Бейшебай Усубалиевдин “Бир сомдук тыйын” аңгемеси балалыкты эңсөө, айыл турмушунун эсте калган элестери тууралуу. Айылдан шаарга келип, жаш өйдөлөгөнү кем каттоо болуп калган адамдын арманы. Элеттин идиллиялуу турмушу тыйын жутуп алган бала аркылуу элестүү сүрөттөлгөн.
Лениндин башы
Кызыктуу баянын Бейшебай Усубалиев кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусуповго арнаган. Айтылуу эки сүрөткердин айылдары жакын, ортону бөлүп Он-Арча суусу агат, арыта Эмгекчилдин жайык талаасы, аягы Нарын дарыясына жетип токтогон кең түздүк.
Узун баяндын башында автор: “Өңүмдөгүгө караганда мен айылыма түшүмдө көп каттайм” деген сырын алдыга жайган. Түшүндө аны капчыгайдан чыга бериште тосуп алгандардын “баары − бейтааныш тааныштар”. Алардын көбү чым жазданып жатышат. Балалык кезинде эсте калганы - атасынын ордуна гезит, пенсия таратканы. Айылдагылар айтмакчы, “пошточу” болгону.
Ал эми пенсия тараткан күн акыйкатта да майрам эле, чал-кемпирлердин “көбү бир-эки сомун албай коюшчу:
"- Сенин да эмгегиң, көз майың бар, балам,- дешчү алар.
- Эртеден кечке эле Чабдарыңды чапкылап жүрөсүң, бирөөнүн жакшы-жаман сөздөрүн угуп".
Дагы караңыз “Бригадир Кулжанбектин аңгемелери”
Башында гезиттин кимге берилери жазылса, кийин ар-бир үйгө номур коюп калган. Мунусу жок эле Чабдар ат кайсы үйгө бурулушту баладан жакшы билет. Байкуш жылкынын шаштысын ажылдап үруп чыккан иттер кетирет. Бир күнү гезит таратуу түйшүгүн ойлоп поштону иреттеп атса атасы менен апасы Бердибек тыйын жутуп алганын, доктурларга алып барышса эч нерсе кылбай “өзү түшөт” деп коюшканын кеп кылып атышыптыр.
“- Бу айылда киши өңдүү деле киши калбай калды. Болбосо ушу чычкандай болгон балага кичине көз салып туруш керек эле да. Атаңдын оозун урайын жанагы атасы Жамангул киши деле эмес, мал менен жүрүп мал болуп калган окшойт…
- Чычкандай? – деди апам мыскылдагандай. – Ой, ошол Бердибек эмне чычкандайбы? Ал деген, – мага колун жаңсай, - тигинден туптуура үч жаш улуу…
- Аны мен деле билем!
Атам апамды кагып салды.
- Үч жаш улуу деп… Үч жаш улуу болсо да, ал алигиче…
Сөзүн улай албай калды да, ордунан турду.
– Кой, мен эмне отурам, барайын… Киши өңдүү киши деле калбай баратат.
Атам турду да, жөнөп кетти. Кагуу жеп калган апам, ызалана өзүнчө сүйлөнүп кала берди:
- Ооба, киши өңдүү кишиден бир эле сен… Кыйын болсоң, барып…
- Апа, эмне болуптур?- дедим гезит бөлүштүрүүмдү токтото коюп.
- Эмне болмок эле,- деди апам силкине. Анан негедир жумшара:
- Баягы сенин Бердибегиң бир сомдук тыйынды жутуп жибериптир…
- Кантип?- дедим мен чочуп.- Ошонун баарынбы, Ленинди бүт бойдонбу?
- Кайсы Иленинди айтып жатасың, айланайын. Бир сомдук тыйынды деп жатса…
- Ошол бир сомдук тыйын бүт бойдон Лениндин башы да.
- Анда ошол… Анысын да кайдан чыгара коюшканын билбейм, башкасы бүтүп калгансып…
Апамдын сөзүнө ичим күйүп кетти.
- Чыгарышат да!..- дедим мен кызаңдай.- Ленин деген биздин, а түгүл бүткүл адамзаттын жол башчысы да. Анан ошол адам жүзгө чыгып жатса… Анан, анан…
Мен мукактанып сүйлөй албай калдым.
- Анысы бар дечи,- деди апам мени жайкай. -Бирок тыйын чыгарбай эле…
Үндөбөй туруп калды да:
-Кой, мен да барайынчы, санаам тынбай жатат, алда кандай болуп кетеби, ким билет…
Апам шашылыш чыгып кетти”.
