Аргасыз качкынга айлангандардын үнү

Судандык качкын аял. Сүрөт 2023-жылдын май айында тартылган. 
 

Көргөзмөдө кыргызстандык сүрөтчүлөрдүн да эмгектери коюлган. Сүрөтчү Нургуяна Иннокентьева 2021-жылдын 28-29-апрелинде жана 1-майда болгон куралдуу жаңжалдан кийинки баткендик качкындардын үйүнө кайткан учурун тарткан. Эмгектин аталышы: "Келечектеги көз караштар".

Бул баш калкалоочу жай качкындардын баштан өткөргөн кыйынчылыгынын символу катары коюлган.

Көргөзмөнү БУУнун Качкындар боюнча агенттиги (БУУ КЖКБ) жана көркөм сүрөт музейи менен биргеликте уюштурду. 

Орусиянын Украинага кол салышы, Судандагы аскердик аракеттер жана Ооганстандагы окуялардан улам былтыртан бери үй-жайын таштап качууга аргасыз болгондордун саны рекорддук көрсөткүчкө жетти. Бул тууралуу 14-июнда Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар иштери боюнча агенттиги билдирген.

"Менин оюмча, 2022-жылга карата расмий көрсөткүч 108 миллиондун тегерегинде болчу. Эми судандыктарды жана бир канча башка өлкө жарандарын кошсок, учурда дүйнөдө 110 миллион качкын бар. Алар согуштан, куугунтуктан, зордук--зомбулуктан жана климаттын өзгөрүшүнөн качкан 110 миллион киши", - деп билдирген БУУнун Качкындар иштери боюнча башкы комиссары Филиппо Гранди.

Кышкы сууктан кыйналган ооган качкындары. Кандагар, Ооганстан. Декабрь, 2021-жыл. 

Талибдер Кабулдагы бийликти 2021-жылы август айында басып алгандан бери жүз миңдеген ооганстандык мекенин таштап, качууга мажбур болгон. 

 

Илинген сүрөттөрдөн качкындар туш болгон түрдүү кыйынчылыктарды, катаал тагдырларды көрүүгө болот.

Бүткүл дүйнөлүк качкындар күнү - Бириккен Улуттар Уюму тарабынан дүйнө жүзүндөгү качкындарга урмат көрсөтүү үчүн белгиленген эл аралык күн. Ал жыл сайын 20-июнда өтөт жана кагылышуудан же куугунтуктан качуу үчүн үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгон адамдардын күчүн жана кайратын белгилейт.

Сүрөтчү Нургуяна Иннокентьеванын 2021-жылдын 28-29-апрелинде жана 1-майда кыргыз-тажик чек арасында куралдуу жаңжалдан кийинки Баткендик качкындардын үйүнө кайткан учурун көрсөткөн "үйү жоктор" аттуу эмгеги. 



 

Михаил Рындиндин 1916-жылкы Үркүндө Кытайга качып бара жаткан кыргыздардын жашоосун чагылдырган "Кытайга бара жаткан жолдо" деген эмгеги. 

Көргөзмөгө качкындардын мекенинде калган ата-энесине, жакындарына жазган каттары да коюлган. 

БУУнун Качкындар боюнча агенттигинин (БУУ КЖКБ) маалыматына караганда учурда Кыргызстанда чет өлкөдөн жер которуп келген 253 качкын жашайт.

Дүйнөдө качкындарды кабыл алган мамлекеттердин сап башында Түркия (3,6 миллион) турат. Андан кийинки орундарда Иран (3,4 миллион), Колумбия (2,5 миллион), Германия (2,1 миллион).

БУУнун Качкындар боюнча агенттиги (БУУ КЖКБ) жыл сайын Кыргызстандагы качкындардын балдары үчүн спорттук оюндарды, маданий иш-чараларды уюштуруп турат.

Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде өтүп жаткан көргөзмө 7-июлга чейин уланат.

Сүрөтчү Таалайбек Усубалиевдин 2021-жылдын 28-29-апрелинде жана 1-майда болгон куралдуу жаңжалдан кийинки баткендик качкындардын туррмушун тарткан эмгеги. Сүрөт "Баткендин сыздоосу" деп аталат.