Израиль менен Түркия кызматташтыкты калыбына келтире турган болду. Эки тараптын мындай кадамына расмий Тель-Авивдин Анкарадан эки жыл мурдагы кандуу окуя үчүн кечирим сурашы түрткү берди.
Эки коңшунун алакасындагы дипломатиялык бурулуш АКШ президенти Барак Обаманын Жакынкы Чыгыштагы сапарына туш келди.
Израиль премьер-министри Биньямин Нетаньяху түрк өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдогандан кечиримди өткөн жума күнү Обама Израилдеги сапарын аяктап кеткенден кийин сураган.
Түркиянын тышкы иштер министри Ахмед Давутоглы ошол эле күнкү телеинтервьюсунда:
- Үч талап калган. Кечирим суроо, компенсация төлөө жана Газага киргизилген эмбаргону жоюп, өнүгүшүнө жол ачуу. Түркия Республикасы саясатты мөөнөтүнө карабай мерчемдеп, аны карманганда жыйынтыкка жетишет. Биз койгон фундаменталдык талаптарга ушул күндөрү жооп берилди.
Расмий өкүлдөрдүн айтымында, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Палестинанын Газа секторуна гуманитардык жүк тартып бара жаткан кеменин ичиндеги тогуз түрк активистинин өлүмү үчүн кечиримди телефон чалып сураган. Эрдоган аны “жалпы түрк элинин атынан кабыл алган”.
Анкаранын кыжырдануусун жана нааразылыгын жараткан кандуу окуя 2010-жылы болгон эле.
Анда блокадада турган Газа секторуна жүк тартып бара жаткан кемелер кербенине Израилдин атайын күчтөрү рейд жасаган.
Израиль ошондогу адам өлүмүнө өкүнүч билдиргени менен Түркиянын кечирим суроо жөнүндөгү талабын буга чейин четке кагып келген.
Алардын пикиринде, мындай кадам моралдык күнөөнү моюнга алгандык болмок жана аскерлерге каршы сотко доо арыз жолдонушуна жол ачмак.
Эми эки жылдан ашуун убакыттан соң Израиль тарапты кечирим суроого АКШ президенти Барак Обама ынандыргандай.
Обама өз билдирүүсүндө Израиль менен Түркия алакасын жандандыруусун кубаттап, бул “аймактык тынчтыкты жана коопсуздукту алга жылдыруу” үчүн зарыл экенин баса белгиледи.
Жакынкы Чыгыштагы сапары алкагында Иорданияга токтогон кезинде Обама өзү жаңылыкты минтип комментарийлеген:
- Алдыны көздөй иш эми гана башталды. Мен айткандай, Түркия менен Израилдин ортосунда Палестина гана эмес, башка бир катар маселелер боюнча олуттуу пикир-келишпестиктер али боло берет. Бирок алардын окшош кызыкчылыктары да бир топ. Экөөсү тең биздин күчтүү өнөктөштөр, достор. Алардын алаканы калыбына келтирүү жараянын баштаганы - АКШнын да кызыкчылыгындагы иш.
Тогуз түрк активистинин өлүмүнөн кийин Түркия Израилдеги элчисин чакыртып алган. Израиль менен аскерий кызматташтыгын да токтоткон.
Расмий Тель-Авив билдиргендей, премьер-министр Нетаньяху Эрдоган менен телефон сүйлөшүүсүндө алар тогуз активистти атайлап өлтүрбөгөнүн, алардын үй-бүлөлөрүнө компенсация төлөөгө макул экенин айткан.
“Ассошейтед пресс” агенттигинин жазганына караганда, түрк өкмөт башчысы Эрдоган жекшемби күнкү сөзүндө Израиль менен мамиленин нормалдашуусу убакытты талап кыларына токтолду.
Муну менен ал Түркия Израилдин рейд учурунда каза тапкандардын жакындары чындап компенсация аларына, Палестинанын Газа секторуна товар кириши үчүн коюлган чектөө жоюлганына ынанынууну көздөрүн ишара кылды.
Ал эми Израилдин президенти Шимон Перес түрктөрдүн СНН-ТРТ телеканалы менен маегинде буларды айтты:
- Менимче, бул өз ара түшүнбөстүккө чекит коюп, Түркия менен Израилдин ортосунда узак жылдар боюу өкүм сүргөн жакшы мамилеге кайтууну кандайдыр бир деңгээлде эки тарап тең каалады. Жалпысынан, менимче, Түркия менен Израиль дос болуусун талап кылган миңдей себеп бар. Алар дос болбош керектигинин бир да себебин таба албай турам.
Изралдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху болсо кечээ Түркия менен мамилени калыбына келтирүүгө түрткү берген башкы факторлордун бири катары Сириядагы химиялык курал менен байланышкан тынчсызданууларды атаган.
Ал белгилгендей, эки өлкө тең Сирия менен чектешкендиктен бул маселеде карым-катнаш зарыл.