Бердибек баланын классташы болчу, туура үч жаш улуу. Класстан-класска көчпөй кала берип, ошол айылдын кыйла балдары менен классташ болуп калган узун бойлуу, бирөөгө кылдай да арамдыгы жок, жылмайып жүрө берген бала эле. Бала менен эки жолу көчпөй калгандан кийин чогуу окуп калган. Класска киргенде шоңшоюп узун бою көрүнгөн неме, андан да анын жооштугу өзгөчө болчу.
“Эч ким менен урушчу эмес. Жинине тийсең да күлүп эле койчу. Сабакта да жооп берчү эмес”.
Анан боорукер эжейинин:
"Отур! Сени эми эмне кылабыз, Жамангулов, айланы кетирип бүттүң го. Эмне, эми дагы көчпөй калганы турасыңбы?!" дегени деле көнүмүш болуп, жооп бербей күлүп кутулчу. Анын сабак билбеген гана айыбы бар эле, караган адамга жылдызы жайнап турган бир сүйкүмдүү жан болчу, аттиң.
Өзү да, мугалимдери да тажап, бирок экөө тең айласыздан көнүп, бири окуу дегенден кийин окутуш керек деп, экинчиси балдардан калбай мектепке келиш милдетин сезип, анан кайсы күнү класстан чыгарылып калганын эч кимиси билбей деле калды окшойт.
Айылдын ал күнкү кеби Бердибектин тыйын жутуп алганы гана болуп, гезит таратканы барган баладан баары сурап жатышты. Кемпирлер шыпшынып “аман калгай эле” деп сарсанаа чегип, көбү кандай болду экен деп үйүнө барып жатышты. Бердибек ал күнү айылдыктардын чоң жаңылыгына айланды, аны кеп кылбаган бирөө да калбады окшойт.
Жолбашчынын акчасы
Бердибек жутуп алган сомдук тыйын социализм заманында кадырлуу акча болчу. Айылдыктардын дүкөндөгү соода-сатыгы көбүнесе тыйын менен жүрчү. Анын үстүнө орустун ак пашасы Николайдын тушунда алтын, күмүш акчаны көрүп, көрбөсө да угуп калган айылдыктарга Лениндин келбети түшүрүлгөн жалтырак темир акча бөтөнчө сезилчү. Бир сом акча ал кезде бир кишинин түшкү тамагына, үйүнөн жумушка барып-келиш жол киресине жарачу. Ошондой барктуу акчаны жоош-момун Бердибек жутуп алып жатпайбы.
“Айтор, бул тыйын бир сомдук кимге болбосун сүйкүмдүү көрүнөр эле. Анан ушундай чоң тыйынды Бердибек кантип жутуп ийген? Эми менин да тынчым кете баштады. Бердибек бир сомдук тыйынды эмес, а Лениндин башынын өзүн жута албай, кыйкылдап, бозоруп-татарып жаткандай элестетип, титиреп кеттим. Ордумдан ыргып турдум да, гезиттерди чала бөлүштүргөн бойдон сумкага тыга салып, Чабдар экөөбүз жөнөп калдык.
Биздин айылда бир атанын үч урпагынын балдары жашачу, алар ушуга ылайык өз-өзүнчө жайгашкан эле, ошондуктан өйдөкү, ортоңку жана ылдыйкы айыл болуп үч чакан айылдан турчу. Баса, булардын көрүстөнү да үч башка болчу. Мен таратууну көбүнчө ылдыйкы айылдан баштаар элем. Бул жолу да шыдыр эле ылдыйкы айылдан баштадым. Ортоңку айыл менен ылдыйкы айылды кичинекей суу бөлүп турчу, ушул суудан өтө бергенде эле, алдымдан топ аялдын келатканын көрдүм. "Булар кайда баратышат болду экен?" деп ойлоп койдум. Аңгыча эле бирөөнүн шаңк эткени угулду:
- Ой, ырас болбодубу, эй, почточу бала, бери келчи айланайын…
Мен атымдын башын бурдум”.
Токолдун балдары
Жаңылыкка куштар эркек-аял көп экен. Бала гезиттерин тараткыча айылдын четине чыгып калыптыр. Ушул жерде гезиттерди калтырбай окуган Ыйманаалы деген аксакал жашайт. Ошол Ыйманалынын токолу бар. Анын эки кызын мектептегилер: "Силердин атаңар канчада, ыя? Миңге чыкса керек, бөкчөйүп, сакалы аппак болуп… Силердин апаңар токол турбайбы ээ?.." дешсе кодулаганга ыза болгон кыздар үйүнө ыйлап келишсе апасы жоолугун чала салынып чыгып алып жолдо учурагандардын баары менен урушуп чыкчу. Барса ошол корунчаак кыздар эшик алдында ойноп жатышкан экен. “Гезитиңерди алгыла” деп кыйкырса, тиги эки секелек “тыйынга кетишти” деп атышпайбы.
