2021-жылдын алгачкы эки айында Кыргызстанда Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине 1 463 үй-бүлөлүк зомбулук фактылары катталды. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 20га көп. Өткөн жылы карантин жарыяланган учурда зомбулуктун саны 62% көбөйгөн.
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги үй-бүлөдөгү зомбулуктун көбөйүшүн өлкөдөгү экономиканын төмөндөшү жана турмуш-шарттын оорлошу менен байланыштырып жатат.
Статистикага келе турган болсок - январь, февраль айларындагы 1 463 үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын ичинен Бишкек шаарында 550, Ош шаарында 62, Чүй облусунда 446, Ысык-Көл облусунда 92, Нарын облусунда 64, Ош облусунда 52, Жалал-Абадда 118, Таласта 29 жана Баткенде 50 факты катталды. Бул окуялардын 62си боюнча кылмыш иши козголуп, сотко чейинки териштирүү жүргүзүлүүдө.
Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган фактылардын арасынан бешөө киши өлтүрүү, алтоо ден соолукка зыян келтирүү, бирөө уруп-согуп кыйноо, алтоо зордуктоо, калгандары болсо башка беренелер менен иликтенип жатат.
Дагы караңыз 8-март: Пандемия гендердик теңсиздикти күчөттүБул тууралуу 29-мартта Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында айтылды.
Отурумда өкмөттүн үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөш боюнча токтомунун аткарылышы тууралуу баяндама жасаган Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев үй-бүлөдөгү зомбулуктун көбөйүшүнүн айрым себептерин санап берди:
«Былтыр коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам да көбөйүп кетти. Анын үстүнө жумушсуздук деген бар. Андан тышкары аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдө акчанын жетишпегенинен чыр чыгат. Кээде ичкиликтин айынан болуп жатат. Балдарын таштап миграцияга кеткен үй-бүлөлөрдө да зомбулук орун алууда».
Жогорку Кеңештин аталган комитетинде 29-мартта министр орун басарынын доклады угулганы менен бул маселени депутаттар көп деле талкуулашкан жок.
Расмий маалымат боюнча, 2020-жылы коронавирустан улам карантин жарыяланган учурда үй-бүлөлүк зомбулуктун саны 62% көбөйгөн.
Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов 20-январда Жогорку Кеңештин жыйынында былтыр үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 9 025 фактыны каттоого алынып, анын 947си гана сотко ашканын билдирген.
Министрликтин маалыматына ылайык Кыргызстанда жыл сайын үй-бүлөдөгү зомбулук көбөйүп баратат. 2012-жылдан 2015-жылга чейин жыл сайын 2500ден 3500ге чейин факты катталып турган. 2016-2018-жылдары ал 7000ден түшкөн эмес. Статистика көрсөткөндөй алардын дээрлик 90% же андан ашыгы сотко жетпей эле ар кандай жагдайда кыскарып кетет.
Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Улан Рысбеков үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук фактыларынын бетин ачууда эл да жардам бериши керек дейт:
«ИИМ жана башка министрлик, ведомстволор менен үй-бүлөлүк зомбулукту аныктап жатабыз. Бирок, биз бардык фактыларды билбейбиз. Ошондуктан элибиз мындай окуяларды айтып берүүдө ачык болсо. Себеби, милиция кызматкерлеринен жашырып коюшат. Эл, жергиликтүү бийлик да жардам берсе мындан да жакшы иштер болмок».
Үй-бүлөдө көбүнчө эркектер аялдарына зомбулук көрсөтөт. 2019-жылдын 8 айындагы көрсөткүч боюнча катталган окуялардын ичинен 71% денеге залал келтирүү, 26% психологиялык басым болгон.
Айрым учурларда аялдар күйөөсүнүн ур-токмогунан каза болот. Быйыл 9-январда эле Түп районунун 40 жаштагы тургуну Гүлмайрам күйөөсүнүн колунан каза тапкан.
Аялдар күйөөлөрүнө карата зомбулук кылган фактылар да бар. Ага байланыштуу 2019-жылы 158 окуя катталган.
Дагы караңыз Тең укуктуу үй-бүлөнүн телегейи тегизЖогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко Кыргызстанда үй-бүлөдөгү зомбулук фактылары расмий статистикадан алда канча көп экенин айтып, мамлекеттик органдардын ишине ичи чыккан жок:
«Үй-бүлөлүк зомбулук боюнча айтылган сандар ал айсбергдин учу эле. Мындай окуялар ар бир айылда, айыл өкмөттө, шаарда болуп жатат. Ар кандай изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча зомбулук кирешеси аз үй-бүлөлөрдө жана билимсиздиктен болууда. Бирок бардар жашоодо жашаган, билимдүү үй-бүлөлөрдө да зомбулук бар. Маселе коомчулуктун аң-сезиминде».
Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов үй-бүлөлүк зомбулукка айыпталгандарга жазаны күчөткөн мыйзам долбоорун сунуштап, ал быйыл январда парламентте экинчи окууда кабыл алынган. Киргизилип жаткан жаңы өзгөртүүгө ылайык жабырлануучу тосмо арыз жазганына карабай ага зомбулук көрсөткөн киши жазага тартылат.
БУУнун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү иликтөөлөрдүн жыйынтыгына таянып, былтыр өлкөдө үй-бүлөдөгү зомбулук иштеринин 70% тараптардын келишип алышы менен токтой турганын билдирген.