Көп жылдан бери Түркиянын Анталия шаарында кары кишини карап иштеген Гүлмира учурда айлык акы азайып, азык-түлүк жана жол кире кымбаттап жатканын билдирди.
"Түркиядагы кыргызстандык кыз-келиндердин дээрлик көпчүлүгү кары-кишилерди багып же үй кызматтарында иштейбиз. Минималдык айлык акы менен иштегендер да бар. Алар кеминде үч миң лира алып иштешет. Долларга которуп Кыргызстанга жөнөткөндө өтө аз акча болуп калат. Азыр азык-түлүк, жол кире, кийим-кече абдан кымбаттап баратат. Алты ай мурун эле арзан болгон нерселер азыр эки эсе кымбат".
Гүлмира Түркияда мыйзамасыз иштеген мигранттардын медициналык камсыздандыруу төлөмдөрү кымбат болгондуктан, ооруп калса ири сумманы төлөгө мажбур экенин да жашырбады.
"Мигранттар үчүн абдан эле кыйын болуп баратат. Мыйзамсыз иштеген мигранттар кырсыктап же ооруп калса, олчойгон акча төлөп көрүнөбүз. Медициналык камсыздандыруу жашына жараша кымбат, аны да өз капчыгыбыздан төлөөгө мажбурбуз. Жергиликтүүлөр менчик ооруканага кандай төлөсө, биз мамлекеттик ооруканага ошончо төлөп киребиз",- дейт Гүлмира.
Түркияда туруктуу жашоого уруксат алуу жараянында ар бир чет өлкөлүк жаран медициналык камсыздандыруу алууга милдеттүү. Ал мигранттын жашына жараша өйдө же төмөн болот. Түркиядагы чет өлкөлүк мигранттарга юридикалык жардам көрсөткөн «Лина глобал консалтинг» фирмасынын жетекчиси Халук Атлы жаңы жылдан баштап виза жана медкамсыздандыруу төлөмдөрү көтөрүлөрүн эске алды.
"Түркияда доллардын курсу өсүп, бирок мигранттардын айлык акысы ошол эле бойдон калууда. Ал эми виза алуу жараянында төлөнгөн сумма доллардын курсуна көз каранды эмес. Жыл сайын январда түрк бийлиги инфляцияга жараша чет өлкөлүк жарандардын виза төлөмдөрүн белгилейт. Буга чейин көргөнүбүздөй жыл сайын кымбаттап эле келатат. Жалаң эле чет өлкөлүктөрдүн виза төлөмдөрү эмес, түрк жарандарынын да паспорт алуу төлөмдөрү көтөрүлүп турат",- деп түшүндүрдү Халук Атлы.
Эл аралык валюта фондунун отчетунда түрк экономикасы 2021-жылы 5,8 пайыздан 9 пайызга көтөрүлүп, 2022-жылы дагы 3,3 пайызга жогорулары айтылган.
Деген менен быйыл Түркияда инфляция 20 пайызды түзүп, лиранын куну түшүүдө. 10 жыл мурун бир доллардын наркы эки лира болсо, азыр дээрлик 10 лирага жетти.
Бул көрсөткүч азык-түлүк, ижара акысы, коммуналдык төлөмдөр жана жол киреге да таасирин тийгизип жатат.
Эки жылдан бери Стамбул шаарында тигүүчү болуп иштеген Алтынай учурда аз маянага иштеп жатканын, тапканы эч нерсеге жетпей жатканын айтып отурду.
"Мен аз айлык менен текстилде иштейм. Колума ай сайын 2800 лира тиет. Эки жыл мурун келгенимде доллар 6 лира болчу, эми 10 лирага жакындап калды. Кыргыз кыздар менен бирге бир батирде турабыз. Азыр жарык, суу, газ, айтор баары кымбаттады. Алган айлыгыбыз жеген тамагыбыз менен батирдин ижарасына эле жетчүдөй болуп турат. Анан кантип Кыргызстанга акча которобуз билбей турам. Иштегенге жумуш көп, иш берүүчүлөр аз айлыкка көп жумуш кылдырууга көнүп алгандай",- дейт Алтынай.
Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев "Азаттыкка" берген маегинде Орусиядан түрк жергесине барган кыргызстандык мигранттардын саны өсүп жатканын айткан.
"Учурда 25 миңдей кыргызстандык Түркияда иштеп, окуп жатышат. Пандемияда бул сан азайганы менен, алардын орду башка жарандар менен толукталды. Алсак, Орусияда "кара тизмеге" түшкөндөр жана пандемиядан улам талаптар көбөйгөндүктөн Түркияга оогон мигранттардын саны көбөйдү".
Түркияда доллардын кымбатташы менен евро жана алтын да кымбаттады. Серепчилер лиранын кунунун түшүп кеткенин коронавирус пандемиясынан жаралган экономикалык кризиске байланыштырууда.
Расмий Анкара 12-октябрдан тарта акча алмаштыруу жайлардын кызматын пайдаланган ар бир жаран документин көрсөтүүгө милдеттүү экенин кабарлады.
2021-жылы 1 миллион 200 миңден ашык чет өлкөлүк жаран Түркиянын Миграция департаментинде каттоодон өткөн. Алардын 25 миңге жакынын кыргызстандыктар түзөт. Арасында үч миңге жакыны гана эмгек визасы менен иштесе, дээрлик көпчүлүгү бир жылдык туристтик виза менен келип, Анкара, Стамбул, Анталия сыяктуу шаарларда эмгектенип жатышат.