Президент Гурбангулы Бердымухаммедов биринчи жолу социалдык жеңилдиктерди токтотуу керектигин өкмөттүн апта башындагы жыйынында жарыялады.
1993-жылдан бери ар бир түркмөн жараны күнүнө 35 киловатт/саат электр энергияны, 50 метр куб көгүлтүр отту жана 250 литр сууну акысыз алып келген. Маркум президент Сапармурад Ниязовдун буйругунда мындай жеңилдиктер 2030-жылга чейин уланат деп белгиленген эле.
Бердымухаммедов соңку чечими менен дээрлик чейрек кылымдык бул буйрукту жокко чыгарганы турат. Түркмөн президенти жеңилдиктерди токтотуунун жол-жобосун карап чыгууну вице-премьер-министр Бяшиммырат Хожамаммедовго тапшырды:
- Мен мурда сизге айткандай, социалдык жеңилдиктер өзүн актаган жок. Мындан улам сизге аларды токтотуу боюнча сунушту иштеп чыгууга тапшырам. Жеңилдиктер чындап муктаж болгон адамдарга гана берилиши керек.
Түркмөнстанда калкка берилген жеңилдиктер авторитардык бийликтин беделине аз да болсо упай алып келип турчу. Бердымухаммедов президент болуп шайлангандан көп өтпөй 2008-жылы бул жеңилдиктерге кошумча ар бир унаа эсине айына 120 литр бензинди акысыз берүүнү чечкен. Бирок бензин жеңилдиги 2014-жылы токтогон эле.
Жакынкы жылдардан тарта бекер газ, бекер электрди токтотуу демилгелери көтөрүлө баштаган. Өткөн жылдын сентябрь айында Аксакалдар кеңешинин жыйынына катышкандардын бири “эл атынан” президентке кайрылып, жеңилдиктерди жоюуну сураган. Ал бул жеңилдиктер 90-жылдардагы кыйын учурда киргизилгенин айтып, азыр жетишкен заманда аларга зарылчылык жок деп жүйө келтирген.
Бирок байкоочулардын баамында газ, суу жана электр энергияга акы киргизүү чечими барчылыктан эмес, тартыштыктан келип чыккандай.
- Жеңилдиктердин жоюлушу – Түркмөнстан экономиканы туура эмес башкаруунун кесепетин сезип жатканын айгинелейт. Начар башкаруунун айынан газдын экспортунан түшкөн киреше бир нече эсе азайды. Эми июль айынан тарта бензиндин баасы көтөрүлөт деп айтылып жатат. Бул башка бааларга, анын ичинде азык-түлүктүн баасына таасирин тийгизет. Көптөгөн бюджеттик мекемелер марттан бери жумушчуларына айлык берише элек. Бекер газ качан токтотулаары, баасы кандай өзгөрөөрү белгисиз. Мен сүйлөшкөн түркмөнстандыктар кабатырланып турушат,-дейт Эркин Европа / "Азаттык" радиосунун түркмөн кызматынын жетекчиси Фарух Юсупов.
Бюджеттик кызматкерлер айлык күтүп жатканда түркмөн өкмөтүнүн каражаттарынын басымдуу бөлүгү кымбат курулаштарга кетип жатат. Маселен, өткөн жылы Ашхабадда 2,2 млрд долларлык эл аралык аэропорт курулду. Эң башкысы быйыл күздө өтө турган Азия оюндары үчүн өкмөт 8 миллиард доллар сарптады. Расмий маалымат боюнча, ак мармардан салынган имараттардан турган шаарларды курууга, кымбат долбоорлорго баш-аягы 50 миллиард доллар чыгымдалат деп айтылган.
"Эркин Европа / Азаттык" радиосунун түркмөн кызматынын жетекчиси Фарух Юсупов мындай шаарлар ээнсиреп турганын айтат:
- Алар элге көрсөтүү үчүн чөлдөрдө “өлүк шаарларды” куруп жатышат. Аларды “бакыттын шаары” же “кудуреттин шаары” деп атап коюшат. Бул – Советтер союзунун күлкүлүү варианты. Мисалы, өлкө аймагынын 80 пайызында калк отурукташкан эмес. Буга карабастан Аваза курорттук шаарынын жээгинде жасалма арал кургулары келет.
"Аркадаг” же “Коргоочу” деген титулу бар 60 жаштагы Гурбангулы Бердымухаммедов 2006-жылы Сапармурад Ниязов көз жумгандан бери Түркмөнстанды башкарып келет. Ал экономика туура эмес башкарылат деген айыптарды четке кагат. Маселен, апта башындагы жыйында Бердымухаммедов “глобалдык экономика солгундаганы менен түркмөн экономикасы туруктуу” деп айтты.