Украина: Биримдик күнү, АКШнын эскертүүсү

Одессада "Биримдик күнүн" белгилеген украин аскерлери. 16-февраль, 2022-жыл.

Украинада "Биримдик күнү" белгиленип жатат. Буга чейин АКШдагы булактар Орусия ушул күнү Украинага кол салышы мүмкүндүгүн эскерткен. Москва Украинанын айланасындагы айрым аскердик күчтөрүн артка кайтарып жатканын билдиргени менен НАТО өлкөлөрү буга ынанбай турат.

Орус-украин чегинде кырдаал чыңалып турганда 16-февралда Киевдеги стадиондо жүздөгөн адамдар ондогон метрлик украин желегин көтөрүп, жүрүшкө чыгышты. Буга чейин АКШнын чалгын кызматындагы булактар Москва Украинага чабуулун 16-февралда башташы мүмкүндүгүн эскерткен болчу.

Мындан улам украин президенти Владимир Зеленский бул күндү "Биримдик күнү" деп жарыялаган. Ал шаршембиде элди биримдигин көрсөтүүгө чакырды.

"Бизди жашоого, үй-бүлөлөрүбүз, ата-энелерибиз жана балдарыбыз менен тынчтык ичинде бактылуу өмүр сүрүүгө болгон каалообуз бириктирип турат. Булардын баарына укугубуз бар. Себеби биз өзүбүздөн үйүбүздөбүз, Украинадабыз. Мекенибизди бизчелик эч ким сүйбөйт. Мекенибизди эч ким бизчелик коргобойт", - деп билдирди Зеленский.

Дагы караңыз "Европадагы тынчтыкка коркунуч жаралып жатат"


Шейшембиде Орусия Украинанын чек арасына жакын жайгаштырылган айрым аскердик бөлүктөрүн артка кайтарып жатканын жарыялаган. 16-февралда Орусиянын Коргоо министрлиги Украинадан аннексияланган Крымда да аскердик машыгуу аяктаганын билдирип, жарым аралдан кетип жаткан аскердик техникаларды көрсөттү.

Бирок НАТО өлкөлөрү Москванын бул билдирүүсүнө толук ынана албай турушат. Шаршембиде Улуу Британиянын жана Канаданын Коргоо министрликтери орус күчтөрү артка кайтып жатканын ырастаган белгилер жок экенин белгилеп, тескерисинче аскерлерди топтоо аракети уланып жатканын ишарат кылышты.

АКШнын эскертүүсү

АКШнын президенти Жо Байдендин кайрылуусу. 15-февраль, 2022-жыл.

Бир күн мурда АКШ президенти Жо Байден да орус-украин чегиндеги чыңалган кырдаал боюнча билдирүү жасап, Орусиянын аскерлери дагы деле Украинага кол салуучу позицияда турганын айткан жана Москвага эскертүү берген.

"Эгер Орусия алдыдагы күндөрдө же жумаларда кол сала турган болсо, Украинада адамдар арасында эбегейсиз чоң жоготуу болот жана Орусия да стратегиялык ири чыгымга учурайт. Эгер Орусия Украинага чабуул койсо, эл аралык коомчулуктун чоң айыптоосуна туш болот. Дүйнө Орусия керексиз өлүмдү жана кыйроону тандаганын унутпайт. Украинаны басып алуу өзүн-өзү жарадар кылуу дегенди билдирет. АКШ жана биздин өнөктөштөр чечкиндүү чара көрөт. Батыш биримдикте", - деп билдирди президент Байден.

АКШ жана Британия баштаган НАТО өлкөлөрү Орусия Украина менен чек арасына жакын аймактарына 150 миңге чукул аскерин топтоп койгонун, Москва кайсы учур болбосун Украинага кол салышы мүмкүндүгүн эскертип келишет. Орусия мындай ниети жоктугун билдиргени менен Батышка "Украина НАТОго мүчө болбошу керек" деген сыяктуу бир катар талаптарды коюп жатат.

Шейшемби күнү орус президенти Владимир Путин Германиянын канцлери Олаф Шольц менен Москвада сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, Москва өз талаптарына байланыштуу Батыш менен диалогго ачык экенин айтты.

"Биз [согушту] каалайбызбы же каалабайбызбы? Албетте, жок. Ошол себептен биз сүйлөшүү жараяны тууралуу сунуштарды бердик. Анын жыйынтыгында бардык тараптардын, анын ичинде биздин өлкөнүн коопсуздугун бирдей камсыз кылуучу макулдашуу болушу керек", - деди Путин.

Орусиянын Крымдан кетип жатканы айтылган аскердик техникасы. 16-февраль, 2022-жыл.

Думанын демилгеси

15-февралда Украинада Коргоо министрлиги баштаган бир катар өкмөттүк мекемелердин жана банктардын сайттары киберчабуулга (DDoS) кабылды.
Коргоо министрлиги "Твиттерге" жазгандай, мекеменин сайтына хакерлер кыска убакыттын ичинде өтө көп жолу кирүүгө аракет кылышты.

Associated Press жаңылыктар агенттиги маалымдагандай, хакердик чабуулга Украинадагы кеминде он веб-сайт туш болду. Алардын арасында Украинанын Тышкы иштер министрлигинин, "Приватбанктын" жана "Ощадбанктын" да веб-баракчалары бар.

Украин өкмөтү расмий билдирүүсүндө киберчабуулдун артында ким турганын так айтпаса да, бул Орусиянын аракети болушу мүмкүндүгүн ишарат кылды. Хакердик чабуулдар боюнча азырынча расмий Москва үн ката элек.

Ошол эле күнү Орусиянын Мамлекеттик Думасы Украинанын чыгышындагы өздөрүн "Донецк элдик республикасы" жана "Луганск элдик республикасы" ("ДНР" жана "ЛНР") деп атап алган жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактардын көз карандысыздыгын таануу өтүнүчү менен президент Владимир Путинге кайрылды. Коммунисттик партия даярдаган тиешелүү токтом долбоорун 351 депутат колдоп, 16 эл өкүлү каршы, бирөө калыс болду.

Токтомдо украин бийлиги Луганск жана Донецк облустарындагы "тарыхый жактан калыптанган турмуш-тиричиликтин нормаларын" көз жаздымда калтырып жатканы жазылган.

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Орусиянын жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактарды расмий таануу аракети Москванын Донбасстагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча Минск келишиминен чыкканына тете экенин айтты.

2014-жылы Орусия Крымды аннексиялагандан көп өтпөй Украинанын чыгышында Москва колдогон жикчилдер менен украин армиясынын ортосунда кармаш тутанган.

Андан бери Донбасста 14 миңдей адамдын өмүрү кыйылды.