Өзбекстандын Түркмөнстандагы элчилигинин алдында ушул күндөрү түркмөндөрдүн кезек күтүп турганы кадыресе көрүнүшкө айланды.
Өзбекстанга кирип чыгууну каалагандардын негизги максаты - ал жактагы чек арага жакын шаарлардагы банкоматтарынан акча алып келүү. Анткени Түркмөнстандагы банкоматтарда нак акча жок. Түркмөн бийлиги мурдараак пенсия, жөлөк пул жана студенттердин стипендияларын банкомат аркылуу таратуу тартибин ишке киргизген.
6 миллионго жакын калкы бар Түркмөнстанда мунай менен газ мол экенине карабай карапайым калк арасында каржы тартыштыгы курч. Калктын жарымынан көбү жумушсуз.
Мындан улам элдин карталарын топтоп барып, Өзбекстандан нак акча чыгарып келүү айрымдар үчүн кадимкидей акча таап, жан бага турган кесипке айланган.
Мисалы, Ашхабад шаарынын Ширберди аттуу тургуну адатта Өзбекстанга 20 күндүк виза ачтырат. Өзүнүн жана башкалардан чогулган карталарды алып, Өзбекстанга күн алыс барып, ал жердеги банкоматтардан акча чыгарып келип элге таратып берет. Ширберди акча ташыган кызматы үчүн 200 манат алат. 200 манаттын расмий баасы 28 доллар болсо, көмүскө базарда 200 манат болгону 5 доллар турат.
- Мындан башка эмне кылалы? Ашхабадда башка жумуш жок. Айына 30-40 доллар маянасы бар жумуш сунушташат. Аны менен кантип жан багасың?, - дейт Шиберди.
Түркмөнстандагы банкоматтар өз убагында толукталбаганы үчүн жүздөгөн адам кезек күтүүгө аргасыз. Бирок акча кезекке тургандардын баарына жетпейт.
- Бүгүн "Belent" соода борборунун жанына орнотулган банкоматка кырктай адам кезекке турду. Бирок банкоматта акча жок болуп чыкты. Алар банкоматка картасын салып, жок дегенде 20 манат алууга аракет кылышты, - деди атын атагысы келбеген адам.
Түркмөнстандын Марый жана Лебап облусунда адамдар банкоматка акча түшкөнүн бир нече күндөп күтүшөт. Нак акча күтүп, банкоматтын жанында котолоп кезек күткөндөрдү полиция маал-маалы менен кармап кетет. Кармалгандарга "банкоматтын жанында котолоп турбагыла" деген эскертүү берип бошотуп коюшат.
Лебап облусундагы банкоматтарга акча салынбагандыктан андагы жашоочулар ортомчуларга кайрылууга аргасыз. Алар борбор калаада жайгашкан банкоматтардан акча алып келип беришет. Анткени айылдарга караганда борбор калаадагы банкоматтардан нак акча алуу мүмкүнчүлүгү кыйла жакшы.
Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов август айында билдирүү жасап, банкоматтарга накталай акчалар түшпөй жатканын айткан. Бирок өлкөдөгү экономикалык абалдын оорлошуп баратканы тууралуу ооз ачкан эмес. Банкоматтарга акча түшпөй жатканын техникалык маселеден көрүп, борбордук банктын башчысына сөгүш берген.
Өзбекстандын расмий маалыматына караганда 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында эле Түркмөнстандан киргендердин саны дээрлик 240 миңге жеткен. Өзбекстанга кирип-чыгуунун башкы себеби - банкоматтан нак акча алуу экенин түркмөнстандыктар деле жашырбай ачык айтышууда.
Акыркы убактарда Түркмөнстандагы баасы арзан мамлекеттик дүкөндөрдө текчелердин бош турганы кадимки көрүнүшкө айланып баратат. Айрым учурларда дүкөндөр такыр эле ачылбай калат. Нан сатып алууга чектөө киргизилген. Мунайга болгон дүйнөлүк баанын ылдыйлашынан улам Түркмөнстандын бюджетине түшчү киреше кескин кыскарып кеткен. .
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.