Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:53

"Кош болгун, кош бол, кайран туум"


Туунун кабыл алынган күнүндө. 3-март, 2022-жыл. Бишкек
Туунун кабыл алынган күнүндө. 3-март, 2022-жыл. Бишкек

Парламент туунун элементтерин өзгөртүүнү колдогондон кийин социалдык тармактын колдонуучулары желектин өзгөрүшүнө каршы постторду жарыялап, түрдүү флешмобдорду өткөрүүдө. Элге таанымал маданий ишмерлер, окумуштуулар да пикирлерин ачык жазууда.

"Колдой алган жокпуз

"Фейсбук колдонуучулары сүрөтчү Элнур Исаковдун “Соңку күүгүм” (Последний закат) деп аталган сүрөтүн массалык түрдө бөлүшүп, соцтармактагы өздүк баракчасынын башкы сүрөтү катары коюп алышты. Анда Кыргызстандын мамлекеттик туусундагы 40 нурлуу күн жарым жартылай тоо артына батып бараткан элеси чагылдырылган. Муну көпчүлүк 31 жылдан бери көзү көнүп, сезимине сиңип калган туу менен коштошуу катары кабыл алууда.

Сүрөттүн автору Элнур Исаков "Азаттыкка" эмгеги аркылуу эмнени айткысы келгенин билдирди:

“30 жылдан бери канга сиңип, бала чактан баштап азыркы учурга чейин сыймыктанып жүргөм. Мектепте окуп жүргөндөн баштап эле желекти тартып, кайсы жакка барсам да өзүмдүн ушундай кооз желегимди издей берем. Тилекке каршы, бул сүрөтүм аркылуу жакшынакай желегим менен коштошуп жатып, ичим ачышып турганын билдиргим келди. "Эми качан, кайдан желбирейсиң? Жалгыз калдың, сага татыктуу боло албадыкпы? Колдой алган жокпуз" деп кейип жаткан кезим”.

Сүрөтчү Элнур Исаковдун "Соңку күүгүм" (Последний закат) аттуу эмгеги.
Сүрөтчү Элнур Исаковдун "Соңку күүгүм" (Последний закат) аттуу эмгеги.


Социалдык тармактарда тууга байланыштуу флешмоб акциялар соңку эки айдан бери эле уланып жаткан. Бул арада “Туу өзгөрбөйт!” , “Желегимди жерибе!”, “Желекке тийбе!” деген хэштегдер менен пост жарыяланып келди.


Ушундай реакцияларга карабастан тууну өзгөртүу чечими батыл кабыл алынганы бул жолу акындардын да жан дүйнөсүн козгоду окшойт. Айрым калемгерлер тууга арнаган ыр саптарын биринин артынан бирин жарыялап жатышат. Акын Эрлан Жумагазиев “Туу кошок” аттуу ыр жазды:

Кош болгун, кош бол, кайран туум,
Кокуйлар колдуу жайландың!
Эсирген төбөл үн укпай,
Элимде бүгүн арман-муң!

Ыйыктык турат тепселип,
Ыйманым барат бөксөрүп.
«Кадимки туубуз – ушул» деп,
Каламбы сени эскерип?

Өзөктөн душман чыкканы,
Өзүңдү чалып жыкканы.
Элирип алган куурагыр,
Эстүүнүн кебин укпады!

Кош болгун, кайран, кайран туум!

Эрлан Жумагазиев туунун өзгөрүшүн ойлонбой жасалган жорук катары баалады:

Эрлан Жумагазиев.
Эрлан Жумагазиев.

“Эмне дешти деле билбей калдым. 30 жылдык тарыхыбызды тепсешти. Эгемендик алганда баарыбыз тааныган, "ураалап" кол чапкан туу ушул эле. Негизи эле мамлекеттик атрибут кандайдыр бир себеп болсо, же бир түзүлүштөн экинчи түзүлүшкө өткөн учурда гана алмашышы керек эле. Бирок ойлонбой туруп алмаштырып салганыбыз жосунсуз жорук болуп калды. Азыркысын көрдүк. Төрт чамгарактуу түндүк болуп калганы түшүнүксүз. Негизи кыргыз эли так санга басым жасайт. Бул муну улутубуздун философиясын, этнографиясын, каада-салтын билбеген куурагырлардын чийип чыккан эскизи деп эле түшүндүм. Күндүн тик нурлары тегерете сабиз сайып койгондой туюлду. Буга чейин көп эле айттык, эскерттик. Социалдык тармактарда көптөгөн киши каршы пикир жазып жатты. Курултайда да өзгөртпөгүлө дегендер болду. Эми түбү жакшылык эле болсо экен деп отурам. Кыскасы, айтканга сөз деле калбады”.

