Түркмөн дарыгер айткан сөзүн танды

Касымберди Гараев.

Түркмөнстанда кумса экенин ачык айткандан кийин дайынсыз жоголгон 24 жаштагы дарыгер 6-ноябрда табылып,  мурдатан «Азаттыктын» түркмөн кызматына айткандарынын баарын төгүндөдү. 

Ашхабадда кардиолог болуп иштеген Касымберди Гараев «Азаттыкка» сентябрдын аягында кайрылган болчу. Ал Түркмөнстанда жыныстык азчылыктын өкүлдөрүнө карата мамилени өзгөртүш үчүн өзү ачыкка чыгууну чечкенин айткан.

Жеке коопсуздугу үчүн анын маеги Камил аттуу адамдын атынан жарыялангандан кийин өлкөдө күч органдары жаш дарыгерлерди бирден текшере баштаганы тууралуу маалымат түшкөн.

Түркмөнстанда кумсалык үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган, эки жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат.

Касымберди 24-октябрда полицияга чакырылып, андан бери дайыны чыкпай, үй-бүлөсү Ашхабаддагы үйүнөн көчүп кеткен. Шаардагы кардиология борборунда Касымберди Гараев аттуу адам иштебей калганын айтышкан. Ушундан улам «Азаттыктын» түркмөн кызматы анын өмүрү үчүн кооптонуп Гараевдин аты-жөнүн ачык жарыялоого аргасыз болгон.

6-ноябрда «анын атасымын» деп редакцияга телефон чалган Максат Гараев алар үй-бүлөсү менен жай турушарын айткан. Ошондой эле муну уулунун тагдырына тынчсызданган бардык уюмдарга кабарлап коюуну өтүнгөн.

Дагы караңыз Камил: Кумса экенимди баары билсин

Ошол эле күнү кечинде Касымберди Гараев үйүндө экенин айтып, «Азаттыктын» кызматкерлери менен маектешкенин танып, буга чейинки айткандарынын баарын төгүндөп чыкты.

Үй-бүлөсү менен ыйлап коштошкон видеону ал башка максатта тартканын, редакцияга жаңылыш жөнөтүп алганын айтты. Ал видеодо Гараев өз өмүрүнө коркунуч жаралганын айтып, жакындары менен алдын-ала коштошкон эле:

«…Мени бир жакка алып кете турушкан болсо, мен эч нерсеге күнөөлүү эмес экенимди билгиле. Мен кокустан жоголуп кетсем, мени кечиргиле. Бардыгын кабыл алгыла. Силерге зыяны тийбесин деп, мен чындыгында силерге эч нерсе айткан эмесмин. Кечиргиле мени! Мен жок болуп кетсем, жакшы сөз менен эскергиле…»

«Азаттыктын» түркмөн кызматынын директору Фарух Юсупов Касымберди менен өзү байланышта болгонун айтып, ал мурунку айткандарынан баш тартууга мажбур болгонун белгилейт.

- Биз Гараев тууралуу материалдарды сайттан албайбыз. Аны менен жеке өзүм сүйлөшүп, байланышып жүргөм. Буга чейин аны менен видео аркылуу байланыша алган эмеспиз. Ал жашыруун сүйлөшкөн. Кечээ, менин жеке оюм боюнча, аларга «Телеграмдан» видео байланышка чыгууга атайын уруксат берилген. Анткени «Телеграм» Түркмөнстанда блоктолгон. Ошондой эле видео байланышта жанында атасы анын кандай, эмне деп сүйлөөгө үйрөтүп жатканы, буга кошумча четтен бирөө көз салып турганы байкалды... Ачыкка чыгып, өз укуктарын коргоп, өз оюн айтууга толук укугу бар болчу. Ал бул укукту колдонду.

Ошондой эле Юсупов учурда Түркмөнстанда күч кызматкерлери кумса деп шек саналган, мурун айып тарткан адамдарды кайрадан суракка чакырып жатканын белгилейт.

Дагы караңыз Түркмөнстанда кумса дарыгер жоголду

Гараевдин дайыны чыкпай калгандан бери «Human Rights Watch» менен бир катар уюмдар түркмөн бийлигинен Касымберди Гараев тууралуу маалымат берүүнү, эгер ал камакта болсо тез арада бошотуп, эмне себептен камакка алынганын түшүндүрүүнү талап кылып жатышкан.

6-ноябрда Италияда сенатор Моника Сиринна Гараевге байланыштуу өкмөттү Түркмөнстандан президент Гурбангулы Бердымухаммедов баштап келаткан расмий делегацияны кабыл албоого чакырган.

Мурдатан 24 жаштагы Касымберди «Азаттыктын» түркмөн кызматына кумсалыгы үчүн полиция кызматкерлери кодулаганын, аталаш агасы аны басынтып, бир нече жолу токмоктогонун, үй-бүлөсү аны мажбурлап үйлөнтүүгө аракет кылганын айтып берген. Жыл башында Түркияга качып барып, атасы жалдаган кишилер кайтарып келишкенин баяндаган. Ошондой эле ал түркмөн президентинин коопсуздук кызматында иштеген тууганы бар экенин айткан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.