Туу мыйзамы күчүнө кирди, туңгуч желекти алгандар көбөйдү

Ош базары, 26-декабрь, 2023-жыл.

Мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам күчүнө кирди. Эми Министрлер кабинети туунун техникалык өзгөчөлүктөрү тууралуу токтом кабыл алышы керек.

Ушу тапта Бишкектеги базарларда сатуучулар мурдагы тууну издеп келип алгандар көбөйүп жатканын айтууда. Ошол эле маалда социалдык тармакта туунун айланасындагы талкуу токтой элек.

Бишкектин Ош базарында кеңсе товарларын саткан Кылычбек Чолпонбаев туунун айланасындагы окуялардан улам желекке болгон суроо-талап көбөйгөнүн айтууда.

Кылычбек Чолпонбаев.

“Туңгуч желекти көбүрөөк алып жатышат. Эки-үч күн ичинде эле бир-эки адам алып кетти. Түгөнүп кала электе алып калалы деп жатышат. "Сиз сатпай турсаңыз эртең раритет болуп кымбат сатасыз" дегендер дагы бар”.

Ал эми дагы бир сатуучу Султан Дамир уулу айрым кардарлар сапаттуу кездемеден тигилген желектерди сурап жатканын айтты.

Султан Дамир уулу

"Мисалы мурда бирден же эки күндө бир сатылчу. Азыр бул тема көтөрүлгөндөн бери жок дегенде экиден өтүп жатат. Анан Кытайдын чүпүрөгүнөн эмес, кымбат кездемеден тигилгенин алып жатышат".

26-декабрдан тарта тууну өзгөртүү боюнча мыйзам күчүнө кирди. Бул күнү өткөн аптада президент Садыр Жапаров кол койгон жарлык мамлекеттик “Эркин-Тоо” гезитине жарыяланды.

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов буга чейин тууну өзгөртүү мыйзамы качан күчүнө кирери жана анын жол-жобосу кандай болорун Фейсбуктагы баракчасына жазган.

“Мыйзам “Эркин-Тоо” гезитине жарыялангандан тарта күчүнө кирет.
Мындан тышкары, ушул мыйзамга ылайык Министрлер кабинети мамлекеттик туунун техникалык өзгөчөлүктөрүн өз токтому менен бекитиши керек. Ошонун негизинде анан жаңы желек жасалып, имараттардагы туулар алмаштырылат. Башкача айтканда белгилүү бир убакытты алат”.

Кабыл алынган мыйзамга ылайык, туунун ортосуна күндүн кырк нуру түз чачыраган алкактын ичине кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн тик бурч формасындагы кызыл кездемеден жасалат. Туунун эни анын узундугунун бештен үчүн түзөт.

Желектин сүрөтү түшүрүлгөн расмий документтердин бардык түрлөрү алардын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин колдонулат. Жарактуу мөөнөтү көрсөтүлбөгөн учурда, 1992-жылы кабыл алынган туунун сүрөтү бар документтерди тиешелүү мамлекеттик орган алмаштыруу боюнча чечим кабыл алганга чейин колдонулат.

Министрлер кабинетине үч айда өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул мыйзамга ылайык келтирүү тапшырмасы берилди.

Мамлекеттик желектерди тиккен “Кыял” ишканасы ушу тапта өзгөртүлгөн желекти даярдай элек.

Ишкананын жетекчисинин орун басары Калыбек Жапаров өкмөттөн буйрук келе электигин айтты.

Калыбек Жапаров

“Азыр бизге жогору жактан токтом келе элек. Токтом келгенден кийин жол-жоболору менен таанышкандан кийин, өлчөмдөрүн билгенден кийин жумушту башташат. Азырынча эч кандай тигүү баштала элек”.

20-декабрда Жогорку Кеңеш мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүүгө байланыштуу мыйзам долбоорун талкуусуз кабыл алган. Бул маселе коомчулукта кызуу талкуу жаратып, бир катар жарандар тууну өзгөртүүгө каршы чыккан.

Дагы караңыз "Кош болгун, кош бол, кайран туум"

Ал тапта Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков мыйзам долбоорунун кабыл алынышына байланыштуу Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиевге кылмыш ишин козгоо өтүнүчү менен Башкы прокуратурага кайрылганын билдирди.

"Мыйзам баарынан жогору болот деп ишенем жана Башкы прокуратура Конституцияда да, "Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө" мыйзамда да Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символикасына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө парламенттин ыйгарым укуктары жок экенин моюнга алат деп ишенем".

Султанбековдун бул арызы тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы жана прокуратура азырынча комментарий бере элек.

Желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун спикер Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов жазып, сентябрь айында коомдук талкууга койгон. Демилге коомчулуктун нааразылыгын жараткан. Кийин президент Садыр Жапаров экинчи Элдик курултайда демилгеси ага таандык экенин, мыйзам долбоорун жазуу сунушун спикерге өзү бергенин айткан.

Дагы караңыз HRW бийликти Жоробековдун укугун коргоого чакырды

Тууну өзгөртүүгө каршы чыгып, митинг өткөрүүгө камынган жарандык активист Афтандил Жоробеков массалык башаламандыкка айыпталып кармалып, эки айга камалды.

Human Rights Watch уюму жарандык пикирин айткан активистке кылмыш иши козголуп, камакка алынышын сынга алды.

Туунун айланасындагы талкуулар азыр деле токтой элек. Социалдык тармактын колдонуучулары пикирлерин жазып, флешмобду улантууда.