Азия кубогу: кыргыз футболчулары 1/8 финалга чыкты

Кыргызстандын футболчулары. 16-январь, 2018-жыл. Бириккен Араб Эмиратттары.

Кыргызстан плей-оффто 21-январда Бириккен Араб Эмирлигинин курамасы менен беттешет.

Бириккен Араб Эмирлигиндеги Азия кубогунун Кыргызстан үчүн тайпалык оюндары аяктап, "ак шумкарлар" Филиппиндин футболчуларын 3:1 эсебинде жеңди. Үч голду тең атаандаштардын дарбазасына чабуулчу Виталий Люкс киргизди. Бул жеңиш Кыргызстан курама комадасынын плей-офф баскычына чыгышына шарт түздү.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы өз тарыхында биринчи жолу Азия кубогунда ойноп гана тим болбостон, плей-офф баскычына чыгып жатат.

Буга чейин "ак шумкарлар" бул турнирдин тандоо бөлүгүнөн ары өтө албай келген болчу.

Бир аз убакыт мурда “D” тобундагы үчүнчү оюндар да аяктады. Вьетнамдын футболчулары Йемен командасын 2-0 эсебинде утту. Бул "E" жана "F" топторундагы акыркы оюндардын эсеби кандай аяктабасын, Кыргызстан 1/8 финалда ойноого укук алды дегенди түшүндүрөт.

Кыргызстандык күйөрмандар.

16-январдагы ​Кыргызстан жана Филиппин курама командаларынын оюну Бириккен Араб Эмирлигинин Дубай шаарындагы "Рашид" стадионунда өттү.

​Жалпы оюндун жүрүшүндө кыргызстандыктар атаандашынын дарбазасына 21 жолу сокку узатып, анын тогузу таамай барса, үчөө голго айланды. Ал эми Филиппин 10 жолу дарбазага топ тепсе, анын үчөө дарбазага туура багытталып, бир тобу кирген.

Үч голду тең атаандаштардын дарбазасына чабуулчу Виталий Люкс киргизип, Кыргызстанга Азия чемпионатында алгачкы үч упайды алып келди. Ал эми Филиппин командасына алгачкы голду команданын капитаны Штефан Шрёк киргизди.

Кыргызстандын футболчулары гол киргизгенден кийин.

Кыргызстан - Филиппин курамаларынын оюнун көрүү үчүн Дубайдагы Рашид стадионуна беш миңге жакын күйөрман келди.

Кыргызстандык күйөрмандар.

Бириккен Араб Эмирлигинин Дубай, Абу-Даби, Ал-Айн шаарларында жашап иштеген кыргызстандыктар жаштар "ак шумкарларды" колдоп турушту, атайын Кыргызстандан барган футбол күйөрмандары да болду.

Филиппин курама командасын колдоп келгендер да аз эмес экен. Улуттук курама командасы жеңилгенде Филиппиндин айрым күйөрмандары стадиондон чыгып кетип жатышты. Алар - футболчулары жеңилип, аны менен катар мелдештен четтегенине нааразы болушту.

Филиппиндик күйөрмандар.

Кыргызстандын үч оюнчусу сары айып кагазын алса, Филиппин төрт оюнчусуна калыс эрежени бузганы үчүн сары кагаз берди.

Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин үч гол киргизип, Кыргызстанга жеңиш алып келген Виталий Люкстун оюнун мыкты деп баалады.

- Анын буга чейин эле мыкты мүмкүнчүлүктөрү бар болчу, бирок алар ишке ашпай жаткан. Бүгүн татыктуу оюн көрсөтүп, керектүү голдорду киргизди. Виталий жок болсо бүгүн жеңишке жете албай, плей-оффко чыгуу мүмкүнчүлүгүбүздөн ажырап калмакпыз" - деди Алексадр Крестинин оюндан кийинки маалымат жыйында.

Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин.

Азия Кубогунда 24 команда алты тайпага бөлүнүп ойноп жатат. Быйылкы эрежелерге ылайык, тайпадан үчүнчү орунду алган 4 командага 1/8 бөлүккө чыгууга мүмкүнчүлүгү бар.

Бекжан Сагынбаев.

Тайпалык баскычтын жыйынтыгында, ар бир тайпада биринчи жана экинчи орунду ээлеген 12 команда жана үчүнчү орунду ээлеген, эң мыкты оюн көрсөткөн төрт команда 1/8 финалына чыгат. Учурда кийинки баскычка үчүнчү орун менен Кыргызстан курама командасы да мүмкүнчүлүк алды.

Кыргызстан курама командасынын оюнчусу Эдгард Бренхардт жана Бекжан Сагынбаев жеңишти майрамдап жатат.

​Эми "ак шумкарлар" Азия кубогунун 1/8 финалында Бириккен Араб Эмирлигинин курама командасы менен ойнойт. Беттеш 21-январда Абу-Даби шаарында өтөт.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​