"Убадамды аткарам": Айсулуу умтулган бийиктик

Айсулуу Тыныбекованын дүйнө чемпионатынын финалына чыккан учуру. 19-сентябрь, 2019-жыл.

Дүйнө чемпиону, Азиянын төрт жолку чемпиону, Азия оюндарынын чемпиону Айсулуу Тыныбекова бир жылда эле түрдүү эл аралык мелдештерден 6-7 медал уткан балбан кыз.

Айсулуу Кыргызстандын спорт тарыхында күрөш боюнча дүйнө чемпиондугун жеңген биринчи балбан жана Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон бери спорттун олимпиадалык 29 түрүнөн алтын байге алган алгачкы спортчу.

Анын медалдарынын арасында жөнөкөй мелдештердин байгесинен тартып, дүйнө кубогунда алтын байгеси да бар. Быйыл Айсулуу Кыргызстандын атынан үчүнчү жолу Олимпиадага аттанды.

2019-жылы Тыныбекова "Мен элиме Олимпиадада алтын алам деп сөз бергем. Ошол убадамды аткарам" деп айткан жайы бар.

"Азаттык" балбан кыздын спорттук карьерасына саресеп салды.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты. Бул чемпионатта Айсулуу алтын байгени уткан. 12-январь, 2012-жыл. Эки айдан кийин Астанада өткөн мелдеште Лондон-2012 Олимп оюндарына жолдомо утуп алган.

Айсулуунун ысымы 2012-жылы Лондон Олимп оюндарына жолдомо алганда эл оозуна алынды. Анда Айсулуу 19 жаштагы баёо кыз эле.

19 жаштагы Айсулуу Тыныбекова Кыргызстандын чемпионатынын алтын байгеси үчүн күрөшүп жатат. 12-январь, 2012-жыл.

10 жыл мурунку баёо кыз азыр дассыкан спортчу, дүйнө чемпиону.

Дагы караңыз

Тыныбекова: Балдарга “күрөшөм” деп айтпайм

Айсулуу Тыныбекова Лондон Олимпиадасында даярданып жаткан учуру. 16-май, 2012-жыл.

2012-жылы Лондон Олимпиадасына аз калганда Айсулуу Тыныбекованы көчөдөн бир кызды сабады деп Ясмина аттуу 17 жаштагы кыздын арызынын негизинде кылмыш иши козголгон. Эгер сот аны күнөөлүү деп тапса, 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн эле. Бирок Ленин райондук соту Тыныбековага Лондон Олимпиадасына барууга уруксат берген. Кийинчерээк ал эки жылга шарттуу соттолгон.

Айсулуу Тыныбекова сот залында. 20-июль, 2012-жыл.

Лондон Олимпиада оюндарында Айсулуу 59 килограммга чейинки салмакта катышып, 13-орунду ээлген.

Дагы караңыз

Тыныбекова: Эмки олимпиадага башкача барам

Бир жылдан кийин Тыныбекова Универсиаданын коло байгесин (2013-жылы) тагынды. Ушул эле жылы Таиланддын Пхукете шаарында өткөн Азия чемпионатында бардык атаандаштарын жеңип, жаштар арасында Азия чемпиону болгон.

Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өткөн 17-Азия оюндарында кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн 55 кг. салмакта күч сынашууга чыккан Айсулуу 3-орун үчүн болгон беттеште түндүк кореялык Инсун Жонгду 5:0 эсеби менен таза уткан. 28-сентябрь, 2014-жыл.

2014-жылы Айсулуу Тыныбекова 17-Азия оюндарында Азия оюндарынын коло байгесине ээ болду.

Азия оюндарынын чемпиону жапониялык балбан кыз Саори Юшида, күмүш байгенин ээси монголиялык балбан Баямбетсерен Сундев, коло байгелердин ээлери Айсулуу Тыныбекова жана кытайлык балбан кыз Жонг Хуечун сыйлоо аземи учурунда. Түштүк Корея, Инчхон. 28-сентябрь, 2014-жыл.

2014-жылы ноябрь айында АКШда өткөн New York Open-2014 эл аралык мелдешинде жеңишке жеткен.

2015-жылы Азербайжандын Баку шаарында өткөн Гейдар Алиевдин жаркын элесине арналган “Алтын Гран-при” мелдешинде 2-орунду алган.

2014-2015-жылдары чоңдор арасындагы Азия чемпиондугунда күмүш медал уткан. Бир жылдан кийин бул мелдештин баш байгесин утуп Азия чемпиону болду. Ал кыргызстандык кыз-келиндер арасында эркин күрөш боюнча жаштар жана чоңдор арасында алгачкы Азия чемпиону болуп, тарыхта калды.

Азия чемпионатынын алтын байгеси үчүн күрөштө Айсулуу Тыныбекова казакстандык Айым Абдилинаны 2:1 эсеби менен жеңип, экинчи жолу Азиянын чемпион аталган. Таиланд, Бангкок шаары. 19-март, 2016-жыл.

2016-жылы Айсулуу кайрадан Азия чемпиону болду. Ушул эле жылы Астанада өткөн Азиялык мелдеште Рио Олимп оюндарына жолдомо алган.

Казакстандын Астана шаарында спорттук күрөш боюнча Олимп оюндарына жолдомо бериле турган Азиялык лицензиялык мелдеште Айсулуу алтын тагынган. 19-март, 2016-жыл.

