Жыйырма жыл мурда, 2001-жылы, 11-сентябрда төрт жүргүнчү учагын барымтага алган 19 жанкечти тарыхтагы эң чоң теракт жасашкан. Апааттан 3 миңдей адам каза болгон.
АКШда 11-сентябрь курмандыктарын эскерүү жылдагыдай үч жерде өтөт. Президент Жо Байден Нью-Йорктогу кош мунаранын ордуна барып, эскерүү чарасына катышат. Андан кийин президент Пентагондогу үчүнчү учак кулаган жерге барат. Соңунда президент Байден жана вице-президент Камала Харрис Пенсильваниядагы төртүнчү учак кулаган Шанксвилла талаасына барып, маркумдарды эскерет.
Бүгүн, 11-сентябрда дүйнөдөгү ири массалык маалымат каражаттары "9/11" темасына арналган эскерүүлөрдү, даректүү тасмаларды көрсөтүүдө.
Өткөн жумада АКШ президенти 2001-жылы 11-сентябры тууралуу жарым жылдык документтерди ачыкка чыгарууга буйрук берген. Ал бул чечимин жабык маалымат коомдук кызыгууну күчөтөт жана улуттук коопсуздукка коркунуч келтирет деп түшүндүрдү.
Байден бул маалыматтарды ачыкка чыгаруу убадасын шайлоо өнөктүгү жүрүп жатканда айткан. Мындай талапты 20 жылдан бери маркумдардын жакындары коюп келет. Алар бул кол салууга Сауд Арабиясынын тиешеси бар деп эсептешет. Буга жанкечтилердин көбү падышалыктын атуулу болгону түрткү берген. Курман болгондордун жакындары ФБР Вашингтон менен Эр-Рияддын мамилесин бузбаш үчүн далилдерди жок кылган деп шек санашат. АКШ жана Саудиянын бийликтери бул дооматты бир нече жолу четке каккан.
Үч миңдей өмүрдү кыйган терактка жооп кылып, АКШ жана өнөктөштөрү 2001-жылы 7-октябрда "Талибан" (Кыргызстанда тыюу салынган) кыймылын, "Ал-Каида" уюмун жана башка террордук күчтөрдү жок кылуу операциясын баштаган.
2001-жылы 11-сентябрдагы Америкага жасалган террордук чабуулдардан кийин кыргыз бийлиги АКШ баш болгон антитеррордук коалициянын аскерий базасын "Манас" аба майданына жайгаштырууга уруксат берген.
2009-жылы жазында аскердик база аскердик эмес багыттагы жүктөрдү ташуучу Транзиттик борбор деген макамга ээ болгон. 2014-жылы аба майданы Кыргызстандан чыгарылган.
Дагы караңыз Ооганстандагы абал Борбор Азияга мамилени өзгөртөбү?20 жылдан кийин, 2021-жылдын 31-августуна карата АКШнын аскер бөлүктөрү Ооганстандан чыгып кетти. Өлкөнүн Коргоо министрлиги Ооганстандагы 20 жылдык согушта 2325 аскери курман болгонун маалымдады.
Үрөй учурган теракттын эл көрө элек сүрөттөрү
2001-жылы 11-сентябрда экстремисттик “Ал-Каида” уюмунун мүчөлөрү болгон жанкечтилер төрт учакты барымтага алып, экөөнү Нью-Йорктогу дүйнөлүк соода борборунун эгиз мунараларын көздөй багытташкан.
Үчүнчү учак Вашингтондогу Пентагондун имаратын бутага алган. Төртүнчүсү көздөгөн максатына жетпей, Пенсильвания штатына кулап түшкөн.
Кырсыктын кесепетинен улам толук кыйраган Дүйнөлүк соода борборунун көп кабаттуу эгиз мунараларынын калдыктарын ыктыярчылар менен курулушчулар бир жылга жакын тазалашты.
Адамдын үрөйүн учурган бул кырсыктан 18 жыл өткөндөн кийин архивисттердин тобу жайма базардан чаң баскан кутунун ичине салынган CD-дисктерди сатып алган.
