Анкара АКШнын ишеничинен чыкты

F-35 учагы.

АКШ Түркияны F-35 согуш учактары үчүн жабдуу менен камсыз кылууну убактылуу токтотту. Вашингтон Анкарадан орусиялык ракета системасын сатып алуу боюнча чечиминен баш тартууну талап кылууда.

Жалпысынан F-35 маркасындагы 100 учакка тапшырык берген Анкара былтыр июнда анын алгачкы эки даанасын алган. Түркия ал согуш учактарынын айрым тетиктерин, дөңгөлөктөрүн, кабинанын дисплейлерин чыгарат.

«Учакты чыгаруу процессин камсыз кылуу аракети жүрүп жатат. Коргоо министрлиги Түркиянын ордуна тетиктерди жасаган башка өлкөлөрдү издештирүүдө», - деди Пентагондун басма сөз катчысы Чарльз Саммерс.

Дүйшөмбү күнү «Reuters» маалымат агенттиги өз булактарына таянуу менен АКШ Анкаранын орусиялык S-400 ракета системасын сатып алуу боюнча пландарынан улам конкреттүү кадамга барганын кабарлаган.

Аты-жөнүн айткысы келбеген маалымат булактарынын айтымында, F-35ти башкарууну үйрөнгөн түркиялык пилотторго машыгуучу жабдуу берүү токтошу мүмкүн.

АКШ жана анын НАТО боюнча өнөктөштөрү S-400 радары согуш учактарынын сөз болуп жаткан түрүн көзөмөлдөөнү үйрөнүшү мүмкүн деп кооптонушат.

Мамлекеттик департамент былтыр апрелде эле Түркия Москвадан ракетадан коргонуу системасын алса, анын арты олуттуу кесепеттерге алып келерин, ал түгүл санкциялар киргизилиши мүмкүн болорун эскерткен.

Сергей Лавров менен Мевлүт Чавушоглу.

2017-жылы Анкара 2 жарым миллиард долларга S-400 ракетадан коргонуу системасын сатып алуу боюнча Москва менен келишимге кол койгон.

Түркия Түндүк Атлантикалык Альянстын Орусиядан курал-жарак алуу жөнүндө макулдашкан биринчи мүчөсү болуп калды.

Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган февралда ал келишимди жокко чыгарбай турганын билдирген.

Өткөн аптанын соңунда түрк тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Орусиянын башкы дипломаты Сергей Лавров менен сүйлөшүүлөрдөн кийин Анкара Вашингтондун эскертүүлөрүнө карабай Орусиядан ал системаны сатып аларын кайталады.

Талдоочулар Түркияны F-35 программасынан чыгарып салуу эки өлкөнүн ортосундагы пикир келишпестиктерди ого бетер тереңдетет деп эсептешет. Ансыз да Анкара менен Вашингтон Сирия, Иран маселесинде, бозгундагы динаятчы Фетхулла Гүлендин айынан көптөн бери талашып-тартышып келатышат.

Сөз болуп жаткан орусиялык C-400 комплекси ушу тапта орус куралдуу күчтөрүндө гана бар. Системаны алгысы келерин Түркиядан тышкары Кытай менен Индия билдирип, контракттар түзүлгөн. Андан тышкары Сауд Арабиясы менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Түркия комплексти июлда ала баштайт деп пландалууда.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.