Шаршембидеги соттук отурум өлкөдөн баш паанек сураган түрк аскерлеринин адвокаттарынын өтүнүчү менен 19-августка жылдырылды. Аскерлердин адвокаты Василики Илья Маринаки соттук отурум үчүн даярдыгы жок экенин айтып, кийинкиге жылдырууну суранган.
Ошондой эле Маринаки түрк аскер кызматкерлерин өз мекенине өткөрүүгө болбой турганын айтып, Түркияда алардын өмүрүнө коркунуч жаралганын билдирди:
- Түркияда кырдаал абдан өзгөрүп жатат. Эми өлүм жазасы киргизилеби? Камакка алынган он миңдеген аскерлердин тагдыры эмне болот? Алардын үй-бүлөлөрүнүн абалы кандай болот, баарын байкашыбыз керек. Абал абдан өзгөрүп жатат.
Грекияга кире качкан сегиз аскер Түркиядагы төңкөрүш тууралуу маалыматы болбогонун, алар устав негизинде командачылыктын буйруктарын аткарганын билдирүүдө. Алардын тик учагы полициянын чабуулуна кабылганда Грекияга багыт алууга аргасыз болгонун да айтып беришкен.
Ал эми грек аскер күчтөрү аларды өлкө чек арасынан мыйзамсыз өттү деген кине менен эки айга камакка алышкан.
Түркия аскерлерди төңкөрүш аракетине катышы бар жана мекенине чыккынчылык кылды деген жүйө менен грек бийлигинен аларды өткөрүп берүүнү талап кылууда. Расмий Афина болсо азырынча баш паанек берүүчү чечимин чыгаруу эрте экенин жарыялады.
Ал ортодо Түркия бийлиги "тазалоо" аракеттерин улантууда. Шаршембиде ондогон маалымат каражаттарын жабуу чечими кабыл алды. Алардын ичинде үч агенттик, 16 телеканал жана күндө чыгуучу 45 гезит бар.
CNN Тurk каналынын кабарлашынча, жалпысынан 130га жакын жергиликтүү басылма жана телеканал өз ишин токтотту.
Түрк бийлиги ишке ашпай калган төңкөрүштүн артында АКШда бозгунда жүргөн диниятчы Фетхуллах Гүлен турат деп айыптоодо. Буга байланыштуу Гүлендин тарапкерлерин террорчул уюм деп атап, ага жакын делген адамдарды камакка алып, маалымат каражаттары менен окуу жайларды жабууда. Гүлен болсо айыптоолорду четке кагып, бийликти мындай жол менен алуу аракетин өзү да сындай турганын айтып келет.
Шаршембиде Түркиянын ички иштер министри Эфкан Ала төңкөрүш аракетинен кийин 15 миң адам камалганын, алардын он миңге чукулу аскер кызматкерлери экенин маалымдаган.
Жалпысынан Түркияда кызматтан алынган жана камалгандардын жалпы саны 60 миңге жетти. Аскерлерден тышкары полиция, сот, прокуратура кызматкерлери, мугалимдер, мамлекеттик мекемелерде иштеген адамдар, журналисттер куугунтукталып жатат.
Түркия 15-июлдагы окуяларга чейин эле сөз эркиндигин чектеген өлкө катары аталып келген. Ал эми бир нече күн мурун өлкө боюнча үч айга чукул кырдаал киргизилгенден кийин Адам укуктары боюнча Европа конвенциясынын күчү убактылуу токтотулары жарыяланган.
Президент Режеп Тайып Эрдоган керек болсо өлүм жазасы калыбына келтирилерин да эскертүүдө.