинадагы F-16 “абдан ийкемдүү жана узак аралыкка атуучу артиллериялык системанын бир түрү болот” деген ойдомун дейт.

Азыр F-16да колдонулуучу башкаруу системасына учкучтарды үйрөтүп жаткан Керндин айтымында, америкалык учактар орусиялык ири учкучсуз учактар жана канаттуу ракеталар сыяктуу абадагы буталарды, ошондой эле жердеги буталарды, атап айтканда, “камсыздоо жолдорун, логистикалык базаларды жана орус аскерлери топтолгон жерлерди” талкалоо үчүн пайдаланылышы көбүрөөк ыктымал.

“Эгер украиндер F-16ны колдонуп, стратегиялык буталарга кол салуу үчүн Орусиянын аймагына бир нече катуу сокку урса, мен таң калбайм”, - деп кошумчалайт учкуч.

Ооганстандагы Баграм аэродромундагы жерде иштеген кызматкерлер F-16дан кыймылдаткычты чыгарып жатышат, 2014-жыл.

Киев 2024-жылдын аягына чейин 20дай учкуч даярдалып, согуштук аракеттерге даяр болот деп болжолдоодо. Бул Киев башында күткөндөн бир нече эсе аз. Окуу курстарын уюштуруудагы кыйынчылыктарга байланыштуу ушундай кырдаал түзүлгөнү айтылган.

НАТОнун мүчөлөрү Дания, Норвегия, Бельгия жана Нидерландия Украинага жалпысынан 85 учак убада кылышкан.

Ооганстандагы Баграм аэродромундагы жерде иштеген кызматкерлер F-16дан кыймылдаткычты чыгарып жатышат, 2014-жыл

"Азаттыктын" казак кызматынын макаласын орус тилинде бул жерден окуй аласыз.