Стамбулга бөйрөк алмаштырууга келген Арген Жумабаевге апасынын бөйрөгү туура келбегендиктен, эжесинин бир бөйрөгү салынды. Дарыгерлер операция ийгиликтүү өткөнүн, бир туугандардын акыбалы туруктуу экенин билдиришти. Аргендин эжеси Айсулуу Алыбаеванын операциядан чыкканына бир канча болду, оозу кеберсип, өзүнө толук келе элек. 30 жаштагы аял менен реанимация бөлүмүндө жолукканымда эмне себептен инисине бир бөйрөгүн берүүнү чечкенин айтып берди:
- Тирүү жан болгондон кийин ар бир күнүбүздүн ырыскысы келип жатпайбы. Дарысына дары, акча табылат деген үмүтүм бар. Биринчи орунда ден соолук экен. Бөйрөгүмдү берейин десем Арген каршы чыкты. Ага айтып көндүрдүм. Сен жашсың, жашоо керек деп ынандырдым.
Адегенде Аргенге апасы донор болом деп келген. Дарыгерлер кылдат текшерип чыккандан кийин анын бөйрөгү баласына туура келбей калган. Апасы менен инисин ооруканада карайм деп келген Айсулуу өзү донор болууну чечкен. Түрк мыйзамдарына ылайык, Айсулуу донор болоордон мурда күйөөсүнөн жазуу жүзүндө уруксат алышы керек:
- Жолдошум башында "өзүң кыйналып араң жүрөсүң, жакшылап ойлон" деп айтты. Авария болдуң, кесарево менен төрөдүң, донор болгонду кантип көтөрөсүң деди. Туугандардан издесек макул болгондор чыкпады. Айла жок өзүм донор болгонго туура келди. Жолдошум каршы болгон жок.
Түркиядан даба издеген мекендештер
Айсулуу өзү Сокулукта башталгыч класстын мугалими болуп эмгектенчү. Эки баланын энеси төрт жыл мурун кесибин таштап Орусияга мигрант болуп кеткен. Иниси Арген ооруп калганда ишин таштап Кыргызстанга кайткан. Аргендин диализи менен күнүмдүк дары-дармекке кеткен чоң чыгымдары Айсулууну донор болууга түрткөн:
- Өзүм отуруп алып терең ойлондум. Аргендин реанимацияда жаткан күндөрүн, диализге акча таппай калган күндөрдү эстедим. Кайра эле байкушту томсортуп алып барып диализге салыш кыйын болду.
Арген менен Айсулуунун операциясын жасаган транспантолог Илхан Эргүн буга чейин Кыргызстандан келген бир нече бейтапты операция кылган. Анын жеке эсептөөсүнө караганда Кыргызстандан аял донорлор көп келет.
- Түрк мыйзамдарына ылайык бөйрөк алмаштырууда төртүнчү муундагы туугандарга чейин уруксат берилет. Негизинен силерден аялдар донор болуп көп келет. Азыр Айсулуунун абалы туруктуу. Арген болсо реанимацияда жатып турат.
Түркияга мамлекеттик квота менен келгендерден тышкары өз акчасына келип дарыланган кыргызстандыктардын дагы саны өсүп жатат.
"Ден соолук" деп аталган түркиялык компания Кыргызстандан бейтаптарды алып келүү менен алектенет. Анын жетекчиси Ибрагим Долапчиоглунун айтымында, донорлордон тышкары кыргызстандык бейтаптар арасында жаштар жана аялдар көп.
- Кыргызстандан көбүнчө 11-17 жана 40-55 жаштагы аял бейтаптар көп келишет. Негизинен онкология жана жасалма уруктандыруу боюнча кайрылгандар көп. Кыз-келиндердин дарыланууга көп келип жатканы өкүндүрөт.
Түркияга Кыргызстандан мамлекеттик квота менен жылына 100 бейтап келип, дарыланат. Алардын арасында онкология, сөөк оорусунан жабыркаган бейтаптар арбын.
Учурда Кыргызстанда мамлекеттин эсебинен бөйрөк оорудан жабыркаган 560 бейтап диализ алат, алардын 302сине жеңилдик берилген. Эки өлкө ортосундагы саламаттыкты сактоо келишимине ылайык, жыл сайын Кыргызстандан Түркияга мамлекеттик квота менен 100 бейтап келип дарыланат. Алардын элүүсүн Саламаттыкты сактоо министрлиги, калганын Түркия элчилиги тандап жиберет.