Украин аскерлери Андреевканы бошотту

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Украин армиясы өлкө чыгышындагы Андреевка айылын орус күчтөрүнөн бошотту. Бул маалыматты украин Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы 15-сентябрда жарыялады. Орусиянын Коргоо министрлиги азырынча комментарий бере элек. Орус армиясы Украинанын аймагына жума күнгө караган түнү да шахеддер менен чабуул коюуну улантты.