Чөлдөгү майрам

Белорустан келген бийчилер. Шейх-Зайд фестивалы. Абу-Даби шаары.

Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында эл аралык этно-маданий мурастар фестивалы жыйынтыкталды. Ага Азия, Африка жана Европа өлкөлөрүнүн өкүлдөрү катышты. Иш-чара Бириккен Араб Эмираттарынын негиздөөчүсү шейх Зайд ибн Султан Аль-Нахайянанын урматына уюшулган.

Этно-маданий фестивалды уюштуруу идеясын Бириккен Араб Эмираттары көтөрүп чыгып, алгач аталган өлкөдө жашаган жети эмирликтин жарандарын бириктирүү максатын көздөгөн.

Кийинчерээк фестиваль башка өлкөлөргө да кулач жайды. Быйыл катышуучу өлкөлөрдүн саны 24төн ашканын уюштуруучулар кабарлашты.

Түркиялык актёр Султан Сулаймандын образында.

Бириккен Араб Эмираттарынын бийлиги аталган фестиваль үчүн атайын шаарча курган. Ал Көчмөндөр оюндары учурундагы Кырчын жайлоосунда уюшулган этношаарчага түспөлдөш.

Айырмасы жети жыл катары менен фестиваль өткөн шаар чөлдүн так ортосунда жайгашкан.

Этно фестиваль өтүп жаткан шаарчанын киребериши.

Этно шаарча жарым кылым мурдагы оазистин элесин берип, калаа ичи соодасы кызыган базарга окшош.

Абу-Даби шаарынын өкүлдөрү.

​“Мурас” деп аталган фестиваль жыл сайын декабрь жана январь айларында өтөт. Мында байыркы замандагы ар улуттун жашоосу, каада-салты, маданияты, улуттук бийлери театралдаштырылып көрсөтүлөт.

Өзбекстандык артисттер.

Этно базарда жергиликтүү кол өнөрчүлөр жасаган буюмдардан сырткары Индия, Кытай, Ооганстан, Түштүк жана Батыш Африкадан келген баалуу буюмдарды тапса болот. Борбор Азиядан Кыргызстандан башка бардык кошуна өлкөлөр катышкан.

Казакстандын этно-маданий бурчу.

Этно фестиваль 60 күнгө созулуп, анын алкагында 1,5 миңден ашуун көргөзмө, маданий-музыкалык программалар, кол өнөрчүлүк жармаңкелери, улуттук мода көргөзмөлөрү, тамак-аш фестивалдары көрүүчүлөргө тартууланат.

Өзбекстандык набайчы.

​Өзбекстандан келген топ өзүнүн улуттук тамактарынан сырткары өзбек нанын көргөзмөгө койгон. Былтыр өзбекстандык ашпозчулар миң киши үчүн палоо баскан.

Марокко мамлекетинин көргөзмөсү.

Фестивалда араб элдеринин көргөзмөлөрү басымдуулук кылат. Алар, 20- кылымдын ортосуна чейинки Арабия жарым аралдарында жашаган жергиликтүү тургундардын жашоосун чагылдырып берүүгө басым жасашкан.

Чөлдө жашаган бедуиндердин күнүмдүк турмушу чагылдырган бурч.

Фестиваль араб маданиятын дүйнөгө таанытууга шарт түзгөнүн уюштуруучу топтун мүчөсүнүн бири Мохамед Елсегини белгилеп өттү.

- Жыл сайын катышуучу өлкөлөрдүн саны көбөйүп жатат. Биздин башкы максат - фестиваль аркылуу туристерди тартуу. Андан сырткары Бириккен Араб Эмираттарында 200гө жакын улуттун өкүлдөрү жашайт. Алардын да маданиятын, каада-салтын жайылтуу, аны менен катар ынтымакты, достукту бекемдөө. Фестивалдын мындан ары да өнүгүшүнө бар аракетибизди жумшайбыз, - деди Мохамед Елсегин.

Жергиликтүү мүнүшкөр.

​Илгери Арабияда суусу жок, шарты катаал чөлдө жашоо өтө оор болгон. Орточо эсеп менен мырзалар 25-30 жыл гана өмүр сүрсө, аялдар 35-40 жашка чейин гана жашаганы айтылып келет.

Балык улоочу тор жасап жаткан карыя. Сауд Арабия өлкөсүнүн өкүлү.

Перс булуңунда жайгашкан өлкөлөрдүн жергиликтүү тургундары балык уулап, суу астынан бермет чогултуу менен күн кечиришкен.

Кайык жасап жаткан ата-бала.

Мырзалар балык кармоочу тордон тартып, кеме, кайык, калактарына чейин өздөрү жасашкан. Азыр деле балык улоо деңизге жакын жайгашкан жергиликтүү эл үчүн көнүмүш адат.

Зымдан балык тор жасап жаткан уста.

​Акыркы тапта кол өнөрчүлүк унутта калып бара жатканынан улам, Эмираттардын бийлиги өз маданиятын, каада-салтын сактап, келечек муунга өткөрүү максатында түрдүү иш-чараларды уюштуруп келет.

Ийик ийрип жаткан аял.

Араб көл өнөрчүлүгүнүн калыптанышында аялдардын орду чоң экенин уюштуруучулар белгилешет. Аялдар ийик ийрип, таар-килем согуп, үй турмушуна керектүү буюмдарды өздөрү жасап, айрым учурда аны сатып пайда табышкан.

Араб айымдары жасаган буюмдарынын арасынан кыргыздын оймо-чиймелерине окшош жасалгаларды да көрүүгө болот.

Оймо менен кооздолгон айымдардын көйнөгү.

Фестиваль 60 күнгө созулуп, күн сайын ар бир өлкө өзүнүн улуттук бийин, ыр-күүсүн көрүүчүлөргө тартуулады.

Уюштуруучулардын айтымында, былтыр фестивалды көрүү үчүн жергиликтүү тургундардан сырткары 1,5 миллиондон ашуун турист келген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.