Бүгүн Түркиянын Азербайжан менен чектешкен Ыгдыр провинциясындагы бомба жарылуудан 12-14 полицейдин өмүрү кыйылганы кабарланууда. Бул кол салуу үчүн азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек. Бирок, Ыдгыр - күрт согушкерлери менен түрк армиясы кагылышып жүргөн аймакка коңшу жайгашкан провинция.
Жергиликтүү “Анадолу” жаңылыктар агенттигинин маалыматына караганда, бомба чек ара бекетин кайтарууга бара жаткан полицейлердин жолунда жарылган.
Мунун алдында өлкөнүн негизинен күрттөр жашаган Хаккари провинциясынынын Даглыджа деген районунда жекшемби күнкү бомба жарылуудан армиянын он алты аскеринин өмүрү кыйылып, кеминде алтоосу жаракат алган эле. Анда да жерге көмүлгөн мина жарылган. Түрк бийликтери бул окуялардын баарын терракт катары мүнөздөшүүдө.
Премьер -министр Ахмед Давутоглы кечээ Чанкая резиденциясында өткөрүлгөн пресс-конференцияда Анкара террорго каршы күрөштөн баш тартпасын, "Түркиянын тоолору террорчулардан тазаланарын, өлкөнүн тоолорунда, кыштак, шаарларында террорчуларга орун болбой турганын" убада кылды.
Ушундай эле ойду андан мурдараак президент Режеп Тайып Эрдоган айтуу менен аскерлер мина тузагына кабылып жатканына көңүл бурду:
- Бул (16 аскердин өлүмү) мина тазалоо операциясы учурунда болду. Алар аралыктан башкарылуучу миналардын буктурмасына кабылышкан. Биздин армиянын Генштабынын башчысы берген кабар абдан өкүнүчтүү. Мен террорго каршы күрөштүн жаңы стратегиясы кабыл алынат деп үмүттөнөм. Биз террорго каршы чечкиндүүлүк менен күрөшөбүз.
Түркияда, Еврошаркетте, АКШда террордук уюм катары таанылган Күрт жумушчу партиясы - ПКК согушкерлеринен бомба чабуулдарына армия абадан сокку урууларды күчөтүү менен жооп берүүдө.
Маселен, өткөн түнү армиянын 40тан ашуун аскерий учактары ПККнын Ирактын түндүгүндөгү жабыттарына чабуул жасашты.
Кыянатчылыктардын жана уруштун күчөшү өз кезегинде Түркияда күрт маселесин жөнгөрүү боюнча 2012-жылы башталган тынчтык жараянды иш жүзүндө быйыл июлдан тарта жокко чыгарды.
Узактан берки терроризм проблемасын жана түштүк чыгыштагы күрт көйгөйүн чечүү үчүн бийликтеги АК партия Күрт жумушчу партиясы - ПККнын абактагы лидери Абдулла Ожалан менен кызматташууга да барган болчу. Президент Эрдогандын айтымында, жаңжал кайра башталган июлдан бери ПККнын 2000дей согушкери жок кылынды. Ал эми түрк коопсуздук күчтөрү 100дөй адамынан айрылды.
Түштүк-чыгыштагы кыянатчылыктардын күчөшү, байкоочулардын баамында, Түркиянын “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрүштөгү ролун татаалдаштырды. Бул күрөштө Сириянын түндүгүндөгү күрт кошуундары ПКК менен өнөктөш экени белгилүү. Анкара сириялык күрттөрдүн жер ээлөөсү түркиялык күрттөрдөгү жикчил маанайга май тамызабы деп да кооптонот.
ПКК менен күрөштүн кайра жандануусу Режеп Тайып Эрдогандын “Адилеттүүлүк жана өнүгүү” партиясы парламенттеги көпчүлүктү калыбына келтиребиз деп үмүттөнүп турган учурга да туш келүүдө. Ал июндагы шайлоодо 2002-жылдан бери биринчи ирет көпчүлүктү жоготуп, бирок башка партиялар менен коалициялык өкмөт кура албаган соң мөөнөтсүз шайлоо 1-ноябрга коюлган.
Акыркы шайлоодо күрттөрдүн таламын талашкан Элдик- демократиялык партия да 10% чекти багындырып, парламентке кире алган эле. 16 аскердин өлүмүнө кыжырланган улутчулдар кечээ партиянынын жер-жерлердеги кеңселерине кол салып, эшик-терезесин талкалап, өрт коюшкан учурлар болгон.
“Zaman Today” интернет басылмасынын жазганына караганда, жалпысынан Түркия боюнча Элдик демократиялык партиянын 126 кеңсесине кол салынган.
Күрттөрдүн таламын талашкан бул партиянын саясий кеңеши өз билдирүүсүндө аскерлердин өмүрү кыйылышын айыптоо менен жатташкан тараптарды ок атышууну тезинен токтотууга, диалог жана сүйлөшүү үчүн кырдаал жаратууга үндөдү.
Ал эми оппозициядагы Улуттук кыймыл партиясы аскерлердин өлүмү үчүн жоопкерчиликти президент Эрдоганга жана АК партияга жүктөдү.