Алардын маани-мазмуну менен тааныша келгенде теракттан кийинки калыбына келтирүү жумуштары тартылган 2500гө жакын сүрөттөр чыккан. Кызыгы алардын бири да мурда коомчулукка жарыяланган эмес. Архивисттер бул табылга тууралуу “Настоящее времяга” айтып беришкен.
Таңкы саат 8.46да Нью-Йоркту уюлгуган кара түтүн каптады. Алгачкы учак Дүйнөлүк соода борборунун түндүк жак капталындагы мунарага урунганда бейкапар жашап жаткан эл аны күтүлбөгөн кырсык деп ойлогон. Дагы 20 минутага жакын убакыт өткөндөн кийин саатына 870 чакырым ылдамдык менен катуу келген экинчи учак эгиздин түгөйүнө урунду.
Жүздөгөн телеканалдар мындай адаттан тыш окуяны түз эфирден көрсөтө баштаганда америкалыктар гана эмес, башка мамлекеттер дагы ишти жанкечтилер уюштурганынан шек санашкан жок. Дагы бир саатка жакын убакыттан кийин эгиз имараттар жалынга чыдабай урай баштады.
Расмий маалыматка таянсак, трагедия болгон учурда 2977 адам мерт болгон. Дагы алты миңден ашык адам түрдүү жараат алган.
“Катары менен биринин артынан бири жасалган террористтик кол салуулардын алкагында - бүгүн биздин жарандарыбызга, биздин жашоо образыбызга, эч нерсеге алмаштыргыс эркиндигибизге сокку урулду. Самолёттордо, кеңселерде иштеген катчылар, ишкерлер, аскер кызматкерлери, федералдык кызматтын адамдары, аталар менен апалар, досторубуз жана кошуналарыбыз алардын курмандыгына айланышты. Жийиркеничтүү мындай жүзүкаралык кадам миңдеген өмүрлөрдү алып кетти...”, – деген АКШнын ошол кездеги президенти Жорж Буш жалпы улутка кайрылып, күнөөлүүлөрдү таап, жазасын берүүгө убада берген.
Асман тиреген эгиз мунаралар кыйрап жатканда катарлаш жайгашкан башка имараттар кошо жабыркаган. Кийинчерээк алар дагы “кайра калыбына келтиргенге мүмкүн эмес” деген жүйө менен толук бузулган. Кырсыктан кийинки калдыктарды тазалоо жумуштарына он миңдеген адамдар тартылды. Арасында өрт өчүргүчтөр, дарыгерлер, полиция кызматкерлери, курулушчулар жана атайын кызматтардын адамдары болушту. Дүйнөлүк соода борборунун кыйрап түшкөн эгиз имараттарынын калдыктарын тазалоо жумуштары дээрлик 10 айга созулган.
Кырсыктын кесепеттерин жоюу жумуштарынын учурунда ага катышкан айрым адамдар ошол кездеги урунтуу учурларды чакан камерага тартып, кийин тасмадагы сүрөттөрдү жөнөкөй эле CD-дисктерге жаздырышкан экен. Арадан 18 жыл өткөндөн кийин, ээси белгисиз болгон ошол сүрөттөр жайма базарга сатыкка чыгып, ыктыярчы-архивисттерден турган чакан топтун колуна тийген.
Жонатан Берджесс баш болгон бул ыктыярчылардын тобу коомчулук үчүн маанилүү маалыматтарды өз алдынча топтоп, орчундууларын санарип технологиянын жардамы менен заманбап формага келтирип, архивдик маалымат катары сактап жүрүшөт. Негизинен музыка тармагына маани беришет. Энтузиасттар жеке баракчаларына катталган адамдардын садака акчаларынын эсебинен чыгымдарын жаап, АКШга дагы көп каттап турушат. Жайма базар – алар башка жактан табууга мүмкүн болбогон буюмдарды алууга жол ачкан альтернативдүү мүмкүнчүлүктөрдүн бири.