А тыйыны жөн тыйын эмес улуу жолбашчынын кылым жашынын урматына чыгарылган баалуу акча болчу. Совет заманында “кагаз бир сомдукка барабар акча” ушул эле болчу. Аны “жезденби, же күмүштөнбү, айтор, темирден” жасалганынан улам тыйын деп атышпайбы. Кайдагы тыйын - бир сом. Буга чейин, мындан кийин андай ири акча тыйын катары чыкпады. 1,2,3,5,10,20,50 тыйындыктар бар болчу, бир сомдук жок эле.
Күчү кадыресе акчага тете үчүн берки тыйындардан чоң, салмагы оорураак, анан да жылтырап өңү башкача эле.
Жоош-момун Бердибек темир акча жутуп алганы айылдыктарды үрпөйтүп эмне болор экен деп баарын камтама кылышы ошол кездеги адамдардын боорукер, бири-бирине боор тартышынан чыккан нерсе экен. Болбосо “жутуптур да, доктурга алып барышкан экен, кийин чыгат дептир” дешип өз иши, түйшүгүнө алаксып кетсе ким эмне демек?! Алыс-жакын дебей кыйласы Бердибектин үйүнө чейин келип, абалын сурап кетип атышпайбы. Бул эми адамгерчилик мамиле го.
Ал күнү бала гезиттерин берип коёюн деп колхоздун контору жакка барса актив чалыштар бала кантип чоң бир сомдукту жутуп койгонун, эми аны ашказаны эритип салар бекен же чыгып кетеби деп талашып отурушуптур. Акыры айылдыктарды элейткен Бердибектин тыйын жутуп алышы кыйлага уу-дуу сөз болуп токтоду, тиги болсо мурдагысындай эле күлмүңдөп балдардын арасында жүрдү. Жашы улуусунан ыйба кылдыбы бир да жолу андан тыйын кантип түшкөнүн сурай албады.
Кийин шаардан окуп иштеп калганда айылга барса үйдөгүлөрү Бердибектин аялы мыкты чыкканын, илбериңки келинчеги үч уул төрөп бергенин, тигиниси болсо колхоздун чабыр койлорун багып жүргөнүн укту. Анан бир жолу капысынан жолукту, “кандай классташ” деп жылмайып учурашты, кыйла ачылып калыптыр.
“Төрт жыл катары менен көчпөй калсаң баары эле классташ болуп калат окшойт” деп жылмайган. Айылдан Бердибектин жанда жок боорукерлигин, эч качан “жок” дебестигин, өзүнүкүн таштап бирөөнүн ишин бүтүрмөйүнчө тыным албасын макташкан. Мындайлар өзү аз.
Анан төрт-беш жыл илгерээк айылдан келген агасынан Бердибектин жардан учуп өлгөнүн угуп отурбайбы. Ошондо тыйынды эстеди. Айтымда түндөсү эшикке чыгып келейин деп туруп кеткен экен. Эртең менен үйүнөн он-он беш кадам ары жактагы жардан учуп кызыл-жаян кан болуп жатат дейт. Балага Бердибек бир сомдук тыйынды жутуп койгон күн өмүрүндөгү эң узун күндөй сезилген.
Андай окуя деле унутулат экен. Эми Бердибек өлгөнүн укканда эстеп отурат. Жакшы бала эле, мыкты жигит, ак көңүл, өзүнө караганда башкаларды көбүрөөк ойлогон боорукер адам болгонун айылга барган сайын угуп келчү. Жакшы адам, жакшы жашаган адам табышмактуу капыс ажалга туш келип атпайбы. Өкүнткөн жагдайы ушул, себебин текшертели деп бул кимге жамандык кылды эле, ажал экен да тим болушкан. Жараткан ажалды кайсы жерден аңдытып коёрун айтпайт тура.
Балалыгын эстегенде ушул ой келди, кылдай кири жок таптаза балалык, алыста мунарыктап калып, анын боорунда жылаңайлак өткөн чагың, айылың түшүңө гана кирип калат тура.
Азыр айылга кем каттоо, барганын үйүндөгүлөр, ага кирип чыккан эки-үч киши билбесе айылдын аны менен, анын айыл менен иши жок калган. Ошондон автордун мына бул арманы айылдан шаарга келип экөөнө тең жуурулуп кирип кете албай арасат калгандардын арманы катары туюлар.
"Айылыма дагы далай каттармын. Баягы суулар баягыдай эле агып турар, баягы тоолор баягыдай эле былк этпей турушар. Бирок баягы эл жок сыяктуу. Же баягы мен жокмунбу?”.
Ушундай армандуу, кайгылуу баян, окуя бир сомдук тыйындан өрчүп чыккан.