НАТО уюмундагы эки өнөктөш өлкөнүн араздашуусу уланууда. Расмий Анкара Вашингтондун соңку экономикалык чараларына жооп кылып, Америкадан Түркияга ташылган автоунаа, алкоголдук ичимдиктер, тамеки, күрүч, таш көмүр жана косметикалык каражаттар сыяктуу бир нече товарга бажы төлөмүн көтөрүүнү чечти.
Президент Эрдоган кол койгон мындай декрет Түркиянын "Расмий гезитине" шаршембиде жарыяланды. Ага ылайык, жүргүнчү ташыган машинелердин бажы төлөмү 120%, ичимдиктики 140%, тамекиники 60 пайызга көтөрүлөт.
- АКШнын биздин экономикабызга билип туруп чабуул койгонуна каршы айрым продукциялардын импортуна салык көтөрүлдү, - деп жазды "Твиттерге" Түркиянын вице-президенти Фуат Октай.
Бир күн мурда президент Режеп Тайып Эрдоган Түркия Америкада чыгарылган IPhone сыяктуу электрондук жабдууларга бойкот жарыялай турганын айтып, өлкө ичиндеги лиранын арзандашы менен коштолгон кыйынчылыктарга АКШнын "экономикалык чабуулу" себеп болду деп айткан:
- Биз саясий позициябызда бекем турушубуз керек. Биз туш болгон бул чабуул экономикабыздын чыныгы абалы менен эч кандай байланышы жок. Бул маселеде башкача ниеттер бар. Андыктан биз өз позициябызды буга карата аныкташыбыз керек.
Вашингтон Түркияда үй камагында жаткан америкалык пастор Эндрю Брансонду бошотууну талап кылып, аны кармоодогу "башкы ролу" үчүн 1-августта Түркиянын юстиция жана ички иштер министрлерине санкция салган. Өткөн аптада болсо Түркиядан АКШга ташылган алюминийге бажы төлөмүн 20%, болоттукун 50 пайызга чейин көбөйтүүнү чечкен.
Мындай чаралардан кийин түрк лирасынын долларга карата курсу бир жума ичинде эле 18-20 пайызга чейин төмөндөп, өлкөдө инфляция көтөрүлүп кетти. Эки күн мурдагыга салыштырмалуу лиранын курсу бир аз жогорулаганы менен жыл башындагы көрсөткүчүнө жакындай элек.
Вашингтон Анкаранын америкалык товарларга кошумча салык киргизүү чечимине азырынча жооп кайтара элек. Бирок Мамлекеттик департаменттин өкүлү Хизер Нойерт түрк экономикасындагы олку-солку абал үчүн АКШны күнөөлөөгө болбой турганын билдирди:
- Экономисттер Түркияда болуп жаткан окуялар АКШ, анын соңку саясаты жана ар кыл механизмдерди киргизүүсү менен чектелбей турганын айта алышат. Экономикалык кыйынчылыктар биздин "Магнисткий мыйзамынын" алкагында 1-августта эки түрк жаранына санкция салганыбыздан кийин эле башталган жок.
Мамлекеттик департамент АКШ Түркияда кармалып турган пастор Эндрю Брансон баштаган бир катар жарандарды бошотууну талап кыла берерин кошумчалады.
15-августта түрк соту Брансонду үй камагынан бошотуу жана Түркиядан чыгып кетүүгө уруксат берүү тууралуу адвокаттардын арызын карап, бирок аны канааттандырган жок.
Түркияда 20 жылдан ашуун жашаган христиан пастору Эндрю Брансон 2016-жылдын октябрында Измир шаарында камакка алынып, ага "Терроризм" жана "Тыңчылык” беренелери боюнча айып тагылган.
Түрк бийлиги аны "Америкада бозгунда жүргөн түрк диниятчысы Фетхуллах Гүлендин тарапкерлерине жардам берген жана күрт жикчилдерин коргогон" деп айыптап жатат. Эгер сот аны күнөөлүү деп тапса, ал 35 жылга чейин эркинен ажырашы мүмкүн. Өзүнө тагылган айыптарды четке кагып жаткан пастор Брансон 25-июлда тергөө абагынан үй камагына чыгарылган.