Шаршембиде жергиликтүү убакыт боюнча саат кечки төрттө шаардын чыгыш тарабындагы Картал районунда сегиз кабаттуу үй капыстан кулап түшкөндө, чаң асманга көтөрүлүп, адамдар качып баратканын көчөгө коюлган камерадан көрүүгө болот.
Кырсык болгон жерге келген Стамбулдун губернатору Али Эрликая кырсыкта жабыркагандар тууралуу мындай маалымат берди:
- Жараат алган 12 киши шаардын ар кайсы ооруканаларында, анын ичинде Картал илимий даярдоо борборунда дарыланып жатат. Тогуз адамдын абалы жакшы. Үч киши оор абалда жатат. Дагы үч киши каза тапты.
Түркиянын Өзгөчө кырдаалды жөндөө мекемесинин кызматкерлери урандынын алдында калгандарды издөө жана куткаруу иштерин улантууда. Куткаруучулар бир нече кишини аман алып чыгышты. Стамбул бийлиги 19 cааттан кийин беш жаштагы кыз аман-эсен табылганын билдирди.
Кыйраган үйдүн тегереги курчоого алынды. Бул жерде жайгашкан жети имарат бошотулуп, жашоочулар мейманканага жиберилди.
Көп кабаттуу үй эмне себептен кулап калганы азырынча айтыла элек. Стамбул шаарынын прокуратурасы кылмыш ишин козгоду. Ишти премьер-министр Бенали Йылдырым өз көзөмөлүнө алып, "күнөөлүүлөр жазасын аларын" айтты.
Стамбул шаар бийлигинин маалыматы боюнча, бул үйдөгү 14 батирде 40тан ашуун киши катталган. Стамбулдун губернатору белгилегендей, имараттын биринчи кабатында мыйзамсыз иштеген текстиль фабрикасы жайгашкан. Ал эми имараттын жогорку үч кабаты уруксатсыз курулган. Башында беш кабат деп пландалган имарат 27 жыл мурда тургузулган.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган кырсык болгон жерге ички иштер жана айлана-чөйрөнү коргоо министрлерин жиберди.
Эл аралык медиа түрк прокуратурасы иликтөө иштерине шылтап, журналисттерге окуяны чагылдырууга чектөө киргизгенин кабарлады. Жергиликтүү телеканалдар кырсык болгон жерден көрсөтүүлөрүн токтотту.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Түркиянын тарыхында сапатсыз курулган жайлардын айынан адам өмүрүн алган окуялар буга чейин да болгон. 1999-жылкы күчү 7,5 баллдык жер титирөөдө Стамбулдан 90 чакырым аралыктагы Измит шаарында 17 миңден ашуун киши өлүп, 10 миңдеген имарат кыйраган. Бул кырсыктан кийин түрк бийлиги курулуштун сапаты көйгөйлүү маселе экенин мойнуна алган.
Сапатсыз курулуштан жана коопсуздук эрежелери сакталбагандыктан, былтыр декабрь айынын акыркы күнү Орусиянын Магнитогорск шаарында көп кабаттуу үйдө газ түтүгү жарылып, 39 кишинин өмүрү кыйылды. Өткөн айда Парижде навайканада газ жарылганда төрт киши өлүп, 50гө чукул адам ооруканага түшкөн.