Ал эми акын Алтынбек Исмаилов туудан башка чече турган маселе арбын эле го деп агынан жарылып, кырмызы тууга арнаган өзүнүн ырын жарыялады.

Буга чейин коомчулук тууну өзгөртүүнү демилгелеп чыккан парламент төрагасы Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примовду катуу сындап келген.

Бирок 16-декабрда өткөн экинчи Элдик курултайдын жыйынында президент Садыр Жапаров мамлекеттик тууга өзгөртүү демилгеси ага таандык экенин айтты.

Президент сөзүнүн аягында залда отургандардан желекке өзгөртүү киргизүү демилгесин колдоп берүүнү суранган. Курултайдын делегаттарынын айрымдары кол чапканы менен, тууну өзгөртүү сунушу колго салынып, добуш берилген эмес.

Элдик курултайда сөз сүйлөгөн бир нече киши желекти өзгөртүүгө каршы экенин билдиришкен. 15-декабрда алардын бири Айтбек Курманов Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевге кайрылып, тууну өзгөртүү демилгесинен баш тартууга чакырып, андан көрө Бишкектеги райондордун аттарын өзгөртүү сунушун берген.

Сол жагында Кыргызстандын азыркы туусу, ортодогу спикер Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов сунуштаган вариант, оң тарабында парламент жактырган соңку вариант.
Сол жагында Кыргызстандын азыркы туусу, ортодогу спикер Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов сунуштаган вариант, оң тарабында парламент жактырган соңку вариант.

"Туу жыгар атка кондурду"

Журналист Гүлзина Каныбекованын мамлекеттик негизги символдун өзгөрүшү тууралуу пикирин ТикТок, Фейсбук тармагында да талкуулап, бөлүшкөндөр арбын. Анда ал "өлкө башчысы Садыр Жапаров тескерисинче элди угуп, тууга тийбей эле койсо болмок" деген пикирин айткан:

“Желек өзгөртүлгөнү калды. Садыр Жапаров инаугурациясында ошол желекти жакшынакай өөп эле президент болгон. Кечээ курултайда өз аргументтерин айтты. Анда жездесине жакпай калганын, башка бир өлкөнүн президенти туудагы күн нурун күн карамага окшоштуруп жатканын айтты. Президенттин бул аргументтери чынында күлкү келерлик. Ал өзү өлкө башчысы катары желегибиздин маани-маңызын түшүндүрүп бериши керек болчу. Эми "мен үчүн колдоп өзгөртүп берип койгула" деп отурат. Желек эч качан бир адам үчүн өзгөрбөйт, өзгөрө турган болсо кандайдыр бир идеология үчүн өзгөрүшү мүмкүн. Тескерисинче, президент Садыр Жапаров бизди угуп, тууга тийбей эле койсо жакшы болмок”.

Драматург Бурул Калчабаева Фейсбуктагы баракчасына төмөнкүдөй нааразычылыгын калтырды:

“Туу - символ. Эн тамга. Белги. Төлгө. Ким кантип ынандырды, билбейм. Ким болсо да "Туу жыгар! " атка кондурду. Бекер кылдың, иним... бекер... Туунун сүрөтү тартылган жерде жаткан алакандай кагазды тебелебей, алаканы менен сүртүп төш чөнтөгүнө салган Түрк президенти Эрдоганды көрүп суктандык эле”.

Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев туунун айланасындагы талаш-тартыштар башталгандан бери пикирин билдирип келатат. Парламент тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун колдогондон кийин ал:

“Эгемендикке эгиз болуп, анын символу болуп калган туу жыгылды, түндүк түштү. Элдин назары сынды, көңүлү сууду. Азырынча аттиң дегенден башка арга жок”, - деп жазды.

Ошол эле убакта айрым элементтери өзгөртүлгөн тууну колдогондор да жок эмес. Алар мамлекет өнүгүү жолуна жаңы кадамдарды таштаганын айтып, жаңы туунун көтөрүлүшүн каалай турганын билдирип жатат.

Соцтармактардагы нааразы пикирлер тууну өзгөртүүгө каршы чыгып, митинг өткөрүүгө камынган жарандык активист Афтандил Жоробеков массалык башаламандыкка айыпталып кармалып, эки айга камакка алынгандан кийин күчөгөндөй болду. Айрым элементтери өзгөртүлүп жаткан Кыргызстандын мамлекеттик туусу өлкө эгемендик алгандан кийин - 1992-жылы 3-мартта парламент тарабынан кабыл алынган. Тууну кабыл алган 350 депутаттын арасында Төлөгөн Касымбеков, Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев, Камбаралы Бобулов, Жалил Садыков, Эстебес Турсуналиев баш болгон адабият жана искусствонун көрүнүктүү өкүлдөрү болуп, жүздөгөн эскиздердин ичинен кырмызы тууну тандап алышкан.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

XS
SM
MD
LG