"Бул табылгалар чындай келгенде биздин өзүбүздөн да маанилүү нерселер. Мындай сүрөттөрдү жашырып койгонго укугубуз жок деп эсептейбиз. Муну бүтүндөй дүйнө жүзү көрүшү керек – анткени булардын бардыгы биздин жамааттык тарыхыбыздын бир үзүмү, үзүрү дагы”, – деп белгилейт Жонатан Берждесс.
Дисктер алгач табылганда начар акыбалда болгон. Бирок архивисттер атайын программалардын жардамы менен аларды бат эле калыбына келтирген. Сүрөттөр кайсы күндөрү тартылганын изилдеп тактай келгенде, басымдуу 2001-жылдын сентябрь айынын аягында жана октябрь айында тартылганы аныкталды.
Колго тийген дээрлик үч миңге жакын сүрөттөрдүн бардыгын архивисттер коомчулуктун назарына сунуштап, ачык кароого коюшту. Алардын бир гана өтүнүчү “Кырсыктан кийинки биринчи минуталарда жана сааттарда дал ушулар биринчи болуп жардамга кол сунуп, Америка элине түшкөн трагедияны азайтууга салымын кошкон. Буларга жардам берип тилектештигиңерди билдиргиле”, – деген чакырык болду.
Сүрөттөрдүн ачыкка чыгышы коомчулуктун көңүлүн буруп, жабыркаган адамдарга жардам берүү менен алектенген коммерциялык эмес уюмдарга каражат жагынан колдоо болуп калаар деп үмүттөнүп турушат.
«Бул сүрөттөр адамгерчиликтин мыкты үлгүсү болуп калат деп ойлойм. Роджерс мырза айткандай, (Фред Роджерс – Америкадагы балдарга арналган берүүнү алып барган атактуу тележурналист. 2003-жылы көз жумган бул адам өмүрүнүн акыркы күнүнө чейин теракттан жабыркаган адамдар менен ыкчам жардамга келчү кызматтардын адистерин моралдык жактан колдоп, тарыхый окуяны эстен чыгарбай жүрө турган эскерүүлөрдү, лекцияларды камдаган. Жакын адамдарды жоготкондон кийин кризистен кантип чыгуу керек деген маанайдагы бир катар берүүлөрдү да даярдап эфирге алып чыккан) биз ар дайым ушул сыяктуу таяныч издешибиз керек. Биздин башыбызга кандайдыр бир мүшкүл түшкөндө кандай гана кыйынчылык болбосун, арабыздан жардам берүүгө кол суна турган мыкты адамдар чыгат экен. Ошол учурда Дүйнөлүк соода борборунун имаратын урандылардан тазалаган адамдардын айрымдары азыр учурда “тапкан” оорулардан улам көз жумушкан”, - деп белгилейт Берджесс.
Кийинчерээк Берджесстин кесиптеши Жейсон Скотт: “Ушул сүрөттөрдү камдаган адамдын жакын туугандары биздин топко байланышка чыгып, булардын бардыгын тасмага түшүргөн адам дүйнөдөн өтүп кеткенин айтты”, - деп жазды. Бирок ал автор эмнеден улам көз жумганын Скотт ачык айткан эмес. Автордун ысымын анын туугандары элге жарыялабай эле купуя сактоону туура көрүшкөн.
АКШнын Оорулардын алдын алуу жана аларга көзөмөл кылуу борборунун маалыматына таянсак, ошол терактка жана анын кесепеттерин жоюу иштерине түз катыштыгы бар 400 миңден ашык адам, бүгүнкү күнү саламаттыгына байланыштуу түрдүү көйгөйлөрдү башынан кечирип, аны “жүк катары” көтөрүп келет.
Кырсыктан кийинки асбест, бензин жана коргошундун абага тараган уулуу кошулмаларынан, учак менен эгиз мунаралардын күйгөн калдыктарындагы жагымсыз жыттардан улам, тазалоо жумуштарын аткарган жана ошол аймакка жакын жашаган жүздөгөн адамдардын ден соолугу катуу жабыркаган.