2016-жылы Тыныбекова экинчи жолу Олимпиада оюндарына катышты. Бирок бул ирет да жолу болбоду.

Рио Олимп оюндарынын кыз-келиндер күрөшүнөн 58 килограммга чейинкилер арасындагы жарым финалдык күрөштө Тыныбекова орусиялык Валерия Коблова менен күрөшүп, 4:1 эсебинде жеңилүү ызасын тартты. 17-август, 2016-жыл.

Айсулуу Олимпиаданын коло байгеси үчүн 17-августа күрөшкө чыкты. Бул күн кыргыз спорт күйөрмандарынын эсинде калды. Балбан кыз жарым финалдык күрөштө орусиялык Валерия Кобловага, андан соң коло байге үчүн беттеште саналуу секундада гана атаандашы Малик Сакшиге жеңишин тартырып жиберген эле.

Рио Олимп оюндарынын коло байгеси үчүн күрөштө индиялык Малик Сакши Айсулууну жеңип, сүйүнүп жаткан чагы. 17-август, 2016-жыл.

Айсулуу Тыныбекованын Олимп оюндарынын коло байгеси үчүн беттеште жеңилгенине карабай, аны социалдык тармактардын колдонуучулары колдоп жатканын көрсөтүп, таймаш учурунда сүрөп коштоп турушту. Рио олимпиада оюндарынан бир эле Айсулуу эмес, Олимп оюндарына Кыргызстан барган дагы 18 спортчу байгесиз кайтты.

Олимпиададан женилгенден кийин Айсулуу дээрлик төрт ай мелдештерге катышкан. 2017-жылы гана Орусияда "Иван Ярыгин-2017" гран-при мелдешинде жеңүүчү болду.

Айсулуу Тыныбекова Бакуда өткөн Ислам шериктештиги оюндарында жеңүүчү болду. 21-май, 2017-жыл.

Бир жылда жети байге

Айсулуу Тыныбекова Орусиядагы ийгилиги менен гана токтоп калган жок. 2017-жылдын аягына чейин бир катар эл аралык мелдештерди утуп, Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшүнүн тарыхында жогорку жетишкендиктерин камсыздады. Балбан кыз бир жылда эл аралык мелдештерден жети (үч алтын, үч күмүш, бир коло) байге уткан.

Атап айтканда, февраль айында Швециядагы Klippan Lady Open турниринде күмүш алса, май айында экинчи жолу Азия чемпиону аталды. Бир жумадан кийин эле Азербайжандын Баку шаарында өткөн Ислам шериктештиги оюндарында жеңүүчү болду. Июнь айында Польшанын Варшава шаарында өткөн Poland Open турниринде финалга чейин жеткен. Тилекке каршы таймаш учурунда жаракат алып, күмүш медал тагынды. Ушул мелдеште алган жаракаты кийинки таймаштарында таасир этпей койгон жок.

Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында коло байге алган учур. Париж. Франция. 23-август, 2017-жыл.

Эки айдан кийин Франциянын Париж шаарында өткөн дүйнө чемпиондугунда коло медал тагынды.

Айсулуу - алтын тагынган алгачкы балбан

Айсулуу Тыныбекова 16 жашында күрөшкө аралашкан. Бирок оомат спортчуга 10 жылдык тынымсыз машыгуудан кийин келди.

Айсулуу Кыргызстандын спорт тарыхында күрөш боюнча дүйнө чемпиондугун жеңген биринчи балбан жана Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон бери спорттун Олимпиадалык 29 түрүнөн алтын байге алган алгачкы спортчу болуп калды.

Дүйнө чемпионатынын алтын байгеси үчүн беттеш. Айсулуу Тыныбекова жана болгариялык Тайбе Мустафа Юсеин. Казакстан. 20-сентябрь, 2019-жыл.

Тыныбекова Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн Күрөш боюнча дүйнө чемпионатында 62 килограммга чейинки салмакта, алтын байгени утуп, дүйнөнүн чемпиону болду.

Дүйнө чемпионатынын сыйлоо аземи. Казакстан, Нур-Султан шаары. 20-сентябрь, 2019-жыл.

2020-жылы Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча Сербияда өткөн дүйнө кубогунда да алтын медаль тагынды.

Дүйнө кубогунун финалында Айсулуу Тыныбекова латвиялык Анастасия Григорьеваны 14:0 эсебинде жеңди.

2021-жылы балбан кыз кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн төртүнчү жолу Азия чемпиону аталды.

Айсулуу Тыныбекова төртүнчү ирет Азия чемпиону болду. Алматы шаары. 16-апрель, 2021-жыл.

Айсулу Тыныбекова – спорттук карьерасындагы үчүнчү олимп оюндарына дүйнөнүн чемпиону, өз салмагындагы фаворит катары барды. Балбан кыз Биргелешкен Күрөш Дүйнөсү уюмунун (UWW) рейтингинде кыз-келиндер күрөшү боюнча 62 килограмм салмакта биринчи орунда турат.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова Олимп оюндарына катышуу үчүн Токиого жөнөп кетти. 28-июль, 2021-жыл.

Күйөрмандар Айсулуу Олимпиаданын алтын байгесин утат деп ишеним артууда. Токиодо өтүп жаткан Олимпиадада Айсулуу Тыныбекова 3-августта килемге чыгат.

Дагы караңыз Айсулуу Тыныбекованын атаандаштары кимдер?