Урандыларды тазалаган жумушчулар менен иликтөөчү журналисттердин айтымында, кырсыктын кесепетин жоюу учурунда ишке тартылган жумушчулардын 20% гана мурунга тага турган чыпкалуу беткап кийишкен. Калгандары ачык иштеген. Кийин саламаттыгына байланыштуу бейтапканаларга кайрылган ыктыярчылардын басымдуу бөлүгүндө өсмө (рак) оорусунун түрдүү формалары аныкталып, ашказан, көз жана дем алуу органдарына байланышкан ооруларга чалдыгышкан.
Камсыздандыруу компаниялары менен өкмөттүк структураларда иштеп, теракт кырсыгынын кесепетин жоюу жумуштарына тартылган адамдардын көпчүлүгү, бир топ каражатты талап кылган дарылоо процедураларынан өтүш үчүн кенемте албай калышты. Жумуш берген кожоюндары аны төлөөдөн баш тарткан. Убакыт өткөндөн кийин ден соолукка байланышкан көйгөй ошол учурдагы трагедияга, кесиптик ишмердүүккө байланыштуу болду деп далилдештин өзү чындап эле кыйын болууда...
Теракт катталган учурдан кийин дароо эле АКШнын Конгресси 11-сентябрь курмандыктары үчүн атайын фонд түзгөн. Ал жерге топтолгон каражаттын эсебинен, теракттан курман болгондордун туугандарына жана кырсыктын кесепетинен жабыркагандарга компенсация төлөнүп келди. Ал фонд 2004-жылга чейин иштеп, жалпысынан 5,5 миңге жакын адамга 7 млрд. долларга жакын акча төлөнгөн. Фонд 2011-жылы, бир катар нааразылыктар менен бир нече жылга созулган масштабдуу маалымат компанияларынын жыйынтыгынан кийин, ошол кездеги президент Барак Обаманын жарлыгы менен кайрадан ишин уланта баштады.
Теракт кырсыгынан жабыркаган жана анын кесепетин жоюу иштерине катышкан адамдардын жалпы саны он миңден ашат. Фонддон жөлөк пул алууну көздөп, 50 миңден ашуун адам арыз менен кайрылган. Азыр болжол менен алардын жарымына жакыны тиешелүү төлөмдөрдү алат. Бирок мындайда толук дарыланууга акча жетпейт эмеспи. 18 жылдан ашуун убакыттан бери фондго мүчө болуп катталгандар мамлекеттен татыктуу компенсация берүүнү талап кылып келет. Анткен менен төлөмдөрдүн көлөмү жыл өткөн сайын азайып жатат. 2019-жылы өкмөт мындай төлөмдөрдү 70% кыскарткан.
АКШ мыйзамына ылайык фонд 2020-жылы жабылышы керек болчу. Бирок Америкага белгилүү, абройлуу теле журналист Жон Стюарт Конгресстин алдындагы комитетте абдан эмоционалдуу, жүрөктөн өтүп, жүлүнгө жетчү сөзүн айткандан кийин, 2019-жылдын июль айында ошол кездеги президент Дональд Трамп “Кырсыктын кесепетин жоюу иштерине катышкандарга берилчү финансылык колдоону 2090-жылга чейин улантуу жөнүндөгү” мыйзамга кол койгон.
Бул ачык угууларга фонддун ондогон мүчөлөрү менен теракттан кийин куткаруу, ыкчам жардам берүү жумуштарын аркалаган жоон топ кызматкерлер да келген. Конгрессмендердин жарымынын орундуктары бош калган.
Азыр эгиз мунаралардын ордунда мрамордон жасалган кара түстөгү эки чоң оюк түрүндөгү курулуш жасалып, ичине тонналаган суу тынымсыз куюлуп турат. Шаркыратмалардын чет капталдарында теракт учурунда курман болгон 2977 адамдын бардыгынын аты-жөнү жазылган. Бул жерди Ground Zero – «нөлдүк ченем» деп атап коюшат.
2001-жылы 11-сентябрда болгон трагедиядан кийин тартылып, эч бир жерде жарыяланбаган сүрөттөр тууралуу баянды "Настоящее время" теле-долбоорунун кабарчысы Кристина Закурдаева даярдаган.
Макаланы орус тилинде бул жерден окуй аласыз.